Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Бекназаров: мен тергөөдө калп айткан жокмун


Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Президенттик кызматка талапкер, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров жалган көрсөтмө берүү боюнча өзүнө карата козголгон кылмыш ишти "алдыдагы шайлоону утурлай жасалган атайын аракет, анын укуктук негизи жок" деп баалады.

Саясатчы Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөн кезде жазылып алынды деген аудиотасманын монтаж экенин кайталап, comment.kg сайтынын журналисти Раушан Айткулова-Рыкунова жарыялаган видео атайын кызматтын буюртмасы экенин айтты. Бекназаров бул иштердин башында президент Алмазбек Атамбаев турат деп жарыялады.

Улуттук коопсуздук комитети Бекназаровду "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө берген деп айыптоодо. БШК мүчөлөрү шайлоо мыйзамында талапкерлер расмий катталгандан кийин жоопко тартылбайт деген жобо бардыгына карабай, Бекназаровду камакка алууга макулдук берилиши мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

Азимбек Бекназаров УКМК ага карата кылмыш иши козголгонун жарыялагандан бери биринчи жолу журналисттерге үн катты. Ал кылмыш ишинин козголушун 15-октябрга белгиленген шайлоого жана президент Алмазбек Атамбаев менен саясий айдыңдагы пикир келишпестиктери, таарынычтар менен байланыштырды. Саясатчынын айтымында, атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (сотто күбөнүн атайлап жалган айтуусу) боюнча иш козгогону менен, аталган органдан расмий түрдө маалымдама келе элек:

- Менимче бул кылмыш ишин козгоого шайлоо себеп болду. Анткени талапкерлердин ичинен реалдуу түрдө Атамбаевдин режимине каршы чыгып аткан биздин топ - улутчул мекенчилдер тобу. Менден да корккон жок, биздин идеядан коркуп жатат. Экинчиден, Атамбаевдин мага болгон жеке таарынычы. 2010-жылдын 7-апрелине чейин бири-бирибизге ат мингизип, жер энчилешип, үй-бүлөбүз менен катташкан кан дос болчубуз. Аны танбайм. Ошол убактагы дос бойдон кала берет. Андан кийинки Атамбаев менин досум эмес, ал президент, саясатчы. Убактылуу өкмөттү "временщик" деп атай баштады. 14 кишиге өзү "временщик" болуп жүрдү. Таарынычы эмнеде? Отунбаеванын ордуна Убактылуу өкмөттүн жетекчиси болбой калды. Ошондо мени ачык күнөөлөдү, "саруулар биригип алдыңар" деп. Ошондон баштап Убактылуу өкмөттөн бөлүнүп алып өзүнчө аракет кылып жүрдү. Азыр ачуу чындык айтылбасын деп кылмыш ишин козготуп жатат.

Бекназаров өз айыбын өзү ачтыбы?

Бекназаров өз айыбын өзү ачтыбы?

16-августта интернетке жарыяланган жарым сааттык видеотасмадан саясатчы Азимбек Бекназаровдун журналисттерге берген маегинен кийинки ээн-эркин сүйлөшүүсүн көрүүгө болот.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, президенттикке расмий талапкер деп катталгандан кийин кылмыш ишин козгоо "Шайлоо жөнүндө" мыйзамга каршы келет. Ал "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда калп айтпаганын жана аны кайсы жерде болбосун кайталоого даярдыгын кошумчалады:

- Рыкунова менен сүйлөшкөндү жазып алуу мыйзамсыз деп эсептейм, анткени ал УКМКнын буюртмасы менен тымызын жазылды. Бул жерде менин конституциялык укугум бузулуп жатат. Эки адамдын ортосундагы сүйлөшүү - көрсөтмө, билдирүү эмес. Жөн эле сүйлөшүү. Анда мен жазган китепте жазылгандар тууралуу сөз болгон. Соттогу көрсөтмөгө анын тиешеси жок. Ал жерде "Мегакомду" мындай кылып кылмыш ишин козгосо болот эле деп айтып атам. Мен Александр Никсдорфтун чакыруусу менен бардым, Рыкунованын бар экенин билген эмесмин, ошол жерден көрдүм.

"Президентти шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 21-беренесинде талапкерлерди кылмыш жасаган жерден кармаган учурларда гана камоого уруксат берилери жазылган. Башка убакта шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланган күнгө чейин БШКнын макулдугусуз аларды жазага тартуу мүмкүн эместиги белгиленген.

Азимбек Бекназаров президенттикке талапкер болуп 2-сентябрда расмий катталган. Бирок БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, талапкерлер иммунитетти мыйзам жоопкерчилигинен качуу үчүн пайдалангысы келсе жана укук коргоо органдары өтүнүч жиберсе, Боршайком Бекназаровдун жагдайын карап чыгышы ыктымал:

- Укук коргоо органдары кылмыш ишин козгойбуз, жоопкерчиликке тартабыз деп аракет кыла албайт. Булар биздин юрисдикция, биздин иммунитеттин алдында жүрүшөт. Макулдукту Борбордук шайлоо комиссиясы берет. Бул туура жобо. Бирок муну туура түшүнүш керек. Бул макам менен жоопкерчиликтен качкан болбойт. Иммунитетти, макамды туура пайдаланыш керек. Андыктан Бекназаровду камакка алуу тууралуу макулдук берилип калышы деле мүмкүн. Андай мүмкүнчүлүк бар. Тескерисинче, баш тартып коюшу деле ыктымал. Маселе көпчүлүк добуш менен чечилет.

"Атайын тапшырма болушу мүмкүн"

Бекназаров быйыл августта “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда күбө катары көрсөтмө берип жатып анын "Мегакомго" эч тиешеси жоктугун айткан. Кийинчерээк интернетте Бекназаров менен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү деген аудиотасма тарап, аныкына окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын "Кудай өзүң кечир" деп жаттым” деп сүйлөгөн.

Көп узабай comment.kg порталынын журналисти Раушан Айткулова-Рыкунова интернетке видео тасма чыгарып, анда видеокамеранын жазып жатканын этибар албаган деген Азимбек Бекназаров биринчи тараган чуулгандуу аудиодогу сөздөрдү кайталаган. Бекназаров да, Ташиев да бул тасмалар монтаж деген жооп узатышкан. Бирок УКМК ал монтаж эмес экенин Алматыда жасалган атайын экспертиза далилдеди деген жүйө менен 5-сентябрда Бекназаровго кылмыш иш козгогон.

Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев эки тасма тең буюртма менен жазылган деп боолгойт:

- Кылмыш иштери боюнча коомчулукта бир топ талкуу жүрүп жатат. Мен деле эл сыяктуу видеолорун көрдүм. Айтпай-дебей жаздырып алуу мыйзамга туура келбеген көрүнүш. Ал эми Камчыбек Ташиев менен болгон маектешүүдө менин угушумча ал жерде дагы бир канча адам болгон экен. Алардын үнү жок, менимче атайын тапшырма менен жаздырып монтаждап берген болуш керек.

"Атамекенчилердин" соттук жараяндары

"Атамекенчилердин" соттук жараяндары

Текебаев баш болгон "Ата Мекен" партиясынын төрт өкүлүнө карата сот иштери бир учурда жүрүп жатат.

УКМК менен президенттин басма сөз кызматы Бекназаровго "калп айтты" деген негизде иш козголгон деген маалымат айтуу менен чектелишти. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов буга чейин козголгон кылмыш иштин чоо-жайын "Азаттык" радиосуна минтип түшүндүргөн:

- 2017-жылдын 15-августунда буга чейин интернет айдыңында тараган Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаровдун ортосундагы сүйлөшүүнү тиешелүү түрдө текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурадан УКМКга аудио жазуу келип түшкөн. Ал жерде Бекназаровдун Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергени боюнча сөз болгон. Ошондой эле бул маселе боюнча comment.kg сайтынын жетекчиси Айткулова да өз арызы менен кайрылган. Анда Бекназаров Текебаев жана Чотоновдун сотунда көз көрүнө жалган айткандыгы боюнча видеосун алып келип берген. Бул тасмалардын чын-бышыгын текшерүү үчүн алар Алматыдагы экспертизага жөнөтүлгөн. Анда аталган тасмадагы үндөр Бекназаровго таандык экени жана монтаж эместиги аныкталды. Материалдардын негизинде Бекназаровго карата кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Бишкектин Биринчи Май райондук Соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду орусиялык ишкер Леонид Маевскийден "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу 1 миллион доллар пара алган деген айып менен өткөн айда сегиз жылга эркинен ажыраткан. Эки саясатчы тең өздөрүнө козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап, жогорку инстанцияга кайрылышкан. Ишти карап жаткан Бишкек шаардык соту 7-сентябрда Азимбек Бекназаровду күбө катары кайра чакыртууну чечкен.

Ал эми Бекназаров менен сүйлөшүүнү интернетке жарыялаган Раушан Айткулова (мурдагы фамилиясы Качиева, Рыкунова) 2010-жылы Бекназаров жетектеген "БЭК" партиясынын талапкерлеринин тизмесинде 4-сапта парламенттик шайлоого катышкан.

2011-жылы июнь айында сиңдиси, мурдагы күйөөсү Владислав Рыкунов менен бирге "апрель окуяларынан кийин “Мегаком” компаниясынан акчаны мыйзамсыз алып кеткен" деп айыпталып, өзү жети, сиңдиси жана күйөөсү алты жылга эркинен ажыратылган. Рыкунова өзү күнөөсүз экенин айтып келет. 2016-жылдын январында Бишкектин Аламүдүн райондук соту анын алты жаштагы баласы 14кө чыкканга чейин жаза аткаруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырып, абактан чыгарган. Өткөн жылы адвокат Икрамидин Айткулов менен баш кошуп, күйөөсүнүн фамилиясын алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG