Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Милиция элдик экенин көрсөтүүгө умтулууда


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.

Бишкекте жана Ошто 8-майда “Милициянын адилет, таза иши эл үчүн” деп аталган салтанаттуу акция өткөрүлдү. Тартип коргоочулар ушундай акциялар менен элге жакындап, ишенимин чыңдап, анын колдоосун алууну максат кылышууда.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында болгон салтанатта улуу ата мекендик согуштун жана милициянын ардагерлерине куттуктоолор айтылып, милициянын кызматтык бөлүктөрү кесиптик чеберчиликтин атайын ыкмаларын көрсөтүштү, жаш инспекторлор, кыз-келиндер взводу жана башкалар болуп тизилип параддан өтүштү.

Акция ошондой эле “Милиция балдардын көзү менен” деген аталыштагы балдардын асфальтка тартылган сүрөттөрүнүн конкурсу, спорттук жана музыкалык иш-чаралар менен коштолду.

Зарылбек Рысалиев
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бул акция милицияга элдин жана жарандык коомдун ишенимин чыңдоо үчүн пландалган көп иш-чаралардын бири экенин “Азаттыкка” курган маегинде айтты.

- Эл милицияга, милиция элге ишениши керек. Милиция менен элдин ортосундагы мамилени мындай акциялар чыңдайт деп ойлойбуз.

Милициянын ишин кай жагынан караба, бүт жагында оркойгон кемчиликтер көп болуп жатканы коомчулукту беймаза кылган маселе болуп келатат.

Көчөдөгү милиция кызматкери болобу, жол тоскон МАИ инспектору болобу, бүт эле алып-жулууга кынык алган деген нааразы кепти биринчи эле жолуккан кишиден угасың.

Ал аз келгенсип милиция кызматкерлери кармаган жарандарды сабап, кыйноого алган көрүнүштөр күчөп кеткенин укук коргоочулар утур-утур айтып жатышат.

5-Майда президент Р. Отунбаева менен болгон жолугушууда укук коргоочулар ушул көйгөйдү өзгөчө бөлүп айтышкан болчу.

“Эркиндик үнү” укук коргоо уюму жарыялаган маалыматтарга карасак, акыркы беш жылда тартип коргоочулар кыйноо көрсөткөндүгү жөнүндө жарандардан прокуратура органдарына 778 арыз түшкөн. Бирок прокуратура түшкөн арыздарды үстүртөн текшерген үчүн кыйноо фактылары боюнча 91 кылмыш иши козголуп, калгандары каралган эмес.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңеште берген отчетунда 2010-жылы 97 кыйноо факты катталып, прокуратура 70 иш козгогонун, бирок соттордун “сокур” иштеринин айынан бир гана тартип коргоочу жоопко тартылганын айткан эле.

Кыйноо фактыларына тартип коргоо органдары жоопкерчиликтүү карабай жатканын Сокулук районунун тургуну Бекболот уулу Көчкөнбайдын башына келген окуя даана көрсөтүп турат. Милиция кызматкерлери аны компьютер уурдады деген шек менен кармап, милиция бөлүмүнө алып барып, байлап коюп, кылмышты мойнуна алдырыш үчүн таяк менен уруп сабаганын Көчкөнбай “Азаттыкка” өзү айтып берген эле.

Көчкөнбай милиция кызматкерлеринин уруп сабаганы жөнүндө прокуратурага арыз бергенин, бирок ишти жаап салууга көп аракет болуп жатканын, ошондой эле уруп-сабалгандан кийин саламаттыгы начарлап, башы ооруп, мурду бат-бат канап, эмгекке жарамсыз болуп калганын билдирген.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев милиция кызматкерлери кармаган жарандарды уруп сабаган фактылар жөнүндө сын-дооматтардын негизи бар экенин танбайт, бирок мындай арыздардын көбү текшере келгенде далилденбей калып жатканын да белгилейт.

Кыргыз милициясынын ишин реформалоо боюнча айтылуу Аксы трагедиясынан кийин башталган иштердин жүрүп жатканына мына сегиз жылга кетти. ЕККУнун каржылык колдоосу менен 2008-2010-жылдары жүргүзүлгөн милицияны реформалоо программасында да тартип коргоочулардын эл менен иштөө деңгээлин жакшыртууга, кесиптик даярдыгын күчөтүүгө орчундуу көнүл бурулган. Бирок байкоочулардын баамында реформалык иш-аракеттердин оң натыйжаларын коомчулук көрө элек.

2005-жылдагы, 2010-жылдагы бийлик алмашкандагы тополоң-тоз окуялар кыргыз милициясын моралдык алсыроого, чүнчүүгө алып келди. Убактылуу өкмөт кыйчалыш шартта милицияны шал болуп калган абалдан чыгаруу үчүн эң биринчи алардын эмгек акысын көтөргөн.

Ички иштер тармагынын жетекчилери милиция эми элге карамдуу иштейт деп кезектеги реформанын план-программасын жарыя кылышууда. 2011-2015-жылдарга карай ички иштер органдарынын ишин өнүктүрүү концепциясында Грузиянын, Түркиянын тажрыйбасынын алгылыктуу жактарын алуу каралган.

XS
SM
MD
LG