Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Иманкулов: Маңзат күрөшүндө Орусияга теңелбеш керек


Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жоюлса, кесепети кандай болушу мүмкүн? Бул тууралуу "Азаттык" УКМКнын мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкулов менен маектешти.

“Азаттык”: Маңзат көзөмөлдөө кызматы буга чейинки бийлик тушунда жоюлуп, кийин 2010-жылы бийлик алмашканда кайра түзүлдү эле. Эми аны кайрадан жоюу тууралуу айтыла баштады. Мунун зарылдыгы канчалык?

Иманкулов: 2010-жылы кайра түзүлүп жатканда мен да катышып калгам. Анда Коопсуздук кеңешинин катчысы болчумун. Убактылуу өкмөт ошону менен Бакиевди күнөөлөгөн. Агенттикти өз кызыкчылыгы үчүн жойду, маңзат контрабандасына Бакиевдердин тиешеси бар деген сөздөр айтылган. Азыр эмне кырдаал өзгөрүп кеттиби же Ооганстанда маңзат өндүрүү токтодубу? Же аны биздин аймак аркылуу ташуу кыскардыбы? Же бизде баңгилер азайдыбы? Андай маалымат жок да.

Агенттик туура айтып жатат. Эгер 3-4 структура болсо, бири-бири менен атаандашып, бирин-бири көзөмөлдөп иш алып барса, ал жакка аралашып кетүү да кыйын болот.

Биздин аймак аркылуу маңзат килограммдап, тонналап эмес, он-жүздөгөн тонналап өтөт деп эл аралык эксперттер айтып келет. Ошого аралашкан күч органдарынын кызматкерлери да бар, башында өздөрү турат деген да сөздөр бар эмеспи. Эми бир структурага өткөрүп, алардын колуна салып берсе, эртең кайра эле азыркы бийликке карата Бакиевдерге айтылгандай сөздөр айтылбайт деп ким кепилдик бере алат?

Бул демилге анализделгенби, ойлонулганбы?

Көздү жумуп алып эле Орусияны ээрчий берген туура эмес да. Аларда чоң реформа болгон. Милициясы полицияга өткөн. Элдин арасында аларга карата ишеним пайда болгону айтылууда. А бизде күч структураларына ишеним барбы? Жок.

“Азаттык”: Кайра эле Орусияны туурап жатабызбы?

Иманкулов: Ошондой болууда. Бирок Орусиянын масштабы менен салыштыруу мүмкүнбү? Алардагы кырдаал да башка. Орусия аркылуу маңзат ташылбайт. Ал керектөөчү өлкө. Ал эми биз аркылуу контрабанда өтөт да.

“Азаттык”: Демек, бул органдын өз алдынчалыгы сакталуусу керек, ошондо натыйжа болот деген пикирдесизби?

Иманкулов: Натыйжа болуш үчүн жалаң гана ушул мекеме эмес, башкалар да иштеши керек. Андай бөлүмдөр Ички иштер министрлигинде да, Улуттук коопсуздук комитетинде да бар. Алар бирин-бири көзөмөлдөп, чогуу иштесе гана натыйжа болот. Бир эле колго берип койсо, аткезчилер менен уюшуп кетүүсү оңой болот да.

“Азаттык”: Бири-бирин көзөмөлдөп туруусу да маанилүү дейсизби?

Иманкулов: Албетте. Эгер маңзатты өндүрүү, биз аркылуу аткезчилик жол менен ташуу токтоп калса, анда бир жөн эле. Ошондо бизге мындай өзүнчө мекеменин кереги эмне деп чыгышса түшүнмөкпүз. Андай болбой жатпайбы.

XS
SM
MD
LG