Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Үгүттө колдонулган кыргыз-өзбек мамилеси


Кыргызстан менен Өзбекстанды байрактары.
Кыргызстан менен Өзбекстанды байрактары.

Кыргыз-өзбек чек арасынын ачылышы президенттик шайлоодогу үгүттө негизги темалардын бири катары колдонулуп жатат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынан жана ага удаа кыргыз-өзбек чек арасындагы негизги "Достук" бекети ачылгандан кийин өзбек тектүү шайлоочулар арасында КСДПнын талапкерлерин колдоого WhatsApp байланышы аркылуу ич ара чакырыктар көбөйдү. Эки өлкө ортосунда жылыган мамиленин илеби башка талапкерлердин да үгүт иштеринде байкалууда.

Ош жана Жалал-Абад облусундагы өзбек тектүү жарандарга "башка талапкерден он миң сом алсаңар деле кыргыз-өзбек чек арасын ачып берүүнүн алдында эч кеп болбой калат. Акчага сатылбагыла! Муну WhatsApp аркылуу башкаларга тараткыла!" - деген өңүттөгү чакырыктар байма-бай келе баштады.​ Мындай жарыялар 6-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрүү пунктундагы чектөөлөр алынып салынгандан кийин тарай баштаган.

Түрдүү адамдардын үндөрү менен жиберилген билдирүүлөрдө чек ара президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун "салымы менен ачылганы" белгиленип, аны колдоп берүү чакырыктары камтылган.

Жогорудагы үгүттөрдү күн сайын алып жаткандардын бири Базар-Коргон районунун тургуну Сардар Мурадов мындай дейт:

- Шайлоодо добуш берүүгө үндөгөн билдирүүлөр улам эле ар кайсы тааныштардан келип жатат. Биз түшүнбөй калдык, чек араны президенттер ачтыбы же Жээнбеков ачтыбы?

"Достук" чек ара пункту ачылган күн. 5-сентябрь, 2017-жыл.
"Достук" чек ара пункту ачылган күн. 5-сентябрь, 2017-жыл.

Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына байланышкан маалыматтар президенттик шайлоо алдында жалгыз эле КСДП талапкеринин кызыкчылыгына пайдаланылган жери жок. Маселен, Жогорку Кеңештеги фракция башчылар менен жолугушуу учурунда Мирзиёевдин "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго "Мен сиз жөнүндө көп жолу уккам" деп айтканы да видео түрүндө WhatsApp аркылуу эл аралап жүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун башчысы Назарали Арипов соцтармактардагы мындай үгүт мыйзам менен чектелбегенин айтты:

- Кыргызстанда катталган телерадиокоманиялар, гезит жана интернет сайттардын арасында бизден аккредитациядан өткөндөрү үгүт иштерин жайылтат. Тилекке каршы, биз соцтармактарды көзөмөлдөй албайбыз. Биз азыр ушул маселени карап жатабыз. Талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, улут аралык маселени чыңалткандар болсо, тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылууга туура келет.

Сейтек Качкынбай
Сейтек Качкынбай

​Анткен менен эксперттер шайлоого катышып жаткан талапкерлер кыргыз-өзбек алакаларын калктын 14 пайызын түзгөн өзбек тектүү шайлоочулардын добушун алуу максатында колдонуп жатат деп эсептешет. Талдоочу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкүчө:

- Шайлоодон утуш үчүн пиарчылар эмнени гана ойлоп табышпайт. Мындай чакырыктар ошолордун эмгеги болушу мүмкүн. Аны бийлик өз пайдасына колдонгонго аракет кылышы ыктымал.

Анвар Артыков
Анвар Артыков

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Анвар Артыков WhatsApp тармагындагы чакырыктарды мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалайт:

- Чек аранын чечилишинде Жээнбековдун салымын четке какпастан, бирок маселени Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев чечти деп айтканыбыз туура. Талапкерлер жасаган иштерин элге айтып жатпайбы. Жасабаган жумуштарын да айтып жатышат. Бул шайлоо учурундагы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

2010-жылдан кийин салкындап кеткен кыргыз-өзбек мамилеси 2016-жылдын соңунда Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден баштап жанданган. Чек ара көйгөйлөрүн жеңилдетүү жаатындагы Ташкенттин кадамы ошол жылы Өзбекстандагы президенттик шайлоо алдында Фергана өрөөнүндөгү элдин ишенимине кирүү аракети катары да сыпатталган эле.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Кызматка 13 талапкер ат салышууда. Алардын 34 күндүк үгүт иштери 10-сентябрда расмий башталды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG