Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Бүтүрүү кечеси кырсык менен аяктады


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто кымбат жол тандабасты ижарага алып, мектепти бүткөнүн майрамдаган окуучулар кырсыкка учурап оор абалда ооруканага түштү.

Ош шаарындагы Гагарин орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн аттестат майрамы кырсык менен аяктады. Кымбат жол тандабасты ижарага алып майрамдаган балдардын үчөө кырсыкка кабылышты.

Оштогу облустар аралык ооруканасынын жаак-сөөк хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Абдрахман Эшиев бүтүрүүчүлөрдүн биринин абалы эми гана турукташа баштаганын билдирди.

- Биринчи келгендеги абалы оор болгон. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Эртеси өзүнө келгенден кийин жаагына операция жасадык. Жаак сөөгү үч жеринен сынган. Мээси чайкалган. Көкүрөгү катуу соккудан эзилген. Азыр бала өзүнө келе баштады. Абалы туруктуу.

Ош шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү катышкан кырсык Кара-Суу районуна караштуу Осмонов көчөсүндө болгон. Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевдин маалыматына ылайык, бүтүрүүчүлөрдүн кырсыгы азыр тергелип жатат.

- Бул окуяда мектеп жамаатынын, ата-энелердин жана автоунааны балдарга берип койгон ишкердин жоопкерчилиги бар. Азырынча тергөө жүрүп жатат, бирок кылмыш иши козголо элек. Себеби соттук медициналык экспертизанын корутундусу чыга элек. Алдын ала маалыматка караганда балдар алдыда бараткан автоунаанын оң жагынан озуп өтүүгө аракет кылышкан. Натыйжада унаанын бир жак дөңгөлөгү жагалга чыгып, балдар башкарууну жоготуп коюшкан.

Баасы 1,5 миллион сом турган жол тандабасты өспүрүмдөргө 3 миң сомго ижарага берген ишкердин автоунаасы жараксыз абалга келген. Өзүн Сүйүн деп тааныштырган ишкер адеп жалынган балдарга унаасын бербей кое албаганын айтат.

- Бүтүрүүчүлөр жалпысынан 5-6 автоунааны ижарага алышкан. Меникин да сурап келишиптир. Мен мурда машинемди ижарага берип көргөн эмес элем. Бирок балдар жалынып туруп алышты. "Досторум да ушул жерден автоунааларды ижарага алышты. Мен да өзүм эле айдай берейин. Кыздарга мактаналы" дегендей кылышты. Анан башкалар берсе, мен деле берейин деп макул болдум. Айдоочулук күбөлүктөрү бар экен. "Шаардан чыкпайбыз, шаарда катуу жүрө турган жол деле жок" дешкенинен берип салдым. Ошондон бир сааттан кийин ошол окуя болуптур.

Гагарин мектебинин окуучулары 24-июнда аттестат алышкан. Аттестаттын урматына бүтүрүүчү балдар шаарда тойго кызмат көрсөткөн алты жол тандабасты ижарага алышкан.

ИИМ 25-майга карата үч күндүк рейд жарыялап, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн майрамын көзөмөлдөп жатканын кабарлаган. Ал эми жол тандабастарын тойго ижарага берген ишкерлерге бүтүрүүчүлөрдү тейлебейсиңер деген эскертүү берилген. Бул кырсык ал эскертүүдөн бир ай өткөндөн кийин катталып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG