Тайланд менен Камбоджанын чек арасындагы жаңы кагылыштардан кийин дүйшөмбү күнү эки өлкөнүн чек арасына жакын айыл-кыштактардан миңдеген тургундар чукул эвакуацияланды. Акыркы атышууларда кеминде беш адам каза болуп, ондогон адам жараат алды.
Эки тарап тең атышууну биринчи баштады деп бири-бирин айыптоодо. Бул июль айында ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюлгандан берки эң олуттуу кагылышуу.
Тайланддын премьер-министри Анути Чанвиракул өлкөсү “зордук-зомбулук каалабаганын”, бирок “эгемендикти сактоо үчүн зарыл чараларды көрөрүн” айтты. Камбожанын мурдагы лидери Хун Сен болсо тай аскерлерин “баскынчылар” деп атап, жооп кайтарууга аргасыз болушканын билдирди.
Дүйшөмбүдөгү кагылышуу маалында Тайланд армиясы Камбоджа тараптан атылган окко жооп катары абадан сокку урулганын билдирди. Камбожанын Коргоо министрлиги тескерисинче, биринчи болуп Тайланд сокку урду деп айтат.
Маалыматтарга караганда, бир тай аскери жана төрт камбожалык жаран курман болгон.
Тайланд менен Камбоджанын ортосундагы 800 чакырым чек ара тилкеси көп жылдан бери талаштуу болуп келген. Акыркы жолу быйыл июлда эки тарап кагылыша кеткен.
Кийин Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим ортомчулук кылып, октябрда эки өлкө АКШ президенти Дональд Трамп катышкан жыйында тынчтык келишимине кол койгон. Камбоджа Трампты ал тургай Нобель сыйлыгына да көрсөткөн.
Эки жумадан кийин Тайланд чек арадагы мина жарылуусунан эки аскери жараат алган соң келишимди аткарууну токтото турганын билдирген.
Талаш 20-кылымдын башында, Камбоджа Франциянын башкаруусунда турган кезде чек ара чийилгенден бери уланып келет.
Шерине