Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:15

Чек ара жана абак маселесин чечүүгө кадам


Кыргыз-өзбек чек арасы, Жалал-Абад
Кыргыз-өзбек чек арасы, Жалал-Абад

Чек ара коопсуздугун жана түрмөлөрдөгү абалды жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди.

Жумкадыровдун айтымында, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Коргоо кеңеши 30-апрелде чек ара маселелерин, абактарга байланышкан жагдайды жабык талкуулады.

Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жыйындан кийин журналисттер менен жолугушууда чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек араны натыйжалуу кайтаруу боюнча комплекстүү чаралар иштелип чыкканын маалымдады:

- Мамлекеттик чек ара кызматынын потенциалын жогорулатуу, чек арачылардын ыкчам даярдыгын жакшыртуу, чек араны кайтаруунун механизмдеринин натыйжалуулугун арттыруу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Чек арадагы аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жергиликтүү эл менен тыгыз кызматташып, түшүндүрүү иштерин көбөйтүү боюнча иштер жүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен
Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен

Жумакадыров чек арада жаңжалдар азайганын, бул багытта аракеттер улана берерин белгиледи. Делимитация жана демаркация иштери жаңы деңгээлге чыгарыларын айтты.

Катчы Коргоо кеңешинде каралган экинчи маселе Жаза аткаруу системасындагы кечиктирилгис чаралар боюнча да учкай маалымат берди. Өлкөнүн эгемендик тарыхында биринчи жолу бул маселе жогорку деңгээлде каралып жатат деп кошумчалады:

- Абактардын материалдык-техникалык базасын, инфраструктурасын жакшыртуу эле эмес, жаза аткаруу системасында жаңы көз караштагы, жаңы багыттагы реформаларды жүргүзүү керектиги белгиленди, тапшырмалар берилди. Соттолгон жарандарды кылмышына карап өз-өзүнчө кармоо маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле абактардагы коопсуздук, кайтаруу маселелерине да чоң көңүл бурулду. Былтыркы окуялар бул системадагы алешимдиктердин бетин ачты. Ушул окуялар жана андан башка фактылар жакшылап талданып, маселенин өзөгү аныкталып, ошого жараша чаралар көрүлөт.

Жумакадыров Коргоо кеңешинде кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгына коомчулук жакында күбө болорун убада кылды. Анткен менен мындан күмөн санагандар да бар. Баткендеги жергиликтүү талдоочу Хаиталы Айкыновдун баамында, чек ара тилкелери такталмайынча аракеттерден жетиштүү майнап чыкпайт:

- Мисалы, Баткен, Ала-Бука, Аксы райондорундагы чыр-чатактар мамлекеттик чек аралардын так эместигинен келип чыгып жатат. Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча такыр жылыш жок. Тажикстан менен улам-улам эле сүйлөшүү болуп жатат. Бирок Сох анклавынын айланасындагы жерлерде, Көк-Ташта, Ак-Сайда абал ошол бойдон эле калып жатпайбы. Чек ара коопсуздугун камсыздоо иштери аздыр-көптүр болуп жатат. Бирок абал өзгөргөн жок. Ал эми чек арада жашаган аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча 2012-жылы мыйзам кабыл алынган. Бирок ал мыйзамды ишке ашырууга бюджетте жетиштүү акча каралбагандыктан, маселе ордунда эле турат.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Жаза аткаруу системасын жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралар көрүлөрүн угуп, аны кубаттап жатат. “Бир дүйнө - Кыргызстан” укуктук кыймылдын жетекчиси Төлөкан Исмаилованын ырасташынча, абактардагы абалды жакшыртуу боюнча укук коргоочулар кол кабыш кылууга даяр:

- 2005-жылдан бери абактарда тополоң чыгып, мыйзамсыз иш-аракеттерден улам абакта отурган көп адамдардын тагдырына кесепети тийип жатат. Биз Жаза аткаруу кызматынын ишине мониторинг жүргүзгөнүбүздө аябай эле таң калганбыз. Анткени аларды өкмөт деле, парламент деле чакырып алып ишинин кемчилигин айтып, уруша берет. Бирок маселелерди чечүү үчүн комплекстүү чаралар көрүлүшү керек дегенди биринчи жолу угуп жатабыз. Түрмө социалдык институт болушу керек. Ошол жердеги жарандарды окутуу, билим берүү, эркиндикке чыкканда коомго ыңгайлашып кетүүгө даярдоо өңдүү иштерге биз жарандык коом жардам бергенге даярбыз. Бизде тажрыйба чоң, биз буга чейин отчетторубузда бир топ сунуштарыбызды бергенбиз.

Коргоо кеңешинин буга чейинки жыйындарында энергетикалык коопсуздук, өлкөдөгү диний кырдаалга байланыштуу маселелер талкууланган эле.

XS
SM
MD
LG