Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Кытайда кыргызстандык аял өлүм жазасына тартылды


Героин
Героин

Алты жыл илгери кармалган 51 жаштагы Светлана Кулбаевага 4-февралда Кытайдын Үрүмчү шаарында уу ийне сайылып, өлүм жазасы ишке ашырылды. Кыргыз келин кытайдын жөн-жай товарларын ташыгандарды пайдаланган кылмыштуу топтордун курмандыгы болуп калды.

"Дело №..." гезитинин маалымдашынча, Светлана Кулбаева 1964-жылы төрөлгөн, Кыргызстанга Кытайдан кийим-кечек ташып жүргөн.

Ош-Үрүмчү аба каттамы

Светлана эки өлкө ортосунда эч кандай тоскоолдуксуз эле каттап жүргөн. 2010-жылдын ноябрында Кытайдын Гуанчжоу шаарына аялдардын кол баштыгын алып барган. Бирок Үрүмчү аба майданынын бажы текшерүүсүндө кармалып калган.

Гезиттин ырасташынча, аялдардын баштыгын текшерүү учурунда кичинекей пакеттерге салынган жалпы салмагы 7 килограммдык героин табылган. Кулбаеваны ошол эле жерден камакка алышып, 2011 жана 2012-жылдардагы сот аны өлүм жазасына өкүм кылган. Маңзат сактоо жана ташуу Кытайда эң оор кылмыштардын катарына кирет.

Өкүмдү аткаруу бир нече ирет артка жылдырылган, бирок да аягында бул ишке соңку чекит коюлуп, 4-февралда келинге уу ийне сайышып өлүм жазасы аткарылды.

- Тилекке каршы, Светлана Кулбаевага карата чыгарылган өкүм аткарылды. Ушу тапта ТИМдин Үрүмчүдөгү консулдук кызматы менен виза пунктунун кызматкерлери сөөктү Мекенине жөнөтүүгө байланышкан документтерди даярдап, маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Биз анын жакындары менен такай байланышта болуп турабыз. Жакында мекендешибиздин сөөгү үйүнө жеткирилет,- деп билдирди ТИМдин өкүлү Нурлан Сүйөркулов.

Баары жасалды

2010-2013-жылдары ТИМдин Үрүмчүдөгү паспорт-визалык пункттун башчысы ушу тапта дипломатиялык кызматтан кеткен Азат Эркебаев болчу. Светлана Кулбаеванын кармалышы жана соттолушу анын Үрүмчүдө иштеген кезине туура келет.

Аны алдап кетишкени билинип эле турат, жүк жеткиргич катары пайдаланышкан, ташып бараткан буюмдарынын арасына маңзаттарын салып коюшканын өзү да билген эмес.
Азат Эркебаев

Бул иштин чоо-жайын тактоо максатында "Азаттык" Азат Эркебаевге кайрылды. Мурдагы дипломаттын ырасташынча, мекендешибиз алданып калган, ал жүктөрүнүн арасына маңзаттары катылганын өзү билген да эмес:

- Үрүмчүдөгү ТИМдин виза пунктунун кызматкерлери мурда деле азыр деле консулдук ыйгарым укуктарга ээ эмес, бирок биз аны менен жолугушууга жетиштик. Мен Кулбаева СИЗОдо жатканда баргам, кандай шартта кармалып турганын, жагдайын көргөм, кеп-кеңеш бергем. Биринчи сотто өлүм жазасы боюнча өкүм чыккандан кийин апелляциялык арыз берүүнү айткам.

Аны алдап кетишкени билинип эле турат, жүк жеткиргич катары пайдаланышкан, ташып бараткан буюмдарынын арасына маңзаттарын салып коюшканын өзү да билген эмес. Тергөөнүн мына ушул жүктө маңзатын алып келгени тууралуу тана алгыс далилдери бар болчу. Ал героин катылган жүк өзүнө таандык экенин айтып, кармалгандан кийин тергөөчүлөр менен болушунча кызматташты. Тилекке каршы, Кытайдын мыйзамдары аябай катаал - 50 граммдан ашкан маңзатты сактоо же ташуу үч өлүм жазасы берилет. Кулбаева бир нече килограмм таптаза героин алып келип атпайбы.

Азат Эркебаев
Азат Эркебаев

Азат Эркебаев кошмчалагандай, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бир нече ирет кытай тарапка өкүмдү жумшартуу өтүнүчү менен кайрылган. Атүгүл президент Алмазбек Атамбаев кытай лидери Си Цзинпинге ушундай эле өтүнүчтү билдирген. Бирок кытай тарап булардын баарын жоопсуз калтырды.

- Биздин укук коргоо органдарыбыз маңзаттарынын кантип ташылышынын схемасын иликтеп чыгышы керек болчу. Бул Кулбаеванын ишине жардам кылып, өкүмдү жумшартууга мүмкүнчүлүк бермек. Кыязы, бул ишти аягына чыгара алышкан эмес окшойт. Кандайынан келгенде да, акыркы чечимди кытай тарап алмак, - дейт визалык пункттун мурдагы башчысы.

Биздин укук коргоо органдарыбыз маңзаттарынын кантип ташылышынын схемасын иликтеп чыгышы керек болчу. Бул Кулбаеванын ишине жардам кылып, өкүмдү жумшартууга мүмкүнчүлүк бермек.
Азат Эркебаев

Эркебаев ырастагандай, Светлана Кулбаева менен аңгемелешүү учурунда аны Бишкектеги кеңселердин бириндеги белгисиз жаш кыз жүк жеткиргич кылып алганын билдирген. Кытайга бир нече каттамдар эч кандай тоскоолдугу жок, шек-шыбаасыз өткөн.

Эл аралык баңги төбөлдөрү

"Дело №..." гезитиндеги материалга караганда, ошол "белгисиз жаш кыз" мындан аз илгери атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан кармалган. Ал кыз ушундай эле жол менен биртоп жүк жеткиргичтерди жалдаган, алар аркылуу Кытайга жүк жөнөткөнү белгилүү болгон.

Светлана Кулбаева кармалганга чейин ошол жүк ташуучулар жеткирчү жашыруун жүктүн ичинде эмне барын "белгисиз жаш кыз" деле билген эмес. Бирок ал бул иштен баш тарта алган эмес. Себеп дегенде, ал жүктү Кытайдан тосуп алчулардан оңой эмес акча алып турган. Атайын кызматтардын анын катышуусу менен жүктү алуучуларды кармоо операциясы оңунан чыкпай калганына карабай, тергөө менен жакшы кызматташканы үчүн кыз кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, боштондукка чыгарылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги (УКМК) булактарга таянып, "Дело №..." гезити Кытайга маңзаттарын Нигериядан келген наркотоп жөнөтүп турганын кабарлады. Кылмышкерлер товарлар менен жүктөрдү ташып келүүчүлөрдү жалдап, буюмдардын арасына маңзаттарын катып коюшкан. Жүк ташуучулар эмне алып баратканынан кабарсыз, алар наркотөбөлдөр үчүн болгону бир пайдаланып ыргытылчу гана "материал" болушкан.

Наркотрафикке каршы күрөшүү боюнча борборазиялык регионалдык маалымат борборунун кабарына караганда, Светлана Кулбаева бул топтун жападан-жалгыз курмандыгы эмес. Андан башка да жалданып Түштүк-Чыгыш Азияга Орусия, Казакстан, Кыргызстандан 20 жакын адам жөнөтүлгөн.

Алардын арасында Жибек Сакеева менен Анастасия Яичникованын да аты аталат. Жибек Сакеева сегиз килограмм маңзат менен 2010-жылы Индонезияда кармалып, 12 жылга эркинен ажыратылган. Бул кызды жолдуу экен деп койсо деле жарашат, ага да башында өлүм жазасы буюрулуп калышы деле мүмкүн болчу.

Анастасия Яичникова беш килограмм героин менен 2011-жылдын мартында "Манас" аба майданынан Кытайга учайын деп жаткан жеринен кармалган. Ал 16 жылга эркинен ажыратылып, Кыргызстандын абагында отурат.

Борбор Азия регионалдык баңгиликке каршы күрөшүү борбору менен Кыргызстандын УКМКсынын маалыматтарында бул иштерди жасап жаткан нигериялык Околи Паулинус Набуке экени аныкталган. Ал жүктү жеткирип берчүлөрдү таап, аларды жалдап, жүктөрдү кабыл алып, жөнөтүп турган.

Ага каршы жана белгилүү болгон кылмыштуу топторго ачылган кылмыш иштери УКМКдан Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка (БКМК) өткөрүлүп берилген. Баңгизаттарын көзөмөлдөө мамкызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, 2011-жылы нигериялык наркотөбөлгө Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Кылмыш иш иликтенүүдө, бирок анда азырынча жылыш жок.

Ошол эле "Дело №..." гезитинин ырасташынча, наркотөбөлдөр маңзаттарын Кыргызстан аркылуу учак менен ташууну токтотушкан. Жаңы жол Кыргызстандан Алматыга чейин автоунаа аркылуу ташылып андан ары Кытайга учак менен жөнөтүлөт. Азыр кандай жол менен маңзатты ташып атканы белгисиз.

XS
SM
MD
LG