Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

МАИчилер митингге чыкты


МАИчилер нааразычылык акциясына чыккан учурда борбордогу жол кыймылы көзөмөлсүз калганы да айтылууда.
МАИчилер нааразычылык акциясына чыккан учурда борбордогу жол кыймылы көзөмөлсүз калганы да айтылууда.

УКМКнын тергөө абагында белгисиз жагдайда каза тапкан МАИ кызматкери Айбек Эшбаевдин жүзгө жакын кесиптеши митинг өткөрүштү.

Алар Эшбаевдин өлүмүн адилет иликтөөнү талап кылышты. Тартип сакчылардын ишин таштап, нааразылык акцияга чыгышы коомчулукта ар түркүн талкууларга жол ачты. Мыйзамда аскер жана милиция кызматкерлеринин иш таштоосуна тыюу салынган.

Митингге чыккан Бишкек шаардык жол көзөмөлдөө кызматынын 100дөн ашуун кызматкери Айбек Эшбаевдин асынып өлгөнүнө ишенбей, киши колдуу болду деп жатышат. Мындан улам алар бул окуяны ачык жана акыйкат иликтөөнү талап кылышууда.

Митинг тез эле аяктагандыктан журналисттер ал жакка барганга жетишпей калышты. УКМКнын имаратынын алдына бир аз убакыт турган соң МАИчилер ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин кабыл алуусунда болушту. Жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымат берүүдөн баш тартты. Нааразы МАИчилер да журналисттер менен алакадан качып жатышат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети МАИчилердин талабын орунсуз деп баалады. УКМК маалымат катчысы Нурлан Токталиев:

- МАИчилер адилет карагыла деп жатышат. Биз деле ошого кызыкдарбыз. Ал УКМКнын тергөө абагында өзүн-өзү өлтүргөнүн бардык экспертизалар аныктады. Биз аны адилет караганга аракет кылып жатабыз.

Тартип сакчыларынын иш таштап, нааразылык акцияга чыгышы коомчулукта ар түркүн талкууларга жем таштады. Жогорку Кеңештин депутаты Турат Мадылбеков мыйзамга ылайык МАИчилердин митингге чыгууга укугу жоктугун белгилейт:

- МАИчилердин митингге чыгууга укугу жок. Алардын коомдук тартипти сактоо милдетин аткарбай, митингге чыкканы туура эмес. Эгер кандайдыр бир талаптары болсо, алардын укугун коргоо үчүн атайын кызмат бар эле. Ага кайрылыш керек болчу.

УКМКнын тергөө абагында муунуп өлдү делген Айбек Эшбаев
УКМКнын тергөө абагында муунуп өлдү делген Айбек Эшбаев
МАИчилер нааразычылык акциясына чыккан учурда борбордогу жол кыймылы көзөмөлсүз калганы да айтылууда.

Жол көзөмөлдөө кызматынын мурдагы жетекчиси Касымбек Раимкул уулу МАИчилер аргасыз ушул кадамга барды деген пикирде. Анын айтымында, МАИчилер УКМКда белгисиз жагдайда каза болгон кесиптешинин өлүмүнүн себебин талап кылууга акылуу:

- Алар УКМКга маалымат алуу, өз сунуштарын айтуу үчүн гана барышты. Мындай маселе менен чогулуу туура эле.

Юрист Кубат Кожоналиевдин айтымында, бул акция адилеттик болооруна ишенбегенден улам укук коргоо кызматкерлеринин бийликке кыр көрсөтүүсү болуп саналат:

- Албетте мыйзам боюнча алардын кадамы туура эмес. Бирок алар айла жоктон ушуга барышты. Бизде бийлик качан болбосун, айыпкер таппай калган учурда эле бардык күнөөнү милицияга оодарышат. Мисалы, Аксы окуясында деле, 7-апрелден соң деле "погончондор" айыптуу катары чыгып келүүдө.
МАИчилердин коомдук тартипти сактоо милдетин аткарбай, митингге чыкканы туура эмес.

Түштөн кийин бул маселе парламенттин жыйынында каралды. Анда УКМКнын төрагасы Шамил Атаханов МАИ кызматкеринин өлүмүнүн себебин аныктаган экспертизанын жыйынтыгы 1 айдан соң дайын болоорун билдирди.

Бишкек шаардык жол көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаев 13-февралда УКМКнын тергөө абагында асынып ажал тапканы кабарланган. Ал пара алды деген айып менен кармалган эле. Бирок маркумдун жакындары Эшбаевдин киши колдуу болгонун, анын денесинде уруп-согуунун изи бар экенин айтышууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG