Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

ИИМ ичиндеги кылмыштуу топ аныкталды


Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн имараты.
Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн имараты.

ИИМ өлкөдөгү чет элдик ишкерлерди тоноп жүргөн делген милиция кызматкерлеринен турган топ ашкереленгенин жарыялады.

Ал ортодо министрлик ичинде тирешүүлөр уланып жатканы айтылууда. Өткөн апта соңунда министр Шамил Атахановдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы боюнча кеп тарап, бирок ал маалымат тастыкталган жок.

Ичтен тазалануу жүрүп жатабы?

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта милиция кызматкерлеринен куралган кылмыштуу топ январдын аягында ашкереленген. Бул топтогулар милициянын күбөлүгүн колдонуп, Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк ишкерлерди тоноп турган.

Министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов окуя тууралуу кыскача айтып берди:

- Бул кылмыштуу топтун курамында ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыгынын кызматкери, капитан Медер Атагулов, ИИМдин адистештирилген күзөт башкармалыгынын кызматкери, ага сержант Бакыт Исаков жана мурда соттолгон Бактыбек Чилов аттуу адамдар болуп чыкты. Учурда бул адамдарга “кызмат абалынан ашыкча пайдаланган” жана “талап-тоноо” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Жоробай Абдраимовдун айтымында, милицияны ичтен тазалоо иштери улана бермекчи.

Ал ортодо азыркы министр Шамил Атахановго байланыштуу уу-дуу кептер али басыла элек. Өткөн апта соңунда ички тирештен улам Атахановдун кызматтан кеткени парламент трибунасынан айтылып, бирок ал маалымат тастыкталган жок.

Министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов ички тирешти күчөтүүгө кызыкдар күчтөрдүн бар экенин четке каккан жок:

- Шамил Атаханов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган эмес жана жазбайт дагы. Ал эми ИИМдин ичинде моралдык-психологиялык абал бузулду, тиреш жүрүп жатат деген сөздөр кимдир бирөөлөрдүн ойлоп чыгарган эле сөздөрү. Мындай сөздөрдү чыгарган ИИМдин ичинде бийликке умтулган күчтөр бар окшобойбу. Бийликке умтулуп, министр болом деген же жаңы министрдин келиши менен майлуу-сүттүү орундарынан айрылган айрым кызматкерлер ушундай нерселерди уюштуруп жатат.

ИИМдин ичиндеги тиреш

ИИМдин жетекчилери ортосундагы тиреш тууралуу өткөн жыл соңунан бери айтылып келет. 2012-жылдын ноябрында ИИМдин ичинде структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу пикир келишпестиктер чыккан эле. Анда кеңешме учурунда министрдин орун басары менен кайым айтышып, үзгүлтүккө учуратканы үчүн учурда жоюлуп жаткан Уюшма кылмыштуулук жана коррупция менен күрөш боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиев баштаган сегиз кызматкери сөгүш алган.

Андан соң ИИМдин ички коопсуздук боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айтмамат Рахманов кызматтан мыйзамсыз бошотулганын айтып, министр Атахановго каршы чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов ИИМдеги мындай тирештин ачыктан-ачык эле сезилип калганын, анын арты жаман болоорун айтат:

- Парламентке деле ИИМдин ичиндеги абал, Шамил Атахановго каршы чыккан күчтөр тууралуу бардык маалыматтар жетип жатат. Бул абдан жаман нерсе болууда. Ошондуктан муну тезинен талкуулоо керек деп сунуштап жатабыз.

Мурдагы ички иштер министри Болотбек Ногойбаев партиялык бөлүштүрүүнүн кесепети ИИМге да тийди деп эсептейт:

- Азыр партиялар министрликтерди бөлүп алып эле улам бир адамды алып келип, мурдагыларды кубалоону адатка айландырышты. ИИМде деле ушундай абал жаралып калды. “Менин командам, сенин командаң, сен социал-демократтардансың, мен “Республикаданмын” деп эле түрткүлөшүп жатышат.Тартип коргоо органында мындай болбош керек. Муну тезинен жөнгө салбаса болбойт.

Шамил Атаханов ички иштер министри кызматына өткөн жылы ноябрь айынын башында дайындалган. Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Атаханов ИИМдеги реформаны ишке ашырмайын кызматтан кетпей турганын жакында билдирген болчу.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG