Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Айгүл Текебаева "Ташиев берген белекти" көрсөттү


Айгүл Текебаева "Азаттыкка" маек куруп жатат. 14-август, 2017-жыл
Айгүл Текебаева "Азаттыкка" маек куруп жатат. 14-август, 2017-жыл

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев туулган күнгө берди делген вискини “Азаттыкка” маек берип жаткан учурда көрсөттү. Анын айтымында Өмүрбек Текебаев 2010-жылы 4,5 литрлик вискини үйүнө "Камчыбек үкөм туулган күнүмө белек кылды" деп алып келген жана аны жан сакчысы көтөрүп кирген. “Жети жыл өттү. Муну Ташиев унутуп калышы мүмкүн”, - деди Айгүл Текебаева.

Айгүл Текебаеванын айтымында, Ташиев белек кылган вино азыр да бар. Сүрөт 14-август, 2017-жылы тартылды.
Айгүл Текебаеванын айтымында, Ташиев белек кылган вино азыр да бар. Сүрөт 14-август, 2017-жылы тартылды.
Айгүл Текебаева: Ташиев берген виски үйдө турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

Мындан мурдарак интернетке “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин соту боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров менен “Ата Журт” партиянын лидери Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү делген аудиотасма интернетке тараган. Анда эки саясатчы чай үстүндө сотто берген көрсөтмөсү тууралуу сүйлөшүшкөн деп боолголонот. Бекназаровдукуна окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын Кудай өзүң кечир деп жаттым” деп сүйлөгөн. Ал эми Ташиевдики делген үн сотто көрсөтмө берер алдында Текебаевден кат алганын айткан:

- Мага кат жазып жибериптир, Камчы үка 22си туулган күнүм болгон. Эсиңдеби, 23ү келип мени куттуктап вино бергенсиң дептир. Эсимде жок, вино бергенимди, куттуктаганымды. Мен аны эч качан куттуктаган эмесмин.

Бүгүн аталган эки саясатчы бул аудио тасманын мазмуну чындыкка коошпой турганын жана монтаждалганынын айтып чыккан.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет.

Мамлекеттик айыптоочу соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG