Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:31

Боршайком Жылдызкан Жолдошова менен Ыргал Кадыралиеваны депутат катары каттаган жок


Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алды. Бул округдан жеңүүчү катары Жанар Акаев, Улан Примов жана Нуржамал Төрөбекованын таануу боюнча токтом долбооруна БШКнын 11 мүчөсү макул деген добуш берди.

Муну менен буга чейин аймактык шайлоо комиссиясынын чечими жактырылып, бул округдан гендердик квота боюнча алдыга чыкты делген Жылдызкан Жолдошованын кайрылуусу канааттандырылган жок.

Буга чейин аймактык шайлоо комиссиясы 8-округдагы эки тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарганы белгилүү болгон. Бирок аймактык шайлоо комиссиянын чечими белгилүү болгон соң алдын ала эсеп боюнча бул округдан гендердик квота менен алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошова соңку аракеттерге нааразылыгын айтып чыккан.

Ал ат салышкан округдан №5249 жана №5514 тилкелеринен жалпысынан 1009 добушу жокко чыгарын, муну анын парламентке келишин каалабаган айрым адамдар кылып жатканын билдирген. Ал өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Бирок Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун билдирген.
Жолдошова БШКнын чечиминен соң сотко кайрыларын “Азаттыкка” билдирди.

Бул күнү БШК талаштуу №9 округ боюнча да шайлоо жыйынтыгын бекитти. Бул округдан буга чейин гендердик квота боюнча шайлоодо алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталды.
8-декабрда Боршайком дагы бир талаш жараткан 26 округ боюнча да чечим кабыл алды. Ага чейин бул округдан жеңүүчү катары Медербек Саккараев, Эркинбек Исеналиев жана Жамийла Исаева табылды.

Буга чейин бул округда акча таратылды деген видео жарыяланып, Элдар Абакиров баштаган бир катар талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган.
БШК ушуну менен жалпы 29 округдагы шайлоо жыйынтыктарын бекитти.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG