Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

ИИМ жол кырсыгын азайтууга белсенди


Маичилер
Маичилер

Патрулдук милиция башкармалыгын кайрадан реформалоо аракети жүрүп жатат.

Учурда автоинспекторлордун иш тартибин өзгөрткөн жаңы жобо иштелип чыкты. Жаңы эрежеге ылайык, маичилер айдоочунун документтерин бардык жерде текшерүүгө укуктуу.

Ошондой эле Ички иштер министрлиги Патрулдук милиция башкармалыгын реформалоо алкагында жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча өзүнчө кызмат түзүү демилгесин көтөрдү. Бул сунуш өкмөттө каралууда.

Патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов жаңы эреже жол кырсыктарын азайтууга багытталганын маалымдады:

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн жаңыдан түзүлгөн патрулдук милициянын ишмердиги сынга алынды.

- Өзгөртүү киргизилет. Эми стационардык посттордо гана эмес, күнүмдүк маршрутта жүргөн кызматкерлер айдоочуну токтотуп текшере алат. Муну коомчулук бир тараптуу карабашы керек. Биз баягы МАИдегидей кылып укуктарын чоңойткон жокпуз. Алар акча чогултат деген туура эмес. Биздин максат күндө болуп жаткан жол кырсыгын азайтуу.

Жол кыйымылынын азыркы эрежесине ылайык, автоинспектор стационардык посттордо, атайын рейд учурунда же жол эрежесин бузган учурда гана токтотуп, айдоочунун документин текшере алат. Өлкө боюнча сегиз стационардык пост бар. Саркуловдун айтымында, акыркы мезгилде мас абалында жана айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаргандар айынан жол кырсыгы көбөйгөн.

Анткен менен автоинспекторлордун жаңы жобо менен иштөөсүнө каршы болгондор муну ала таякчандарга ашыкча укук берүү деп баалашууда.

Активист Болот Ибрагимов түптөгөн Safar кыймылы маичилердин жосунсуз жоруктарын тасмага тартып, Ютуб каналында жайылтып келет. Ибрагимовдун айтымында, жаңы эреже айдоочулардан мыйзамсыз акча өндүрүүгө курал катары иштейт.

- Мурун эле токтотчу. Эми укук берилгенден кийин күчөйт. Бардык автоунааны токтотуп акча өндүрүшөт.

Ал ортодо Кыргызстанды түрө кыдырган казакстандык Маргулан Сейсембай аттуу ишкердин Фейсбукка жазган пикири кызуу талкууланып жаткан чагы:

- МАИлерге доомат көп. Кыргызстанда да, Казакстанда да. МАИчилер ашынган паракорлор. Мен МАИчилерге ишенбейм. Чынчылдары бар, бирок абдан аз. 2000 чакырымдан ашык жол жүрүп Кыргызстандагы туризмди тойбогон МАИчилер өлтүрөт деп ишеничтүү айта алам. Бул Казакстандагыдай эле, - дейт Маргулан Сейсембай.

Бул пикирдин алдына жайкы сезондо Ысык-Көлгө эс алган казакстандыктар да үн кошкон. Алардын көбү кыргызстандык маичилердин себепсиз акча талап кылган жоруктарынан тажаганын жазышкан.

Иллюстрация
Иллюстрация

Патрулдук милиция башкармалыгы жаңы реформалардын жыйынтыгында автоинспекторлордун иши тыкыр көзөмөлгө алынарын ырастоодо.

Дегеле 10 жыл ичинде ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө тармагынын бир нече жолу аты, түзүмү өзгөрүүгө дуушар болду. Бирок ал дарегине айтылган дооматтардан арылбай келет. Реформалар эмнеге жыйынтык бербей жатат? Буга жол коопсуздугу боюнча долбоорлор менен иштеген активист Мирсулжан Намазаалы мындай жооп узатты:

- Реформа эмне экенин түшүнбөй жатышат. Атын өзгөртөт, заты ошол бойдон калат. Азыр кайрадан эле мурдагы ДПС менен ППСти бөлүп жатышат. Радикалдык реформа боюнча иш-чара каралган эмес. Биздин сунуштар кабыл алынган жок.

Өткөн 2016-жылдын жазында Кайгуул кызматы МАИге кошулуп, Патрулдук милиция башкармалыгы түзүлгөн. Анда патрулдук милиция жолдо турбастан автоунаа менен кыдырып күзөтүүгө өтмөк. Бирок бул толук ишке ашпай ара жолдо калды. Эми кайрадан Патрулдук милиция башкармалыгынын түзүмү өзгөргөнү турат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда Кыргызстанда 16 жыл ичинде 16 миң 700 адам каза болду. Милиция Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип, жол кырсыгына себепчи болгондордун жазасын каттаалдатууну сунуштап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG