Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Токтобогон жол кырсыктары


Бишкек.
Бишкек.

Бишкекте 15 жаштагы өспүрүмдү коюп кеткен ак түстөгү "Мерседес-Бенц" унаасынын айдоочусу изделип жатат. Окуучу алган жараатынан ооруканада каза болду.

Окуя 10-майда кечки саат 10дор чамасында, "Кудайберген" базары тарапта болгон. Ушул эле күнү эртең менен Чүй-Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде өспүрүм кызды коюп кеткен окуя катталган. Кызды айдоочу ооруканага өзү жеткирген.

Жол кырсыктары бир жылда миң адамдын өмүрүн алат

Ал ортодо Билим берүү жана илим министрлиги айдоочуларды даярдаган 220га жакын мектептерди текшерип, теңинен көбүнө эскертүү берди. Буга мектептердин талапка жооп бербегени, материалдык-техникалык базасынын жетишпегени негиз берген. Бул тууралуу 10-майда Бишкекте жол коопсуздугуна арналып өткөрүлгөн талкууда айтылды.

Буга чейин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн жасалма документтерди даярдаган автомектептердин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн.

Бишкек
Бишкек

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табат. Бул күндө үч киши жолдо, үйүнө жетпей каза болот дегенди билдирет. Ал эми өлкөдө катталган жол кырсыктарынын ар бир үчүнчүсү ылдамдыкты сактабагандыктан келип чыгары 10-майда Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө айтылды.

Жыл башынан бери ылдамдыкты ашырып айдаган 322 учур катталса, андан 58 адам каза таап, 283 киши жараат алган. Ошол себептүү Бириккен Улуттар Уюмунун төртүнчү глобалдык жумалыгы дагы ушул багытта "Өмүрдү сакта: ылдамдыкты азайт" деген ураан менен өткөрүлүп жатат.

Өткөн айда катуу ылдамдыкта келаткан айдоочунун эки окуучуну коюп кетиши коомчулукта кызуу талкууга алынып, автомектептердин билим берүү сапаты, күбөлүктү өз мээнети алып жатабы-жокпу, кайгуул-күзөт милициясынын алдын алуу, көзөмөлдөө иштеринин натыйжалуулугу күн тартибине чыккан.

Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын штаб башчысы Жакып Жумаевдин белгилешинче, жыл башынан бери Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун жол кырсыгы катталса, анын 700гө жакыны Бишкек шаарында болгон. Учурда айдоочулук күбөлүккө байланыштуу жаңы эрежелер Ички иштер министрлигине жана Жогорку Кеңешке сунушталууда:

- Эки окуучуну машина коюп кеткен кырсык видеокөзөмөлгө түшүп калганы үчүн гана коомчулукта катуу талкуу болуп жатат. Ушул сыяктуу кырсыктар Бишкек шаарында көп эле болот. Тилекке каршы алардын ар бирин коомго ушундай кылып жеткире албайбыз. Ошондуктан патрулдук милиция оор жол, транспорт кырсыктары болгон учурда күбөлүктөрүн алып коюу, тажрыйбасы боюнча кээ бир нормативдик актыларга кошумча киргүзүү багытында ИИМге жана Жогорку Кеңешке сунуштарды берди.

Айдоочуларды окутуунун ташпиши

Буга чейин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү жол кырсыктарынын саны жана алардын кесепеттери коркунучтуу чекке жеткенин жана айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн жасалма документтерди даярдаган автомектептердин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн. Ошондой эле билим берүү сапаты жана материалдык-техникалык абалы талапка жооп бербеген автомектептерди жабуу зарылдыгын айткан. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 217 автомектеп бар. Аларга лицензияны Билим берүү жана илим министрлиги берет. Бул мекеменин лицензиялоо бөлүмүнүн адиси Алисултан Ташиевдин маалымдашынча, өлкөдөгү автомектептер текшерилип, 100дөн ашуунуна материалдык базаларын, шартын талапка ылайык оңдоо боюнча эскертүү берилди.

Өкмөттүн жол кырсыктарын талкуулаган жыйыны.
Өкмөттүн жол кырсыктарын талкуулаган жыйыны.

Анткен менен автомектептердин жетекчилери билим берүү сапаты начар, окубаган балдарга документ берет деп айтылып жаткан сындарды четке кагышууда. Бишкектеги “Досавто” мектебинин директорунун орун басары Алмамбет Чороев бир кылка жамандоо туура эмес деген пикирде:

- Жол эрежесин бузгандар арасында карысы да, жашы да бар. 25 жыл тажрыйбасы менен же болбосо эки жыл айдаган айдоочулар да бар. Ошонун баарын эле бир тараптуу мектептер окутпайт, ошонун үзүрүн көрүп жатабыз дегенге макул эмесмин.

Кыргыз-орус славян университетинин Автомобилдик транспорт кафедрасынын окутуучусу, техника илимдеринин кандидаты Дмитрий Глазунов тартипти күчөтүп, мыйзамды иштетмейинче кырсыктар боло берет деп эсептейт:

- Кайсы автомектеп эрежени буз, эки сызыкты кесип өтүп кет, ылдамдыкты буз деп үйрөтмөк эле. Кандай эрежелер болсо ошону окутат. Автомектептер күнөөлүү деп бир беткей айткан туура эмес. Бизде качан айыпты көбөйтпөсө, көзөмөлдү күчөтпөсө, мыйзам иштеп баштабаса, эрежени бузгандар ошол бойдон кала берет. Адам деген өзү ошондой. Качан кысып баштаганда аткарып баштайт. Мисалы мен кур тагынчу эмесмин. Качан айыпты көбөйтүп койгондо жана студенттердин алдында өзүм эле уялып тагына баштадым.

Ал эми Каттоо кызматынын айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн башчысы Эмил Абдиев окутуу мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат:

- Айдоочуларды жакшылап даярап туруп жолго чыгарыш керек. 1,5-2 ай окуган аябай аз. Окуу убактысын, акчасын көбөйтүш керек. Ар кандай айдоочуларды чыгарып жатабыз. Жүк ташуучу машина айдагандарды, жүргүнчү ташыгандарды, жеңил автоунаа айдоочуларын. Азыр оңой эле окуп жатышат. Алардын кандай окутуп жатканын, сабагына катышып, курсанттар теориялык, практикалык жактан тажрыйбасын арттырып жатабы, жокпу текшерген орган жок болуп жатат.

Ички иштер министри Улан Исраилов өлкөдөгү жол кырсыгынын көбү айдоочулардын тажрыйбасыздыгынан жана жол коопсуздугуна карата кайдыгер мамилесинен улам болуп жатканын белгилеген. Ошондуктан ал айдоочулардын жоопкерчилигин катаалдаштырууну сунуштаган эле.

Кан жолдогу “майдан”
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:01 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG