Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Чагымчыл китептин таржымалы


“Чөөнүн сааты” китебинин ичиндеги сүрөттөн.
“Чөөнүн сааты” китебинин ичиндеги сүрөттөн.

“Чөөнүн сааты” деген аталыштагы июнь окуясына байланышкан китеп видео тасмасы менен бирге жарык көрдү.

Жогорку Кеңештин депутаттары укук коргоо органдарынын жетекчилерине мындай чагымчыл китепти басып чыгаргандарды аныктоону тапшырды. Жүз жыйырма беттен туруп, мазмунун ар кандай сүрөттөр жана баяндамалар түзгөн ал китептин мукабасында чөөнүн элеси түшүрүлгөн. Орус тилинде жарыяланган бул басылманын авторлору жана кайсыл өлкөдө басылып чыгарылгандыгы көрсөтүлгөн эмес.

Китептин артында ким турат?

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, анда өткөн жылы июнь айындагы этникалык кагылышты өзбек тектүү жарандарга карата жасалган кыргын катары берүүгө далалат жасалган.

Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Токон Мамытов Кыргызстандын бийлиги буга кайдыгер экендигине таң калуусун жашырбады:

- Аябай түстүү кылып Финляндиядан чыгарылыптыр. Эми ошондо бүтүндөй бир улуттун атына көө жаап, аларды чөө, жырткыч катары сүрөттөп беришкен. Мында кимдин кулагы көрүнүп тургандыгы байкалып эле турбайбы. Бул ошол Кадыржан Батыровдун жана анын санаалаштарынын кылып жаткан иши. Эмне үчүн биздин атайын кызматтар, башкы прокуратура жана тышкы иштер министрлиги буга тиешелүү чара көрбөй жатышкандыгына таң калып жатам.

Бул китепти басып чыгарууга буюртма бергендер кимдер болушу мүмкүн экендиги боюнча түкшүмөлдөр менен Кыргызстандагы айрым өзбек тектүү саясатчылар да макул. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бөрүбай Жураев муну чагымчыл аракеттерди жайылтууга кызыкдар күчтөр сырттан туруп алып уюштуруп жатат деп эсептейт:

- Душмандар ичибизде да сыртта да көп. Ушул нерсени кайра козгоп, айыгып бара жаткан картты сыйрып кырдаалга таасир эткиси келген адамдар да болсо керек. Азыр мына ошол кайгылуу окуянын бир жылдыгын тынч-аман өткөрүшүбүз керек. Биз өзбек маалелериндеги жолугушууларда да айтып жатабыз “койгула эми, мына көрдүк алардын кесепетин, карапайым эл жабыркап, ишти кылып койгон, ал акчасы көп адамдар качып кетишти” деп калкты биз ынсапка чакырып жатабыз.

Күдүк ойго түрткөн күмөн саноолор

Басылмада июнь окуясында аскерлерден тартылып алынган курал-жарак жана аскер техникасы боюнча документтердин мазмууну жарыяланган. Анда талоончулардын колуна түшкөн миңден ашуун курал-жарак жана аскер техникасы өзбек кварталдарын талкалоо үчүн колдонулган деп көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошова тартылып алынган куралдар боюнча маалыматтар эл аралык иликтөө комиссиясына гана берилгендигин айтып, аны белгисиз авторлор башка жактан алууга мүмкүнчүлүгү жок болчу деген божомолун ортого салды:

- Ош окуясындагы иликтөө иштеринин жүрүшүндө топтолгон материалдардын өздөрүнө ыңгайлуу жагын бир тараптуу кылып көрсөтүшкөн. Эки улутту кайраштырууга багытталган бул китепте кээ бир расмий маалыматтар бурмаланып колдонулган.

Кыргызстанга жасалган маалымат чабуулубу?

Ошондой эле китепте июнь окуясында эки миңден ашуун өзбек тектүү жарандар жараат алып, кайтыш болгондугу айтылат. Кыргыздардын арасындагы адам курмандыктары жөнүндө мисалдар келтирилген эмес. Мындан сырткары июнь окуяларына тиешеси жок эле Чүйдүн Маевка, Искра жана Петровка айылдарында орустар, түрктөр, дунгандар жана күрддөр улутчулдуктун курмандыгы болгондугу боюнча бурмаланган жана аша чапкан маалыматтар жазылган.

“МКА- Азия” гезитинин баш редактору Улукбек Бабакулов муну чагымчыл маалымат чабуулу деп айыптап, ага бийликтин окуядан кийин абалды жөнгө салуудагы алсыз аракеттери негиз болду деп эсептейт:

- Биз бул китепке кимдер буюртма берип жаткандыгы боюнча мурда жазганбыз. Алар эми ошол июнь окуясында максатына жетпей калган адамдар, ичтери ачышып, жөн олтуруша алышпай Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка жаманатты кылууну каалап жатышат. Мындай чагымчыл китептерге эч ким көңүл бурмак эмес. Эгерде бийлик июнь окуяларынын кесепеттерин жоюу боюнча алгылыктуу иштерди алып барганда. Мүлктөрдү басып алууну токтотууда жана сот жараяндарын калыс уюштурууда бийликтин алсыз болуп жаткандыгы мына ошондой жалган жалаага негизделген чагымчыл китептердин маанисин жогорулатып койот.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын айтымында, аталган китеп учурда Россияда, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында жана Европада бир нече тилдерде басылып, таркатылып жаткандыгы боюнча маалыматтар бар. Бирок бул басылма боюнча Кыргызстандын бийлиги өзүнүн расмий комментарийин билдире элек.
XS
SM
MD
LG