Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:38

УКМК Бекназаровдун сөзүн териштирет


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коомдук ишмер жана саясатчы Азимбек Бекназаровдун "Ата Журт" партиясынын курултайында сүйлөгөн сөзүнө укуктук баа берүүгө киришти.

Буга чейин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина анын сөзүндө улуттар аралык кастыкты козуткан жана коомду бөлүп жарууга алып келчү чакырык бар деген негизде кайрылуу жасаган болчу.

Атайын кызмат Бекназаровдун курултайдагы сүйлөгөн сөзүнө карата саясий-лингвистикалык экспертиза дайындалганын жарыялады.

Бул талаштуу тема боюнча көз карандысыз эксперттер да пикирин айтуудан карманып турушат. Алар экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин "Азаттыкка" комментарий бермей болушту.

Бекназаровдун курултайдагы билдирүүсү

18-июлда "АтаЖурт" партиясынын президенттикке талапкер көрсөткөн курултайында коомдук ишмер жана саясатчы Азимбек Бекназаров чыгып сүйлөгөн. Анда ал эки бирдей талапкерлиги сунушталып жаткан Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевге кайрылып, президенттик кызмат бирөө экенин жана шайлоого чейин ойлонуу керектигин айткан эле. Муну менен бирге эле ал президенттик жарышка чыгып жаткан саясатчыларды тандоодо алардын таза кыргыз экенине басым жасоо зарылдыгын айткан болчу. Азимбек Бекназаров муну менен Акаев доорунда калыптанган "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" принцибинен кайтууга чакырган:

- Экөөнүн тең тага журту, ата журту, кайын журту таза кыргыздар. Кыргызстан кыргыздар үчүн керек, ал кыргыздардын мамлекети. Биздин саясат, биздин президенттер кыргыздар үчүн иштеши керек. Кыргызстандын мамлекети, кыргыздардын үйүн курушу керек. Акаев куруп кеткенЖалпынын үйү дегенди бузушубуз керек. Ошол жалпы үйдө өсүп, тарбияланып саясатка аттанган саясатчылар ким экенин, ал эми мекен үчүн, эл үчүн кызмат кылгандарды дагы айрып тааный турган мезгил келип жетти.

Карамушкинанын капачылыгы

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун курултайда сүйлөгөн сөзү интернеттеги орус тилдүү социалдык тармактарда катуу талкууга алынды. Анда анын бул айткандарын айыптаган пикирлер калтырылып, "Кыргызстан - кыргыздардын гана эмес, анда жашаган бардык улуттардын мекени" экенин белгилеген комменттарийлер жазылды.

Президенттик шайлоонун астында мамлекетти түзүүчү болушу керек деген негизде бир улутка гана басым жасоо менен жарандардын улуттук сезимине "ойноого" жол бербөө маселеси көтөрүлдү. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина башкалар сыяктуу эле Бекназаровго чара көрүүнү сунуштады:

- Анын бул айткандары улутчулдук жана бүлүндүрүүчүлүк мааниде болду. Мындай билдирүү коомду ажырымга жана кыйсыпыр кылууга алып келет. Бекназаров "Кыргызстанды жалпы үй" деп атаганды токтотуу керек" дегенде баарыбыз эле ал бир гана улутка басым жасап, бир түрдүү мамлекет түзүү тууралуу айтып жатканын түшүндүк. Мен муну менен ал "Кыргызстан кыргыздар үчүн" деген ойду туюнтат деп эсептейм. Биздин буга ачуубуз келди. Бекназаров буга жооп берип, жазасын алышы керек. Азыр улутчулдук мүнөздө айткан сөзү үчүн Трофимов деген тергөө абагында отурат. Бекназаровду дагы мына ошол Трофимовго окшотуп камап, жазасын берүү керек. Аны дагы абакка камап, анан эмнеге мына ошентип сүйлөгөнүн териштиришсин.

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Ошол эле кезде айрым жергиликтүү агенттиктер "Ата Журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиевге, Ахматбек Келдибековго жана Азимбек Бекназаровго алардын таза кандуулугун аныктоо боюнча ДНК-тесттен өтүүнү сунуштап чыкты. Партиянын расмий өкүлү Шайырбек Маматокторов мындай зарылдык жок экенин айтып, жооп берген.

Ал эми курултайда таза кыргыз президенттикке барышын сунуш кылган Азимбек Бекназаров башка улуттарды капа кылайын деген ою жоктугун айтып, ДНК тест аркылуу таза кыргызды аныктап чыгуу кыйын экенин белгиледи.

- Мен бул жерде жан-дүйнөмдөгү өксүктү айтып жатам. Башка бир улутту басмырлап жаткан жерим жок. Кыргызды "арыңа кел" деп жатам. Мына ушул маанисинде "таза кыргыз" дегемин. Анан эми кыргыздын таза кандуулугун ДНК тест менен аныктоо кыйын болсо керек. Анан калса биздин каныбыздын тазалыгын аныктай турган нерсе барбы? Мына ошондой таза кыргыз мына момундай болушу керек деген шкала жок да. Мен мына ошондой ченемди айтып жатам. Анан эми мейли президент башка улут болсун. Бирок "кыргыз үчүн, Кыргызстан үчүн күйгөн инсан болсун" деп жатам.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Кубан Арзыкулов саясатчынын сөзүндө улуттар аралык кастыкты козутуу бар же жок экенин экспертиза аныктай турганын билдирди.

Эске сала кетүүчү жагдай, саясатчы Азимбек Бекназаров дагы улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдигинин колдоосу аркылуу өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка аттана турганын жарыялаган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG