Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Күч органдары кайрадан тирешти


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана бул окуяга эч тиешеси жок.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана бул окуяга эч тиешеси жок.

Бишкекте 12-апрелде кечинде УКМК менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Расмий маалыматтарга ылайык, атылган октон бир милиционер жараат алып, УКМКнын кызматкерлери ур-токмокко алынган. Окуянын чыгышына эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатышат.

Чекисттер менен милиционерлер ортосундагы чыр жума күнү көз байланган учурда Бишкектин чок ортосундагы Горький-Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

УКМКнын расмий өкүлү Тилек Чокморовдун “Азаттыкка” билдиришинче, дал ушул жерде аталган органдын алдындагы коррупцияга каршы кызматтын ыкчам тобу Бишкектин тургунунан 20 миң сом пара алып жатат деп шектелген Свердлов райондук милициясынын Эркин Мамбеталиев жана Тилек Сарбашев аттуу кызматкерлерин кармашкан.

Операция учурунда аталган милиция кызматкерлери каршылык көрсөтүп, окуя болгон жерге өз кесиптештерин чакырууга үлгүргөн. Натыйжада эки топтун ортосунда тиреш орун алып, чатак чыккан:

- Бул кызматкерлерди кармоо учурунда бир катар милиция кызматкерлери каршылык көрсөтүштү. Алар кармалгандарды бошотууга жана кылмышка далил заттарды алып кетүүгө аракет кылган үчүн УКМКнын кызматкерлери өзүн-өзү коргоо максатында асманга эскертүү иретинде ок чыгарган. Бул октон эч ким жаракат алган жок.

Чокморовдун айтымында, атайын кызматтын ыкчам тобу кылмышка шектелген эки милиционерди УКМКнын тергөө абагына камаган. Андан соң кармалган милиция кызматкерлеринин Свердлов РИИБдеги кызматтык бөлмөлөрүн тинтүүгө алган. Чокморовдун маалыматына ылайык, тинтүү учурунда да аталган имаратта белгисиз жагдайда электр жарыгы өчүрүлүп, 30 чакты адам УКМКнын кызматкерлерин ур-токмокко алышкан:

- Ошол эле күнү кармалган милиция кызматкерлеринин Свердлов РИИБдеги кызматтык бөлмөлөрү тинтүүгө алынды. Бирок тинтүү учурунда милиция кызматкерлери кайрадан күч колдонуп, каршылык көрсөтүшүп, тергөө амалдарына тоскоолдук кылышкан. Мунун жыйынтыгында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери денесинен жаракат алып, бир кызматкер ооруканага жаткырылды.

Анткен менен Бишкек шаардык милициясынын өкүлдөрү атайын кызматтын мындай маалыматы чындыкка коошпойт деп, окуя тууралуу өз версиясын билдирүүдө. Шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” кабарлашынча, УКМКнын кызматкерлери милиционерлерди кармоо учурунда мыйзамсыз күч колдонуп, ок атышкан. Атылган ок Чыңгыз Исабеков аттуу милиция кызматкерине тийип, ал учурда ооруканада жатат:

- Коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери, ыкчам топтун жардамы менен биздин кызматкерлердин машинесин тинтип, жерге жаткырып, эч кандай күбөлөрсүз эле өз аракеттерин башташкан. Ошол көчөлөрдүн кесилишинде тыгын пайда болуп, айланадагы кафелерде отургандардын баары чогулуп, УКМКнын кызматкерлерине нааразылыгын билдиришкен. Ал жерде УКМКнын кызматкерлеринен 15тей, ал эми милиция кызматкерлеринен 7-8 эле болгон. Дал ошондой шартта УКМКнын кызматкерлери ок чыгарышып, Свердлов РИИБнин кызматкери Чыңгыз аттуу жигит колунан жараат алыптыр. Ал азыр ооруканада.

Ошол эле учурда Бакыт Сеитов милиция кызматкерлери Свердлов РИИБде тинтүү жүргүзүп жаткан чекисттерди ур-токмокко алган деген маалыматты да четке какты:

- УКМКнын төрт кызматкери Свердлов РИИБсине келип, иш бөлмөлөрдү тинтүүгө аракет кылышыптыр. Бирок райондук милициянын башчысынын орун басары тинтүүгө уруксат алуу үчүн ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына телефон чалып, макулдашканча УКМКнын кызматкерлери кетип калышкан экен. Аларга эч ким кол көтөргөн эмес.

Сеитов кошумчалагандай, коррупцияга шектелип камалган кызматкерлердин бири Тилек Сарбашев бүгүн эртең менен бошотулду. Камактан бошотулган кызматкер да тергөө абагында сабалганы үчүн ооруканага жаткырылды.

Ал ортодо бүгүн бул окуя боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев күч органдарынын жетекчилеринин катышуусунда чукул жыйын өткөрдү. Анда өкмөт башчы күч органдарынын мындай аракетин сынга алып, окуя боюнча тергөө бүткөнчө Свердлов райондук милициясынын жетекчисин кызматтан алууну тапшырды. Жыйындын жүрүшү тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов:

- Премьер-министр жарандардын укугун коргоочу эки органдын тирешүүсүнүн арты жакшы болбой турганын айтып, бул окуяга күнөөсү бар кызматкерлерди катуу жазалоону буйруду. Бул иштин тергелишин өкмөт башчы өзү көзөмөлдөйт.

Башкы прокуратура бул окуяга укуктук баа берилээрин, учурда окуя иликтенип, кылмыш иш ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын кабарлады.

Бул окуя күч органдарынын ортосундагы тирешти ашкерелеген алгачкы окуя эмес. Буга чейин деле эки органдын кызматкерлеринин чыры тууралуу байма-бай айтылып келген. Адистер мындай чатак таасир талашуудан чыгып жатканын айтышат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG