Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:00

Кыргызстанда быйыл жыл башынан тарта 2 жарым минден ашуун жол кырсыгы катталды.

Быйыл жыл башынан тарта Кыргызстандын жолдорунда 2582 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 307 киши набыт болуп, 3 835 адам жараат алган.

Тоңдогу каргаша

Ысык-Көлдүн Тоң районунда 10-июлда болгон автокырсыктан бир адам каза болуп, 16 адам жараат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Балыкчы-Каракол унаа жолунун 101-чакырымында “Мерседес Бенц” жана “Мерседес Вито” үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Кырсыктан жабыркаган 13 адам ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен экөөнүн абалы оор, реанимацияда жатат.

Буга чейин төрт адамдын өмүрүн алган кырсык 9-июлда катталган. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун билдиришинче, кырсык Тоң районунун Оттук айылынын батыш тарабында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун 12-чакырымында болгон.

Катуу ылдамдыкта келаткан "Субару" жана "Стрим" үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышып, үч адам жеринде жан берген. Алардын арасында катуу жараат алган "Субару" унаасынын айдоочусу ооруканада эсине келбей жатып көз жумган.

Өлүмгө себепчи кайдыгерлик

Айдоочулардын көпчүлүгү ылдамдыкты көбөйтүү, каршылаш тилкеге чыга калуу жана жол эрежелерин сактабаганы менен кырсыкка себепкер болууда.

Кырсыктардын 10 пайызын айдоочулардын алкоголдук ичимдиктер ичип алып, рулга отурганына байланыштуу. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди:

- Жол кырсыктарынын санын 1-кварталга салыштырмалуу кичине болсо да стабилдештирүү аракеттери көрүлүп жатат. Бирок ошол эле маалда жол кырсыктарынын 87.2% айдоочулар күнөөлүү. Буга айдоочулардын эң жөнөкөй жолдо жүрүү эрежелерин сактабаганы себеп.

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн жаңыдан түзүлгөн патрулдук милициянын ишмердиги сынга алынды.

Айдоочулардын маданияты төмөн, жолдо бири-бирин сыйлоо түшүнүгү жокко эсе деген сындар байма-бай айтылып келет.

Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү ташып иштеген Канат Жаманкулов тартип болуп, катуу көзөмөлгө алынса айдоочулар деле ийге келерин, болбосо оңой эле кутулуп кетем деген түшүнүк ар бир ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочуда бар экенин айтты:

- Негизги маселе жаш айдоочу балдардын айдоочулук күбөлүгүн сатып алып, эртеси эле жүргүнчү ташып баштаганында да болуп жатат. Мына, мен кечээ эле Ош-Бишкек жолу менен келдим. Жолдо каттаган балдардын айдаганын көрсөң жүрөгүң түшөт. Аларың жолдон МАИге түшүп кала турган болсо, 100-200 сом кармата коюп кете беришет. Бул жерде жол тартибин көзөмөлдөөдө ошо патрулдук милиция да катуураак турса туура болмок деп ойлойм.

Күттүргөн реформа

2016-жылдын жазында жол кыймылын көзөмөлдөө тармагын реформалоо максатында Жол кайгуул кызматы кошулуп, патрулдук милиция башкармалыгы түзүлгөн. Бирок жол коопсуздугун жөнгө салууда эч кандай өзгөрүү болбогонун, адамдын жүрөк үшүн алган кырсыктар азайбаганын айтып, реформа максатына жеткен жок деп сындагандар жок эмес.

Милициянын ишинин ачыктыгын камсыз кыла турган “Коопсуз шаар” долбоору көп жылдан бери айтылып келгени менен иш жүзүнө ашпаганынын себебин "Жол коопсуздугу" коомдук уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетова мындайча түшүндүрдү:

- Ички иштер министрлигинин кетирген катасы бар. Анткени аларга эчак эле бул долбоорду ишке ашыргыла деп тапшырма берилген. Тендер да өзүнчө бир маселе болуп турат. Тендер десе эле акчаны кымтып калганга мүмкүнчүлүк бар деп, ар кандай оюндар башталат. Ар бир тендер интрига, жаңжал менен коштолуп атат. Анан албетте мунун баары ИИМдин деңгээлинде болуп жатканы өтө өкүнүчтүү. Анткени биз ИИМди мамлекеттик күчтүү структура катары көргүбүз келет. Ал үчүн саясий эрк керек.

“Коопсуз шаар” долбоору жүзөгө ашса, республиканын ири шаарларындагы жолдорго видео байкагычтар коюлмак. Апрель айында өткөн “Кыргызтелекомдун” акционерлеринин жыйында ишкана башчысы Нурлан Мадеминов долбоор ушул жылдын жай мезгилинде ишке ашырын, “Кыргызтелекомдун" материалдык-техникалык базасы менен оңой жана жеңил болорун белгилеген эле.

Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Күнүнө орто эсеп менен жол кырсыгында үч адамдын өмүрү кыйылат. Өткөн жылы Кыргызстанда 6 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 900дөн ашуун адам каза тапкан. Тогуз миңге жакыны ар кандай деңгээлде жараат алган.

"Азаттыктын" архиви: Кан жолдогу майдан. 4-май, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG