Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Жол кырсыгына патрулдук милиция себеп болгонбу?


Жол кырсыгына кабылган мотоцикл.
Жол кырсыгына кабылган мотоцикл.

Бишкекте мотоцикл катышкан автокырсык жолдогу коопсуздук көйгөйүнө кайрадан элдин көңүлүн бурду.

Патрулдук милицияны айыптаган адамдар

Эки адамдын өмүрү кыйылып, бири оор жаракат алган кандуу окуяда жакынын жоготкондор жол кырсыгы үчүн патрулдук милиция кызматкерлерин айыпташууда.

Алар белгилүү спортчу Орзубек Назаровдун кызы учкашкан мотоциклди патрулдук милиция кубалаганын айтып жатышат. Патрулдук милициянын күйүп-жанган машинеси мотоциклдин артынан кубалап, экөө тең катуу ылдамдыкта баратканы тартылган видео Киев жана Исанов көчөлөрүндө жайгашкан соода борборлорунун биринин камерасына түшүп калган. Ал видео интернетке жарыяланды.

Буга чейин башкалаада болгон жол кырсыктарынын дагы биринде автоунаа кубалаган патрулдук милициянын катышы тууралуу маалыматтар айтылып, ИИМ иликтөө жүргүзүүнү убада кылган. Бирок бул өңдүү иштердин дайыны, жыйынтыгы коомчулукка белгисиз.

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.

Белгилүү спортчу Орзубек Назаровдун кызы учкашып келаткан мотоцикл Бишкектин Тоголок Молдо жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде 19-августка оогон түнү кырсыкка кабылган. Мотоцикл жеңил машинени сүзүп, анын айдоочусу окуя болгон жерде каза тапкан. Ал эми 17 жаштагы Аделина Назарова башынан жаракат алып, оор абалда ооруканада жатат. Атасы анын комадан чыга электигин билдирди. 21-августта бул кандуу кырсыктан мотоцикл сүзгөн жеңил машиненин ичиндеги 23 жаштагы Маматжусуп аттуу жаран да ооруканада көз жумганы, унаанын айдоочусу болсо, бейтапканада экени белгилүү болду. Ойдо жок жерден көз жумган жигиттин жакындары аларды сүзгөн мотоциклди патрулдук милиция кууп келе жатканын билдиришти:

- Жаңылыктардан көрүп атабыз, бөөдө өлүм тапкан киши четте калып эле күнөөлүүлөр тууралуу гана айтылып жатат. Ошол жердеги кишилер чынында МАИчилер мотоциклди кууп баратканын өз көзү менен көрүшкөн. Аны жашырып жатышат. Мотоцикл машинаны сүзгөндө эки секундга жетпей артынан патрулдук милиция келип токтоп, “мигалкасын” өчүрүп, Чүй көчөсү менен аянт жакты көздөй кетип калыптыр, - деди Маматжусуптун Гүлбарчын аттуу тууганы.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жол кырсыгы боюнча Кылмыш кодексинин 281-беренеси (автоунаа кыймылын жана жол коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иш козгогон. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, мотоциклди кубалады деген патрулдук милиция кызматкерлери башкача көрсөтмө берип жатышат:

- Алар кубалап келген эмес. Жол кырсыгынын алдында мотоцикл алардын жанынан катуу ылдамдыкта өтүп кеткенин, качып кетпестен, артынан барып "Тез жардам” кызматына жардамдашканын айтышты. Учурда тергөө жана кызматтык териштирүү жүрүүдө.

Негизи коомчулукта патрулдук милициядан качкан айдоочулардын жол кырсыгына учураганы тууралуу маалыматтар көп айтылып жүрөт. Бирок иш жүзүндө мындай учурлар толук иликтенбей, көз жаздымда калып келет. Мисалга, быйыл апрелде Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеден эки окуучуну сүзүп кеткен айдоочуну да патрулдук милиция кубалаганы айтылып, алардын машинеси видеого тартылып калган. Анткен менен Патрулдук милиция башкармалыгынын иликтөөсүндө алардын айдоочунун артынан түшкөнү тастыкталган эмес.

Милиция кандай учурда кубалайт?

Коомчулукта мотоцикл болобу, машине болобу кубалаганга маичилердин акысы жок деген пикирлер күч. Бишкектин тургуну Дария Абдиметалиева патрулдук милициянын шаар ичинде айдоочулардын артынан чоң ылдамдыкта сая түшкөнү кооптуу кырдаал жаратат деген ойдо:

- Кооптуу кылмышкерлер болсо бир жөн. Ал эми болбогон, майда эреже бузуулар үчүн кубалап, чоң кырсыкты жаратуу туура эмес. Патрулдук милициялар учурга жараша логика менен ойлонуп аракеттениши керек. Номурун көрүп калып, рация менен алдыдагы патрулга айтса болот да. Кичине эреже бузду деп анын артын кырсыкка айланткан болсо МАИчилер да жооп бериши керек.

Ал эми Патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов кызматкерлер эрежеге баш ийбеген айдоочуларды кубалаганга укуктуу жана алар мындай аракетти атайын эрежелерге ылайык ишке ашырышарын белгиледи. Анын айтымында, 19-августтагы жол кырсыгы тууралуу видеотасмалар иликтенүүдө:

- Качып бараткан автоунаа каражаты бир кылмышка шектүү делинген болсо, ошол тууралуу так маалымат берилсе, андан тышкары өзүнүн жүрүм-туруму менен жолдо жүргөн башка айдоочулар, жүргүнчүлөр, элдин коопсуздугуна коркунуч алып келген учурда анын артынан кубалоого акысы бар. Бирок сөзсүз түрдө кызматтык, патрулдук автоунаа болушу, "мигалкасы" күйүш керек. Ошону менен бирге кубалап бараткан машиненин, анын ичиндегилердин жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын коопсуздугу камсыздалууга тийиш. Патрулдук милиция жол кырсыгын көргөндө эч качан кетип калбашы керек. Азыр Бишкектеги жол кырсыгы боюнча "авария болгондон кийин мигалкаларын өчүрүп кетип калды" деген маалыматтарды териштирип жатабыз. Негизи мотоциклдер катышкан жол кырсыктары көп эмес. Себеби бизде мотоциклдер аз. Алар машине жүргөн жолдордо эле жүрө беришет. Биз видеотасмаларды алдырттык. Так маалымат териштирүү бүткөндөн кийин берилет. Эгер кызматкерлердин кубалап келип, кетип калганы аныкталса - эң чоң эреже бузуу болот. Бул далилденсе, ал кызматкерлер кызматтан алынганга чейинки катуу жазага тартылат.

Саркулов кошумчалагандай, өлкөдө ушу кезге чейин патрулдук милиция кызматкерлеринин айдоочунун артынан кубалап жол кырсыгына кириптер болгону ырасталбагандыктан, эч ким жазаланган эмес.

Патрулдук милиция кызматкерлери.
Патрулдук милиция кызматкерлери.

Кыргызстан жол кырсыктары эң көп катталган өлкөлөрдүн бири. Патрулдук милиция башкармалыгынын билдиришинче, жыл башынан бери Кыргызстанда 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган, 3800дөн көбү түрдүү жараат алды. Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө авариялар күн сайын орто эсеп менен үч-төрт кишинин өмүрүн алууда.

Реформа өзүн актаган жокпу?

2016-жылдын жазында жол кыймылын көзөмөлдөө тармагын реформалоонун алкагында Жол кайгуул кызматы МАИге кошулуп, Патрулдук милиция башкармалыгы түзүлгөн. Бирок кырсыктардын арты тыйыла элек. Жол коопсуздугун жөнгө салууда эч кандай өзгөрүү болбогонун, адамдын жүрөк үшүн алган кырсыктар азайбаганын айтып, реформа максатына жеткен жок деп сындагандар да чыгат. "Жол коопсуздугу" коомдук уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетова реформа өзүн актабаганын айтат:

- Менимче бул реформа өзүн актабай жатат. Мурдагы Жол кайгуул кызматынын жол коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси бар болчу, кийин дагы бир кызматты кошкондо маселе жаралды. Анткени аларда жол коопсуздугу, эрежелер боюнча тажрыйба жок болуп чыкты.

Чынара Касмамбетова.
Чынара Касмамбетова.

Президент Алмазбек Атамбаев 31-июлда “Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу чаралары жөнүндөгү” Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койгон. Аталган кеңеш буга чейин жол кырсыктарын азайтуу маселесин талкуулап, өлкөдө жол кырсыктарынын саны жана анын оор кесепеттери өсүп жатат деген тыянакка келген.

Буга элде автоунаа көбөйгөнү, жолдордун ыңгайсыздыгы, калктын машине айдоо маданиятынын төмөндүгү, жол кыймылын жөнгө салуу жана эреже бузууларды көзөмөлдөө каражаттарынын эскириши, айдоочулук күбөлүктүн сатылышы түрткү болуп жатканы көрсөтүлгөн.

Кырсыктарды азайтуу үчүн жол коопсуздугу тармагын автоматташтыруу, трассаларды жакшыртуу, аларды медициналык жактан камсыз кылуу, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылып, тиешелүү мекемелерге тапшырмалар коюлган. Ал тапшырмалар канчалык деңгээлде ишке ашары азырынча беймаалым.

Бүгүн чак түштө Чүй облусунун Төмөнкү Чүй жана Жаңы-Жер айылдарынын ортосундагы жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алды. "Мерседес" үлгүсүндөгү машине катуу ылдамдыкта келатып, жолдун четине чыгып кетип, коомдук транспорт күтүп турган үч аялды, андан кийин велосипед тээп бараткан он эки жаштагы өспүрүмдү сүзүп, баары ошол жерден каза тапты. Жүргүзүлгөн экспертиза айдоочунун мас экенин аныктады. Өткөн аптада Бишкекте мас милиция кызматкери эки кишинин канына забын болгон эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG