Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:40

Кыргыз-өзбек чегиндеги өтмөктүн табышмагы


Баткен - Кадамжайдагы кыргыз чек арачылары. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)
Баткен - Кадамжайдагы кыргыз чек арачылары. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)

Кыргыз-өзбек чек арасында жер астынан казылган жашыруун өтмөктүн бир учу Баткендин Кыргыз-Кыштак айылынан табылды.

Өткөн айдын соңунда өзбек тарап Алты-Арык районунда чек арага жакын бир үйдүн короосунан жер астындагы өтмөк табылганын, кошуна жашаган кыргыз-өзбек жарандары ал аркылуу алыш-бериш кылып турган болушу ыктымалдыгын жарыялаган.

Жер астындагы "кадамжай"

Чек арадагы жашыруун өтмөктүн экинчи учу Кыргызстандан табылганы тууралуу маалыматты 18-апрелдин кечинде Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мамлекет чек арасын коргоо комитети таратты. Анда кыргыз чек арачылары издеп-иликтөө иштеринин натыйжасында өткөн айдын соңунда бир учу Өзбекстандын аймагынан табылган жер астындагы өтмөктүн экинчи учу Кыргызстандын Кыргыз-Кыштак айылында жашаган бир тургундун короосунан табылганын кабарлаганы айтылат.

Өзбекстандын чек ара кызматы 25-мартта Фергана облусунун Алты-Арык районундагы бир үйдүн короосунан жер астындагы жашыруун өтмөк табылганын жарыялап, анын экинчи учун табууну кыргыз тараптан суранган. Кыргызстандын Чек ара кызматы менен башка тиешелүү органдары дароо издөө иштерин баштап, алгач эч кандай өтмөк, же тешик табылбаганын, издөө уланып жатканын билдирген. Колдо казылган ошол тоннелдин экинчи учу эми Баткендин Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылынан табылып отурат.

Бул маалыматты “Азаттыкка” Кыргызстандын чек ара кызматынан да ырасташты.

- Өзбекстандан чек арада тоннел табылганы тууралуу маалымат түшөр замат Кыргызстандын чек ара кызматы башка тиешелүү органдар менен биргеликте издөө иштерин баштаган. Анын натыйжасында ошол өтмөктүн экинчи учу Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айылынын чет жакасында жашаган бир тургундун сарайынан чыгары белгилүү болду. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы кандай болорун күтүп жатабыз. Азырынча мындан башка маалымат айта албайбыз, - деген Чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Сажира Чоколоева 16-апрелдеги эки тараптуу жолугушууда кыргыз чек арачылары өзбек тарапка өтмөктүн экинчи учу табылганы боюнча маалымат бергенин кошумчалады.

Маалыматка караганда, өтмөктүн жалпы узундугу 110 метр, бийиктиги 70, эни 60 сантиметрдей. Жер үстүнөн 7-8 метрдей тереңдикте казылган.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00
Түз линк

Айласыздыктан чыккан амалбы?

Тараптар бул жолду аткезчилер пайдаланып жүргөнүн божомолдоодо. Мурдараак өзбек бийлиги тоннел экстремисттик максатта колдонулуп жүргөн болушу ыктымалдыгын да билдирген жайы бар. Учурда анын чоо-жайын, кимдер казганын жана кандай максатта колдонулганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иликтөөдө. Тергөө иштери аяктамайын ал тууралуу маалымат берилбестиги айтылып жатат.

Сөз болуп жаткан Кыргыз-Кыштак айылы Өзбекстандын Борбалык айылы менен чектешет. Эки айылды ортодо бир чоң жол гана бөлүп турат.

Алты-жети жылдай мурдараак, өзбек тарап чек арасын бир тараптуу жаап койгонго чейин кошуна эл кадимкидей алыш-бериш, соода-сатык кылып, биринде жок товарды экинчисинен алып турган. Чек ара жабылганы аткезчилик күчөп, эл товар өткөрүүнүн ар кандай айла-амалын издей баштаган. Бул өтмөк да аргасыздыктан чыккан ошондой айла-амалдын бири катары сыпатталууда.

Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Кутман Коргонбаев бул өтмөк 2013-жылдын этегинен тарта иштей баштаганы божомолдонуп жатканын айтат:

- Чек арада жер астынан өтчү жол табылганын укканда биз деле аябай таң калдык. Аны ошол үйдүн ээсинен башка эч ким, колу-коңшулары да билбептир. Чек ара кызматынын, УКМКнын, милициянын өкүлдөрү келип текшеришти. Алгачкы иликтөөлөрдө бул өтмөк чек ара жабылгандан кийин, 2013-жылдын этегинен тарта иштей баштаганы белгилүү болгонун уктук. Эми ал кандай кызмат аткарганын, кандай товарлар өтүп турганын тергөө аныктап жатса керек. Тергөө аныктамайын бир нерсе дешке биздин акыбыз да жок го. Кандай болсо да бул биз үчүн, ушул Кыргыз-Кыштак айылынын калкы үчүн да күтүүсүз, таң каларлык иш болду.

Айыл өкмөт башчысы өтмөк табылган короо Кыргыз-Кыштак айылында жашаган бир аялга таандык экенин, азыр ал ден соолугуна байланыштуу ооруканада жатканын кошумчалады.

Өзбекстан Кыргызстандагы 2010-жылдагы окуялардан кийин чек арасын бир тараптуу жаап, а түгүл чек ара тилкелерин бойлото аң да казып салган. Чек ара жабылышы кошуна эки элдин ортосундагы соода-сатыкты кан буугандай токтоткон. Мындай абал эки ортодо аткезчилик күчөшүнө алып келип, ал карапайым адамдар менен чек арачылар ортосунда адам өлүмү менен коштолгон чыр-чатактарга чейин жеткен учурлар да бар.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG