Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу өткөн туннел табылды


Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, туннелди өзбек чек арачылары таап алган.

Маалыматка караганда чек араны кесип өткөн туннел Баткенде жашаган кыргызстандык жарандын үйү менен Фергана облусунда жашаган өзбекстандык жарандын үйүнүн ортосунда казылган. Кечээтен бери бул ишке укук коргоо органдары да тартылып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала божомол боюнча жер алдынан өткөн жол контрабандалык товарларды ташуу үчүн жасалышы мүмкүн.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын маалыматында, туннелдин тереңдиги 7-8, узундугу 110 метр. Өзбекстандын чек ара кызматы бул жол аркылуу Өзбекстанга диний-экстремисттик адабият, контрабандалык жүк жана курал ташылышы мүмкүн деп болжолдоодо. Алар бул туурасында кыргыз чек арачыларына маалымат беришкен. (AzK)

XS
SM
MD
LG