Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

УКМК менен милициянын чыры калк назарында


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана бул окуяга тиешеси жок
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана бул окуяга тиешеси жок

Кыргызстанда улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен милиция кызматкерлеринин ортосунда жаңжал жумурай журттун бүйүрүн кызытты, өлкө башчысы Атамбаев окуяны чукулунан териштирүүнү тапшырды. Күч түзүмдөр ортосундагы тирештердин себептерин жана чечүү жолдорун “Азаттык” “Арай көз чарай” отуруп талкуулады.

Талкууга ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов, мурдагы ички иштер министри, генерал-майор Болотбек Ногойбаев жана “Реформа жана натыйжа үчүн” жарандык союзунун өкүлү Атыр Абдрахматова катышты.

"Азаттык": - Болотбек мырза, бул тармакта көп жыл иштегенсиз. Азыр күч органдарынын бири-бири менен тиреши, керек болсо элди дүрбөтүп, асманга ок атканга чейинки учурлары кез-кезде кайталанчу болду. Бул маселенин түпкү себептери эмнеде болуп атат?

Ногойбаев: - Бул эми уят нерсе болду, бирок мунун экинчи жагы да бар. Коом ушинтип тазаланат. Бирин-бири көзөмөлдөп, туура эмес иштерин ачыкка чыгарганы нормалдуу көрүнүш. Мурда “Карга карганын көзүн чокубайт” болуп, бири-бирин коргоп калышчу. Бирок жанагындай мушташтарын токтотушу керек, мыйзам чегинде жетекчилер чогуу-чаран сүйлөшүп, туура же туура эмес экенин сот чечиши керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Абдрахматова: - Мен Болот мырзанын пикирине кошулбайм, анткени жарандардын укугун коргой турган кызматкерлер өздөрү менен өздөрү тирешип жүргөнү туура эмес. Кылмыштын үстүнөн кармаса, каршылык билдирип жатышат. Булар мыйзамды сактабай отуз-кырктан болуп мушташып жатышса жөнөкөй жарандардын укугун кантип сакташат?

Абдраимов: - Бул жагымсыз окуяга саясий боёк сүртүп, эл алдына алып чыга турган деле проблема эмес чындыгында. УКМК менен ИИМ талаша тургандай атасынан калган кек да жок бул жерде. Бул жөн гана пикир келишпестик.

Ногойбаев: - Милицияга сын көп айтылчу болду, бирок милиция деле биздин балдар. Четтен келген эч ким жок. Элибиз кандай болсо милициябыз так ошондой болот.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG