Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

МАИчинин өлүмү табышмак бойдон калууда


Айбек Эшбаев
Айбек Эшбаев

Мындан 3,5 жыл мурда УКМКнын тергөө абагында табышмактуу жагдайда өлгөн МАИ кызматкери Айбек Эшбаевдин жакындары анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн жазаланбай жатканына нааразы.

Шаангүл Эшбаева мындан 3,5 жыл мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө абагында табышмактуу жагдайда өлгөн МАИ кызматкери Айбек Эшбаевдин жесири. Ал 2012-жылдан бери күйөөсүнүн өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланбай келатканына нааразы.

МАИ кызматкеринин өлүмү боюнча убактылуу кармоочу жайдын башчысы Бакыт Жумаев баштаган төрт кызматкерге кылмыш иши козголгон. Эшбаеванын айтымында, айыпталуучулар ишти кыскартуу үчүн сот отурумун атайын создуктуруп жатышат.

- Биринчи инстанцияда каралганда экөөнүн иши кыскарып кетти. Тергөө абагынын кызматкерлерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Анда да ишти бир жыл атайын чоюшкан. Кыйноо фактысы менен иш козголгон тергөө абагынын дагы үч кызматкерин сот актап жиберген. Биз экинчи инстанциядагы Аскер сотуна доо арыз менен кайрылганбыз. Эми айыпталуучулар же алардын адвокаттары сотко келбей, иш создугуп келет. Каякка кайрыларыбызды деле билбей калдык.

Далил буюму жок кылмыш иш...

Эшбаева кошумчалагандай, айыпталуучулардын айрымдары эч нерсе болбогондой дале мурдагы кызмат ордуларында иштеп келишет.

Жол кайгуул кызматкери маркум Айбек Эшбаевди 2012-жылдын 11-февралында кызмат учурунда жүз доллар пара алды деген шек менен УКМК кызматкерлери кармап, мекеменин убактылуу кармоочу жайына камашкан болчу. Арадан эки күн өтпөй - 13-февралда Эшбаевдин тергөө абагында асынып өлгөнү маалымдалган.

Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө убактылуу кармоочу жайдын ошол кездеги башчысы Бакыт Жумаевге жана дагы төрт кызматкерге Эшбаевдин бейажал өлүмүнө байланыштуу кыйноо, шалаакылык беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Эшбаевдердин жактоочусу Күмүшбек Ыбыкеев сот ишине 3,5 жылдан бери чекит коюлбай жатышын тергөөнүн калпыс жүргөндүгү менен байланыштырат. Анын ишендиришинче, сотто Айбек Эшбаев алды деген 100 доллар пара далил буюм катары көрсөтүлгөн эмес. Андыктан анын тергөө абагына камалышы да мыйзамсыз болгон.

- Эшбаев алды деген жүз доллардын өзү жок. Же акчанын серия номурлары жазылган эмес. Далил буюму жок кылмыш ишин козгоо мүмкүн эмес да. Анан да Айбекти өзүнүн моюн орогучуна муунуп өлгөн дешти. Экспертизанын жыйынтыгында анын мойнундагы жиптин изи шарфтыкы эмес, ичке жиптики экени аныкталган. Кыскасы ушундай суроо жараткан жагдайлар абдан көп.

Бул дооматтар боюнча айыпталуучу тараптан пикир алууга мүмкүн болгон жок.

30 жолу артка жылган сот отуруму

Аскер прокуратурасынын маалыматында бул иш толугу менен тергелип, сотко 2014-жылдын декабрында өткөрүлгөн. Андан бери сот ар кандай себептерден улам 30 жолу кийинкиге жылган.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева Эшбаеванын айткандарын төгүндөп, сот отуруму, тескерисинче, жабырлануучулардын келбей калгандыгынан улам 17 жолу жылганын айтууда.

- Жалпысынан бул иш 30 жолу кийинкиге калтырылган. Ошонун ичинен 5 жолу гана судьянын ооруп калганы себеп болгон. 17 жолу жабырлануучулар өздөрү барышкан эмес. Калган убакта прокурор же УКМК өкүлүнүн келбей калышына байланыштуу башка күндөргө которулган.

Айбек Эшбаев МАИ кызматында 20 жыл эмгектенген. Артында беш баласы жетим калды. Анын табышмактуу өлүмүнөн кийин жакындары бир нече ирет митингге чыгышып, жогорку бийликтен күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышкан. Бирок ушул кезге чейин бул ишке чекит коюлбай келет.

XS
SM
MD
LG