Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Бекназаров өз айыбын өзү ачтыбы?


Азимбек Бекназаров жана Раушан Рыкунова (коллаж)
Азимбек Бекназаров жана Раушан Рыкунова (коллаж)

16-августта интернетке жарыяланган жарым сааттык видеотасмадан саясатчы Азимбек Бекназаровдун журналисттерге берген маегинен кийинки ээн-эркин сүйлөшүүсүн көрүүгө болот.

Анда сөздөрүн видеокамера жазып жатканын этибар албаган саясатчы агынан жарылып, “Мегаком” чуусу, Өмүрбек Текебаевдин соту сыяктуу бир катар маселелер боюнча оюн айткан.

Видеону жарыялаган comment.kg порталынын журналисти Раушан Рыкунова Азимбек Бекназаровдун маектен тышкаркы сөзүн анын чыныгы жүзүн элге көрсөтүү үчүн атайын жарыялаганын билдирген.

- Урматтуу Азимбек Анаркулович, биз сиздин жалпы элди алдап жатканыңызды жашыра албайбыз. Калп айтканыңызды моюнуңузга алгандын ордуна окуяны башка жакка буруп, ага бийликти, УКМКны күнөөлөп жатасыз. Бул - мыйзамды мындай кой, адамдык жактан алганда да жакшы эмес. Эгер Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, президенттикке талапкер саясатчы калп айтып, сотто жалган көрсөтмө берип жатса калган адамдардын мыйзамга баш ийүүсү тууралуу сөз кылбай эле койсок болот.

Бул боюнча Бекназаровдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бир нече жолку телефонун чалуубуз жоопсуз калды.

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Рыкунова "Бекназаров калп айтты" деп буга чейин интернетке жарыяланган аудио жазууну айтып жатат.

Бир нече күн мурда Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Бекназаровдукуна окшош үн: “Сотто Текебаевдин сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын "Кудай өзүң кечире көр" деп жаттым” деп сүйлөгөн. Кийин саясатчылар муну монтаждалган аудио экенин айтып, "антип сүйлөгөн эмеспиз" деп актанышкан.

Рыкунова жарыялаган видеодо Бекназаров аудио жазуудагы сөздү кайталаган.

- Сотто жыгылып жаткан кишини колдоюн деп калп айттым. Калп айткан сайын “кудай өзү кечирсин” дедим деп балдарга да айтып бердим. Сотто менден “13-майда Маевскийди көрдүң беле?” деп сурашты. Мен көргөн жокмун дедим. Анан "Текебаев “Мегакомдун” 49 пайызы менен алек болгон эмес, баарын мен кылгам" дедим.

Азимбек Бекназаров андан аркы сөзүндө “Мегаком” чуусуна аралашкан саясатчылардын аттарын тизмектейт. Анын айтуусу боюнча чуулуу компанияга ээлик кылууга Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Кубатбек Байболов сыяктуу саясатчылар кызыкдар болгон. Бекназаров “Мегакомдун” 51 пайызына ээлик кылууга ошол кездеги премьер-министр Атамбаев менен башкы прокурор Байболов кызыккан дейт.

- 2011-жылы “Мегакомдун” 51% акциясын Алмазбек Атамбаев менен Кубатбек Байболов талашкан. Бабанов да бар болчу. Анан ошолор Мурзалиевди алып келишкен. Мурзалиевге арыз жаздыра коюп, сени (Рыкунованы – ред.) акчаны уурдап кетти деп каматышкан. Азыр эми ошолордун баары түрмөдө жатат. Тигилер болсо аны пайдаланып алып, таштап кетишти.

Анткен менен Кубатбек Байболов Бекназаровдун айткандары карандай калп экенин, “Мегакомдо” жеке кызыкчылыгы болбогонун айтууда:

- Юридикалык жактан алганда сотто атайылап жалган көрсөтмө бергени үчүн Бекназаровду жоопко тартуу керек. Экинчиден, тигил аял (Рыкунова – ред.) соттолуп чыккан. Эми экөөнүн тең калпычы экени бүткүл Кыргызстандын элине маалым болуп жатпайбы. Экөө тең жеткен калпычылар. Бекназаровдун жүзү мурда бизге эле белгилүү болсо эми баарына белгилүү болду. Бир туруп муну, кайра туруп башканы айтат. Баары калп.

"Мегакомдогу" кагылышкан кызыкчылыктар

Бекназаров журналисттер менен сүйлөшүүсүндө өзү баш прокурор болуп турганда козгогон кылмыш ишин сотко жеткирген жок деп кийин келген баш прокурор Аида Салянованы да айыптаган.

Салянова Бекназаровдун айткандары жалган экенин айтууда. Ал Бекназаров козгогон иш боюнча сот чечими чыкса “Мегакомдун” 51 пайызы мамлекетке эмес, орусиялык Penwell компаниясына өтүп кетмек экен.

- Бекназаров 2010-жылы мен козгогон ишти эмне үчүн сотко өткөргөн жок деп жатат. Ал менимче бул маселени жакшы түшүнбөйт же атайын эле жалган айтып жатат. Мен эгерде Азимбек Бекназаровдун ишин сотко өткөрсөм “Мегакомдун” 51 пайызы орустарга өтүп кетмек. Менимче, Бекназаров Рыкуновага жан тартып Penwell'дин пайдасына чечим чыгаргысы келген.

"Бекназаров журналистти сотко берсе болот"

Видеонун интернетке таркап кетиши журналисттик чеберчилик боюнча маселени да козгоду. Медиа боюнча эксперт, юрист Акмат Алагушев айтпай туруп жаздырып, аны интернетке жарыялаганы үчүн Бекназаров Рыкунованы сотко берүүгө укуктуу экенин билдирди.

- Айтпай туруп видеого жаздырып, аны жалпыга жарыялаганы үчүн сотко кайрылса болот. Видеодо айтылган сөздөр чындыкка дал келеби, жокпу ал экинчи маселе. Ал нерсе сотто териштирилет. Журналисттер сүйлөшүү жаздырылып жатканын маек берип аткан кишиге айтышы керек болчу.

Раушан Рыкунова убагында “Мегакомдун” 51 пайызына ээлик кылган орусиялык Penwell компаниясынын расмий өкүлү болуп иштеген. Кийин ага кылмыш иши козголуп, абакта отуруп чыккан.

Азырынча тиешелүү органдар интернетке тараган видео боюнча комментарий бере элек. Эки ыңкылапка тең катышкан Азимбек Бекназаров президенттикке талапкерлигин койгон. Ал убагында Убактылуу өкмөткө мүчө болуп, Башкы прокуратураны жетектеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG