Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:14

ИИМ реформаны улантууга убада берди


Бишкек, 14-октябрь, 2015-жыл
Бишкек, 14-октябрь, 2015-жыл

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев алты жылдан бери бүтпөй келаткан милицияны реформалоону толук аягына чыгара турганын билдирди.

Министр эл ишенимине ээ болууну айтып, милициянын ишинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча чукул аракеттерди көрүүгө убада берди. Бирок бир катар талдоочулар реформалоо деген түшүнүктүн мааниси кеткенин белгилешип, ички иштер органдарындагы күрдөлдүү өзгөрүүлөргө көп ишенишпейт.

Алты жыл мурун үзгүлтүккө учураган маселе

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйынында алдыдагы ишмердигинин негизги беш багытын атады. Министр коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөштү натыйжалуу жүргүзүү үчүн милицияны реформалоону улантуу милдети турганын айтты.

Жунушалиев мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун тушунда иштелип чыккан реформалоо концепциясын колдой турганын белгиледи. Анда ички иштер органдары криминалдык полиция жана коомдук тартиптин сакчылыгы болуп эки бөлүктөн турары көрсөтүлгөн. Бирок кийин муну ишке ашыруу белгисиз себептерден улам токтоп калган болчу.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милициянын ишинин натыйжасын арттыруу үчүн каралган экинчи маселеге төмөндөгүчө токтолду:

Кашкар Жунушалиев
Кашкар Жунушалиев

- Биздин кызматкерлер ар бир үч жана беш жыл сайын кесиптик даярдыктан өтүп, атайын сертификат алып, келишимдик негизде иштейт. Мына ошол даярдыктан өткөн соң гана кызматкердин келишими узартылат. Анан дагы кызматкердин өзү иштеген аймактагы эл менен иштешкени дагы келишимди узартууга таасири тийет. Эгерде андагы коомчулук өкүлдөрү аталган милиция кызматкеринин ишине нааразы болсо, анда анын келишими узартылбайт.

2010-жылдагы элдик толкундоого алып келген окуядан кийин Кыргызстандагы укук коргоо органдарын реформалоо маселеси көтөрүлгөн. Ички иштер органдарына карата элдин ишенимин калыбына келтирүү үчүн анын маңызын өзгөртүү талабы коюлган. Кыргызстандын милициясын реформалоо концепциясын иштеп чыгуу үчүн ЕККУ техникалык колдоо көрсөтүү долбоорун каржылаган болчу. Бирок бул иштер кийин солгундап кетип, милицияны реформалоо маселеси кечеңдеген.

Реформа этабы менен келатабы?

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев милицияны реформалоо этабы менен жүргүзүлүп келгенин белгиледи:

- Негизинен ички иштер органдарын реформалоонун жалпы концепциясы бар. Анын бир топторун ишке ашыра баштаган элек. Анын ишмердигине баа берүүдөгү жаңы критерийлерди иштеп чыкканбыз. Мурда алар өзүнө өзү баа берсе, кийин ага коомчулук өкүлдөрү баа бере турган өзгөртүү киргиздик. Анын атын башкача кылып, түзүмдөрүн өзгөртүп коюш оңой. Маселе анын иштеп кетишинде. Жарандык коом милиция коомчулуктун көзөмөлүндө иштесин деп сындап келүүдө.

“Реформаторлордун” толкуну

Бирок коомчулукта кайсы тармак болбосун реформа деген сөз андагы тескери бир жыйынтыктын түшүнүгү катары кабыл алына баштаган. Анткени реформалоо демилгеси тескери жыйынтык берген же болбосо деги эле аракетсиздик менен коштолгон учурларга туш болгону менен белгилүү.

Талдоочу Жолдошбек Бузурманкулов буларга токтолду:

Бишкек, 14-октябрь
Бишкек, 14-октябрь

- Жалаң эле Ички иштер министрлиги эмес, жетекчилер кайсы тармакка келбесин бардыгы эле башында “реформа жасайм” дешет. Ошол реформа кана? Эмне деген жыйынтык болду? Эч ким билбейт. Реформасы бүткүчө кайра анысы кызматынан кетет, анан анын ордуна кайра бирөө реформа жасаганы келет. Анан ошентип эле чалмакейин чала бергенде болбой калат. Реформа кылбай туруп деле, мына ушул эле системаны деле натыйжалуу иштетүүнүн жолу бар.

Буга чейин коомдук тартипти сактап, мыйзамдуулукту камсыздоо үчүн Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизе турган болуп, бирок андагы ар кандай ызы-чуудан улам муну ишке ашыруу үзгүлтүккө учурап келди. Эл ишенимине ээ болууну көздөгөн милицияны реформалоо иши мына ушуну менен соңку алты жылдан бери үчүнчү ирет көтөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG