Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Курсан Асанов: Ошто туруктуулукту камсыз кылууга күчүбүз жетет


Курсан Асанов Жогорку Кенеште депутаттык мандатын тапшырып жаткан учур, 21-аперль.
Курсан Асанов Жогорку Кенеште депутаттык мандатын тапшырып жаткан учур, 21-аперль.

Ички иштер министринин орун басары айрым күчтөр өлкөгө дагы бир жолу тополоң салууга аракет кылышы ыктымал деп эсептейт.

Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары болуп жаңы эле ишке киришкен Курсант Асановду кабарчыбыз кепке тартты.

- Курсан мырза, сиз депутаттык мандатты таштап кайрадан ички иштер кызматына өттүңүз. Эмне үчүн ушундай кадамга бардыңыз?

- Элиме жакындан жардам берүүнү туура таптым. Бардыгын стабилдүүлүк туруктуу болот деп ишендирип кетээр элем. Карапайым калк эми эч качан чагымчылардын же үчүнчү күчтөрдүн тилине кирип, араздашпайт. Өкмөт башчы былтыркы июнь окуясынын жылдыгына карата ушундай чечим кабыл алды. Мен дагы аны толук кубаттадым.

- Президент Роза Отунбаева Ошко акыркы жолу сапарлаганда түштүктө кырдаал жазга маал дагы курчуп кетиши ыктымал дегендей айтты эле. Дегеле сиз азыркы саясий, чек ара, диний жана мыйзамсыз маңзатка байланыштуу кырдаалга кандайча баа берээр элеңиз?
“Чөөнүн сааты” кинотасмасы жана китептери боюнча айтсак, муну бизге көзү түз эмес адамдар тарттырып, бастырган. Жөнөкөй кыргыздар жана өзбектер азыр эч бир жаңжалды каалашпайт.

- Менимче, өлкө президенти куч түзүмдөрүнүн маалыматына таянды өңдөнөт. Ушул тапта кырдаал кыйла туруктуу. Мен дагы алгачкы жумуш сапарымды Тажикстандын Согди облусунун ички иштер органдарынын жетекчилери менен жолугуудан баштадым. Чек ара маселелерин орой-чарай талкууладык. Ал чынында дале татаал бойдон калууда. Буга улай премьер-министр Алмазбек Атамбаев да өзүнчө жыйын өткөрүп, өкмөт делимитация жана демаркация ишин жандандырды. Ал эми диний кырдаалга токтолсом, мен жул берге дайындалганга чейин эле министрликтин алдында 10-башкармалык ачылган. Бал жаатта учурда оперативдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Биздин эң башкы багытыбыз – уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү. Ошол эле убакта маңзаттын дагы жолун тороо болуп эсептелет. Анткени уюшкан кылмыштуулуктун акыр-түбү маңзат менен тыгыз байланышкан. Мен ойлойм, мындан ары бул күрөш ырааттуу түрдө жүргүзүлөт.

- Ушул тапта журт ичин уу-дуу кылып жаткан «Чөөнүн сааты» видеотасмасы жана бир катар китептер жакында эле Оштогу компьютерлерди оңдоочу кеңселердин биринен табылды. Айрымдар мындай адабияттар дале жашыруун таркалып жатат дешет. Бул кимдир бирөөлөрдүн эки улут ортосуна от жагуу аракетиби же чет өлкөлөргө качып кеткен лидерлердин чагымчыл далалатынын уландысыбы?

- “Чөөнүн сааты” видеосюжеттерин жана китептерин таркатып жаткан адамдар милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Алар андан ары тергөө үчүн Ош облустук Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилген. Учурда аны кимдер уюштуруп жаткандыгы, материалдар каяктан келип аткандыгы жана кантип таратылып жаткандыгы багытында иш-чаралар күчөтүлдү. Ага чындап тиешеси бар кишилер кармалган, ар бир жагдай учурда терең териштирилип жатат.

- Айтсаныз, Кыргызстандын күч түзүмдөрү не себептен Ош коогалаңын уюштургандарды эмдигиче кармай албай жатышат, буга кандай жагдайлар тоскоолдук кылууда?

- Чындыгында, Ош коогалаңынын жыйынтыгын жалпы эл чыдамсыздык менен күтүп жатат. Убактылуу өкмөттүн корутундусун убагында Жогорку Кенеште караганбыз. Андан кийин ар фракциядан бештен депутат курамына кирген парламенттик комиссия түзүлүп, комиссияга мен дагы убагында мүчө элем, бул ишти терең талдап, териштирген. Ал жакын арада парламенттин талкуусуна коюлаарына ишенем. Анан “Чөөнүн сааты” кинотасмасы жана китептери боюнча айтсак, муну бизге көзү түз эмес адамдар тарттырып, бастырган. Жөнөкөй кыргыздар жана өзбектер азыр эч бир жаңжалды каалашпайт. Алар мамлекетибиздеги стабилдүүлүктү жана эл арасындагы тынччылыкты гана самап турушат. Ошондуктан жанагындай чагымчылар эртедир-кечтир Кудайдын алдында жооп беришет. Ал эми мыйзамдын алдында сөзсүз жоопко тартылышат. Буга болгону убакыт гана талап кылынат.

- Курсан мырза, сиз Социал-демократиялык партиянын алдынкы сабында жүрөсүз. Ошондуктан сиздин бул жооптуу кызматка дайындалганыңызды айрымдар күздө боло турган президенттик шайлоого тыгыз байланыштырып жатат. Сиздердин партиянын башчысы Алмазбек Атамбаев да президенттик таймашка катышат экен, ошондуктан Ошто өз позициясын ушинтип бекемдеп жатат деген сөздөр тарады. Буга эмне демекчисиз?

- Мен чындап эле Социал-демократтар партиясынан депутат болуп шайлангам. Адегенде өкмөт башчы өзү бул кызматты сунуш этти. Бирок мен азыркы кырдаалды көңүлгө бек түйүп, ошондой эде жакында июнь коогаланынын жылдыгы белгиленет, ошондо дагы бир жаңжал чыгып кетпесин деп ушундай сунушту кабыл алдым. Мыйзамга ылайык, ар бир адам мамлекеттик кызматка барабы, же күч органдарында иштөөгө жөнөтүлөбү, партиядан сөзсүз чыгат.
«Чөөнүн сааты» китепчелеринин жана видеофильмдердин таратылышы жөн жеринен эмес. Үчүнчү күчтөр дейбизби же өлкөбүздө башка арам ойлуулар барбы, ошолор жөн жатпай эл арасында ар кандай ушак-айын таратып, дагы бир тополоң уюштурууга аракет кылышы ыктымал.

Чынын айтайын, мага жанагындай президенттик шайлоого байланышкан көрсөтмө болгон жок. Муну Алмазбек Атамбаев сүйлөшүү учурунда суранган да жок. Ал киши менин мойнума «Коопсуздукту камсызда жана июнь кооогалаңынын жылдыгын жакшылап өткөрүп бер!» деген гана милдетти такты. Айтып коюм парз, менин кесиптештерим ошол коогалаңды басууга жана өлкөбүздө стабилдүүлүктүн тез орношуна өтө чоң салым кошушту. Ошентсе да, беш кол тең эмес да. Кээ бир кесиптештерибиздин туура эмес мамилесинен улам башка улуттун өкүлдөрү арасында наразычылыктар көбөйүп кеткен. Ошондуктан, алар аргасыздан өлкө башчысына жана бир катар эл аралык уюмдарга даттанышкан.
Мен бул жердеги алгачкы иш күнүмдөн баштап кызматкерлер арасында темирдей тартип орношуна кызыкдар экенимди жар салдым. Улутуна, кай жерлик экенине жана кандай кызматты аркалаганына карабастан бардык жарандарга бирдей мамиле жасалууга тийиш. Биз бирибиз экинчибизди алдаганыбыз менен, Кудайды алдай албайсың. Өкмөт башчы менен сүйлөшкөнүбүздө, эч кандай президенттик шайлоо жөнүндө сөз болгон жок. Болгону өлкөнүн бүтүндүгү жана экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсү үчүн түштүк жергесинде бейпилдикти туруктуу камсыз этүүмдү суранды. Мен деле ушул ойдомун.

Ал эми «Чөөнүн сааты» китепчелеринин жана видеофильмдердин таратылышы жөн жеринен эмес. Үчүнчү күчтөр дейбизби же өлкөбүздө башка арам ойлуулар барбы же ошондой эле мурунку бийликтин саркындалары дейбизби, ошолор жөн жатпай эл арасында ар кандай ушак-айын таратып, дагы бир тополоң уюштурууга аракет кылышы ыктымал. Ошондуктан, жергебизде жашаган сексенден ашык улуттун жардамы аркасында, алардын ынтымакчылыгы жана эриш-аркак иштөөсү менен жанагындай күчтөрдүн арам тилектери таш кабаарына мен терең ишенем.

- Курсан мырза, бул ирет ички жана тышкы арам ойлуу күчтөргө өз убагында сокку урганга ички иштер органдарынын кудурети жетээр бекен?

- Тышкы агрессияга коргоо министрлиги жетиштүү сокку урууга даяр. Ал эми ички баш аламандыкты чыгарбоо, ошондой элде жарандар арасында коопсуздукту камсыз кылуу максатында жакын арада бизде машыгуу жүрөт. Ага алыс-жакындан сегиз-он мамлекет катышаары күтүлүүдө. Буга улай өзүбүз дагы чоң машыгууларды өткөрүүнү ниет кылып жатабыз. Учурда план-иш мерчемдер талкууланып жатат. Былтыркы июнь коогаланында, эсиңерде бардыр, чындыгында, бизден айрым олуттуу катачылыктар кеткен. Албетте, тоз-тополоңдун алдын алган эмеспиз. Менимче, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери көп нерсени чечет эмеспи. А азыр кандай гана кырдаал болбосун ыкчам аракет жасайбыз. Ошол эле учурда андан бир дагы адамдын башынан бир тал чач түшпөшүнө аракет кылабыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG