Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Жол кырсыгы: прокурордун жардамчысы камалды


Ысык-Көл-Бишкек жолу.
Ысык-Көл-Бишкек жолу.

Бишкектин Биринчи Май районунун прокурорунун жардамчысы адам өмүрүн кыйган жол кырсыгынан улам камакка алынды. Ал Ысык-Көлдөн машине айдап келатып, мас абалында аварияга кабылганы айтылууда.

Факт боюнча Токмок шаардык ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратура да кызматтык иликтөө баштады. Жабыркаган тарап болсо прокурордун жардамчысына доосу жок экенин айтып, ага каршы арыз жазбай турганын белгилешүүдө. Кырсыкка кабылган автоунаадан бир топ кылмыш ишке таандык материалдар чыкканы тууралуу кабар азырынча ырастала элек.

Каргаша 17-июлдун түнүндө, Бишкек-Балыкчы жолунда болгон. "Тойота" үлгүсүндөгү жолтандабас менен "Хонда стрим" жеңил унаасынын кырсыктан кийин интернетке чыккан сүрөттөрү авария олуттуу экенин айтып турат.

Расмий маалыматка ылайык, жол тандабасты Бишкектин Биринчи Май районунун прокурорунун жардамчысы Данияр Сейталиев башкарып келаткан. Ал жол четиндеги "Хонда стрим" унаасын артынан келип сүзгөн. Машинеде олтурган алты киши жабыркап, Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген. Арасында катуу жараат алган 20 жаштагы келин каза тапкан. Маркум Токмоктун тургуну болгон. Дагы бир кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Маркумдун атын атагысы келбеген бир тууганы окуя тууралуу буларды айтты:

- Карындашым ошол жерде жан берген. Муну милиция кызматкерлери ырасташты. Машинени сүзгөн прокуратура кызматкери бизден кечирим сурады. Туугандары да келип кечирим сурашты. Айдоочуга эч кандай дообуз жок. Арыз жазбадык. Бизди эч ким коркуткан жок. Өзүбүз ушундай чечим кабыл алдык. Калганын сот чечет.

Прокурордун жардамчысынын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (Жол кыймылынын эрежесин бузуп, адам өмүрүнө залал келтирүү) экинчи жана бешинчи бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Ал убактылуу кармоочу жайга эки айга камалды. Ишти Токмок шаардык милициясы иликтеп жатат.

Айрым кабарларда прокуратура кызматкери мас абалда экени айтылган. Бул жаатта Чүй облустук Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев "Азаттык" радиосуна буларды билдирди:

- Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы үч күндөн он күнгө чейинки аралыкта аныкталат.

Кабарларга ылайык, Сейталиев Биринчи Май районунун прокурору Гүлнара Акимбаеванын жардамчысы. "Азаттыктын" бул боюнча Акимбаеванын пикирин билүүгө жасаган аракетинен майнап чыкпады. Анын кабылдамасындагы кызматкер комментарий берилбесин эскертти.

Башкы прокуратуранын маалымат жана байланыш бөлүмүнүн прокурору Алманбет Абдыраманов кызматтык иликтөө башталганын билдирди:

- Кызматкер Көлдөн келатып кырсыкка учураган. Тергөө иштери жүрүп жатат. Эки айга убактылуу кармоочу жайга камалган. Мындан башка маалымат жок.

Кызматкерге таандык деп айтылган унаа. Сүрөттү окуя күбөлөрү жиберген.
Кызматкерге таандык деп айтылган унаа. Сүрөттү окуя күбөлөрү жиберген.

Кырсыкка кабылган прокурордун жардамчысынын ден соолугуна олуттуу залал келген эмес. Интернетке чыккан кабарларда анын унаасында мурда козголуп, анан токтотулган жыйырмадан ашуун кылмыш иштин материалдары болгону айтылган. Бирок муну прокуратура дагы, милиция дагы ырастаган жок.

Кыргызстанда жол кырсыктары акыркы жылдары көйгөйлүү маселеге айланган. Быйыл жыл башынан тарта эле өлкөдөгү кара жолдордо 2582 авария катталып, 307 киши набыт болгон. Дагы 3 835 адам жараат алган. 20-июль күнү да Бишкек-Ош жолунда, Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы каргаша сегиз өмүрдү алып кетти.

Кырсыктардын канчасы мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда болгону так эмес. Андай учурлар өзүнчө бөлүнүп жазылбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG