Украинанын президенти Владимир Зеленский 8-декабрда Лондондо Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен жолукту.
Ал Кошмо Штаттардын согушту токтотуу боюнча планы бир жактуу болуп, Орусиянын пайдасына чечилип калбасын деген аракетин көрүп жатат.
Зеленский Брюсселде НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен да жолугары күтүлүүдө. Евробиримдик жетекчилери Урсула фон дер Ляйен жана Антониу Кошта да консультацияларга чакырылган.
"Согуштун башталганына төрт жыл болуп калган чакта, тынчтыкка жетүү аракеттеринин чечүүчү учурунда сизди көргөнүмө кубанычтамын. Эгер ок атышуу токтосо, ал адилеттүү жана туруктуу болушу керек", - деди Стармер Зеленскийди тосуп жатып.
Bloomberg агенттигине курган маегинде Зеленский Американын ортомчулугунда жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Донбасстагы аймактарды көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү позиция али табыла электигин айтты.
"АКШнын, Украинанын жана Орусиянын көз караштары ар башка. Донбасс боюнча бирдиктүү түшүнүк жок", - деди ал.
Андан сырткары, Украинанын коопсуздук кепилдиктери сыяктуу "өтө сезимтал маселелер" да кошумча талкууну талап кылары белгиленди.
Лондон жана Брюсселдеги сүйлөшүүлөргө чейин Украинанын жана Кошмо Штаттардын өкүлдөрү Майамиде үч күндүк сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Талкуулардын жаңы айлампасы Американын 28 пункттан турган тынчтык планы өткөн айда маалымат каражаттарына жарыяланган соң башталган. Серепчилердин айтымында ал план көбүрөөк Москванын талаптарын камтыган. Кийин бир катар жолугушуулардан кийин анда болгону 19 жобо калып, бир топ шарттары өзгөргөнү кабарланган.
Шерине