Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Жоопко тартылбаган погончондор


Элиза Заирбек кызы үйлөнүү тоюна бир апта калганда жол кырсыганан ажал тапкан.
Элиза Заирбек кызы үйлөнүү тоюна бир апта калганда жол кырсыганан ажал тапкан.

20 жаштагы кызды өлүмгө алып келген жол кырсыгын тергөөчүлөр мурда соттолгон бейкүнөө адамдын моюнуна коюуда.

Маркумдун жакындары бул ишке катыштыгы бар делген жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү ишин улантып жатканын айтып, нааразы болушууда.

Милиция кызматкерлери катышкан ушундай эле жол кырсыгы былтыр да катталып, эки жаштагы кыз майып болуп калган. Кырсыкка тиешелүү кызматкерлер кызматтан көтөрүлүп, жоопкерчиликке тартылбаганын айтып, ымыркайдын энеси “Азаттыкка” кайрылды.

Өткөн жылдын ноябрында, үйлөнүү тоюна бир апта калганда 20 жаштагы Элиза Заирбек кызы Сокулук районунда жол кырсыгынан көз жумган.

Атасы Замирбек Жумагуловдун айтымында, кызы тойго чакыруу баракчасын таратуу үчүн Токтогулдан Бишкекке келген экен.

Кылмышка шектүү делип мурда уурулук үчүн соттолуп чыккан жергиликтүү тургун Игорь Григорьев камалган. ​

Жол кырсыгына шектелип жаткан Игорь Григорьев менен укук коргоочулар жолукту
Жол кырсыгына шектелип жаткан Игорь Григорьев менен укук коргоочулар жолукту

Бирок көп өтпөй ал баштапкы көрсөтмөсүн өзгөртүп, кызды коюп кеткен машинада Чүй МАИсинде иштеген Байзак Абдылдаев отурганын, алар менен бирге Эдил деген дагы бир кызматкер болгонун, окуя болгон күнү үчөө тең мас абалда жүргөнүн айтып берген. Бул тууралуу Игордун адвокаты Динара Медетова “Азаттыкка” билдирди:

- Кырсык катталган жерден булар токтобой өтүп кетишет. Спирт ичимдиктерин ичкендиктен алар Игорь Григорьевди рулга отургузуп, жабырлануучу тараптан тосмо арыз алып берем, анча деле оор кылмыш эмес деген негизде сүйлөшүшөт. Игорь ал кызматкерлерди күтсө келбейт. Анан ал болгонун болгондой, чындыкты айта баштайт.

Жол кырсыгында каза болгон кыздын атасы Замирбек Жумагулов
Жол кырсыгында каза болгон кыздын атасы Замирбек Жумагулов

Кыздын атасы Замирбек Жумагулов үч айдан бери Улуттук коопсуздук комитети, прокуратура, Ички иштер министрлигине кайрылып, окуяны акыйкат иликтеп берүүнү өтүнүп келет. Ал окуяга чейинки жана андан кийинки жагдайлар жакшы тергелбей, жолдогу видеокөзөмөлдү көрүүгө убагында тоскоолдуктар болгонун айтты:

- Жол кырсыгына келгенде эки милицияны жашырып жатышпайбы. Сүзгөн "Мерседес" машинасынын ээси Байзак мурда Сокулукта иштеп, кийин Чүй облустук Жол кайгуул кызматына которулуп кетиптир. Андан сырткары Эдил деген милиция ал убакта башкы тергөөчү экен. Улан Чокиев деген ошол убакта Сокулук милициясында нөөмөттө болгон. Ал Эдил деген башкы тергөөчүнүн кол алдында болуп атпайбы. Ошентип иш бурмаланган. Эдилди такыр жок кылган. Ал түшүнүк кат да жазган эмес. Кийин Эдил ыкчам топко которулуп, алар ичип отурган сауна, мончо деген далилдердин баарын жокко чыгарып жатпайбы.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова, маркумдун атасы Замирбек Жумагулов, Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү жол кырсыгына шектелип жаткан Игорь менен жолугуп чыгышкан. Абдирасулованын айтымында, Игорь алданып калганын айткан.

- Игорь Чүй облустук жол кайгуул кызматында иштеген Байзак аттуу тааныш жигит менен саунага барып, чыкканда ушундай окуя болгонун айтты. Айтымы, Байзак өзүнүн карьералык өсүшүнө таасири тийип каларын айтып, Игорго кылмышты моюнуна алуусун өтүнгөн. Ага 5 миң доллар акча убада кылып, бир айда чыгарып алабыз дешет. Акча керек болгондуктан, экинчиден, карьералык өсүш жасашым керек деп жалдыраганынан макул болдум деп айтты. Кийин 150 миң сом алып келдим, кыздын ата-энесинин алдынан өтүп, тосмо арыз жаздырып келем деп айткан экен. Кийин "машинаны мен уурдап алып кеткем" деп жазып бер деп келиптир. Игорь "Мен макул болбой койгон соң акчаны да бербей, түрмөгө отургузганга аракет кылып жатышат. Чындыгында мен рулда болгон эмесмин" деп көрсөтмө берген. Машинанын ээси Байзак экен. Ошол күнү ал каякта жүргөн, окуя кандай болгону азыркыга чейин иликтенип, аягына чыкпай жатканына биз таң калып жатабыз. Бул кылмыш материалы Баш прокуратурага, андан Чүй облустук прокуратурасына андан кайра Сокулукка барып, айтор бул ишти башынан бурмалаган прокурорлор аралашып жүргөнүн байкап жатабыз.

Ички иштер министрлигинин өздүк көзөмөл кызматы бул иш боюнча арыз жаңы эле түшкөнүн, иликтөө жүрө турганын ырастоодо. Ал эми ишти тергеп жаткан облустун прокурору Рустам Рыскулов учурда тергөө жүрүп жатканын жүйө кармап, эч нерсе айта албайм деп жооп узатты.

Жол кырсыгында майып болуп калган Аруужандын энеси Гүлжан Сатылганова
Жол кырсыгында майып болуп калган Аруужандын энеси Гүлжан Сатылганова

Кылмышка погончондор катышып, бирок жоопкерчиликке тартылбаганы алгачкы окуя эмес. Буга чейин 2014-жылы Караколдо дагы жол кырсыгы катталып, андан эки жарым жаштагы Аруужан майып болуп калган. Наристенин энеси Гүлжан Сатылганованын да алты кабыргасы сынган. Ал чак түштө мас абалында машина айдаган органдын кызматкерлери эмдигиче жазаланбай, ээн-эркин жүргөнүнө кейип келет.

- Кызымдын оң колу иштебей, майып болуп калды. Айдоочу Каракол шаардык милициясынын кызматкери Александр Луценко деген жигит экен. Ичинде төрт милиционер, жетекчиси Таалай Жумамүдүнов анын орун басары жана жаш кыз бар экен. Луценко мас абалында машина айдаган деп документтерде катталган. Ал башында машинада эч ким жок болчу деди. Бирок ошол кезде видеого тартылган, анда төрт киши болгон. Луценконун жетекчиси да болгон, азырга чейин соттошуп атабыз. Луценко эле келет, берки үчөө жок. Ал тургай күбө катары да чакырылган жок. Каракол шаарында күзөт бөлүмү бар, анын мурдагы башчысы Таалай Жумамүдүнов. Биз кырсыкка учураган окуядан кийин Бишкекке которулуп, подполковник наамын алыптыр. Өкүнүчтүүсү, азыр ал эч нерсе болбогондой, жайбаракат иштеп жатат. Улам прокуратурага барам, жазам. Азыр эми кайда барарымды билбей калдым.

Жол кырсыгында майып болуп калган Аруужан
Жол кырсыгында майып болуп калган Аруужан

Гүлжан Сатылганова кызын Түркияга дарыгерге көрсөтүүгө кеткен учурда сот иши кыскарып кетет.

- Биз Түркияга кетсек, процесс болуптур, биздин адвокатты чакырбаптыр. Луценко өзү адвокаты менен келиптир дагы ишти жаап коюптур. Чечимде үч жыл өтүп кетти, моралдык-материалдык чыгым бүт төлөнүп берилген деп жазып коюптур. Окуя болгонуна эми араң 1,5 жыл болду. Чындыгында моралдык чыгым үчүн бир сом да берген эмес.

Гүлжан: жол кырсыгына орган кызматкерлери күнөөлүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

Кыргызстанда чукул арада Ички иштер министрлигин реформалоо зарылдыгы дээрлик беш жылдан бери айтылып келатат. Бирок адистер бул жаатта эч кандай жыйынтык чыкпай жатканын сындашууда. “Реформа жана анын жыйынтыгы үчүн” биримдиги жүргүзгөн анализге ылайык, сурамжылоого катышкандардын 83 пайызга жакыны ИИМде реформа болушу керектигин айтышкан. Ал эми 55,4 пайызы милицияга ишенбей турганын билдиришкен. Бул сан мурдагы жылдардан бери өзгөрө элек. Адистер анын себебин жогорудагыдай мамиледен көрүшөт.

XS
SM
MD
LG