Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Бийликтин таза шайлоо өткөрүү убадасы


Коопсуздук кеңешинин жыйыны.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши президенттик шайлоого даярдыктарды эки бөлүп талкуулады. Алгачкы бөлүгүнө журналисттер катышса, кийинкиси президенттин сунушу менен жабык талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жетекчилик кылган Коопсуздук кеңеши журналисттердин катышуусунда өткөн биринчи бөлүгүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын жана өкмөттүн шайлоого камылгалары боюнча маалыматын укту.

Анда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кыргыз өкмөтү шайлоону таза уюштуруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтып баяндама жасады:

Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

- Алдыдагы президенттик шайлоону өткөрүүдө биометрикалык технологияларды жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоодогу “1 шайлоочу – 1 добуш” принциби өкмөт үчүн негиз болуп кала берет. Идентификациялоодогу, сканердеги жаңылыштыктарды четтетүү үчүн шайлоочулардын жүзүнүн биометрикалык маалыматы боюнча идентификациялоо функциясы киргизилди. Ага ылайык, идентификация беш секунддан 15 секундга чейинки убакытты алат.

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоо камылгалары боюнча буларга токтолду:

- Өткөн парламенттик шайлоодо деле ызы-чууларды көргөм. Керек болсо шайлоо күнү кээ бир телеканалдар мындай жаман, ыплас парламенттик шайлоо өткөн эмес деп бакылдагандарын көргөм. Андайды эл өзү чечет. Шайлоо таза, жакшы өтсө, эл кабыл алат. Шайлоо таза өтпөсө, эл кабыл албайт. Ошондуктан шайлоо таза өтүшү керек.

Коопсуздук кеңешинин жабык өткөн экинчи бөлүгүндө кандай талылуу маселелер талкууга түшкөнү кеңири айтылган жок.

Ага катышкандардын учкай берген маалыматтарына караганда, Коопсуздук кеңеши өкмөттүн алдына шайлоону таза өткөрүү жана шайлоочулардын коопсуздугун камсыздоо, тиешелүү бардык шарттарды түзүү тапшырмасын берди.

Коопсуздук кеңеши шайлоо маселесин талкуулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

​Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери, президенттикке негизги талапкерлердин бири саналган Өмүрбек Бабанов белгилегендей, жабык талкуу учурунда ыктымал мыйзам бузуулар жана 3-сентябрдагы Кара-Суу шаардык кеңешиндеги ызы-чуу менен коштолгон шайлоонун жыйынтыктары боюнча маселе көтөрүлдү:

- Административдик ресурс боюнча президент өз оюн айтты. Отургандардын бардыгына мыйзамды бузбагыла деп эскертүүлөрдү берди. Эми аны канчалык губернаторлор, бийлик тарапта иштеп жаткандар аткарат - ал ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Мен ошондой эле Кара-Суудагы шайлоо боюнча айттым жана президент тарабынан тапшырмалар берилди. Биз өзүбүздүн партия тараптан да арыздарды беребиз.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков күмөн туудурбасы үчүн ​шайлоо боюнча жыйындар ачык өтүшү керек деп эсептейт:

- Эгерде кайсы бир шайлоо участкасында мыйзам бузулса, ошол замат дароо оңдоп, мыйзам чегинде чара көрүшү керек. Убакыт менен ишти созо берсе, аягы нааразычылык менен ырбап кетиши мүмкүн. Негизи эле шайлоо маселеси коомчулуктан жабык өткөрүлсө, бул жакшылыкка алып келбейт. Шайлоо жакындап келе жатканда кандай гана жабык талкуу болбосун күмөн саноону жаратат. Ошондуктан жыйындар ачык өтсө, жакшы болмок.

Жеңиш Разаковдун маалымдашынча, президент шайлоо жакындаганда бул маселени Коопсуздук кеңешинде дагы бир жолу талкуулоону сунуштады.

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 10-сентябрда расмий башталды. Үгүт иштери 34 күнгө созулуп, шайлоого бир күн калганда токтотулат.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик жарышка талапке катары 13 кишини каттаган. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Эрнис Зарлыков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Арстанбек Абдылдаев.

2017-жылдын 8-сентябрына карата шайлоочулардын тизмесине 2 млн. 935 миң 293 жаран кирген. Шайлоого он күн калганда шайлоочулардын акыркы, такталган тизмеси түзүлмөкчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG