Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:00

Президенттик шайлоонун үгүт кампаниясы башталгандан тарта өлкө боюнча талапкерлердин ураан-чакырыктары тынбай жарнамаланып жатат.

Ураандар көбүн эсе мекенге болгон сүйүү, өнүгүүгө багытталганы менен арасында өзгөчөлөнгөн чакырыктарды кездештирсе болот. Саясий технологдор буга чейинки шайлоого салыштырмалуу талапкерлердин жарнамалары жаңы деңгээлге чыкканын айтышып, бирок дагы деле болсо кемчиликтер бар экенин белгилешет.

Көчөгө баннер жайнады

10-сентябрга караган түнү үгүт кампаниясы расмий башталып, ар бир кыргызстандыкт таңды президенттикке талапкерлердин жүзү менен тосуп алды. Сыналгы, радио, атүгүл көчөдө карыш сайын президент болом дегендердин баннерлери жарандардын көңүлүн өзүнө тартууда.

Айрыкча президент болууга белсенип турган алдыңкы талапкерлердин мүмкүнчүлүгү бирдей болуп турган чакта дал ушу жарнама, үгүт иштери чечүүчү ролдорду ойночудай. Ушунданбы, айтор талапкерлер кооз сүрөт, көркөм ураан менен үгүт иштерине киришти.

2011-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин штабынын жарнама командасында иштеген Айнура Токтошева Кыргызстанда он пайызга жетпеген шайлоочу талапкерлердин программасы аркылуу добуш берет дейт. Муну билген саясий технологдор жарнама үгүткө басым жасап жатат.

- Талапкерлер өз программасы менен тааныштырып жатканда 8-10 пайыз эле ал программа аркылуу шайлашат. Андыктан көбү жарнама жана адамдын психологиясына таасир эткен PR үгүт аркылуу добуш беришет. Адам баласы кайсы бир жарнаманы жаттап калыш үчүн кеминде 18 жолу көрүшү керек. Ал эми көчөдөгү баннер, гезиттеги сүрөттөр жарандарга талапкерди унутпаш үчүн улам эсине салып турганга чоң таасир этет.

Талапкерелердин үгүткө алып чыккан ураан-чакырыктары эки-үч сөздөн гана туруп, анда биримдик, мекенчилдик сезимдердерден куралганын байкаса болот. Талапкер Өмүрбек Бабанов “Алдыга жол” деп чакырык таштаса, Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз көчү жолун улайт” деген ураанды карманды. Ал эми Темир Сариевдин “Жеңишке бирге” чакырыгын жол боюндагы баннерлерден окуса болот.

Бабановдун чыгымы миллиондорду чапчыды

Үгүттүн экинчи күнүндө талапкер Өмүрбек Бабановдун сүрөтү Бишкектин дээрлик бардык ири кесилиштерине жайгаштырылып, башка талапкерлерден ат чабым алдыга кеткендей. Андан азыраак кездешкен Жээнбековдун сүрөттөрү талапкерди улам эске салып турса, Сариевдин баннери саналуу жерге илинген экен. Ал эми калган талапкерлердин сүрөттөрү азырынча Бишкекте байкалбайт.

Бирок БШК 13 талапкер үгүт иштерине ар кандай өлчөмдө каражат коротуп жатканын айтууда. БКШ мүчөсү Назарали Арипов буга ар бир талапкердин жарнамалык материалынын бирден нускалары БШКнын атайын жумушчу тобуна калтырып жатканы менен түшүндүрдү.

- Ар бир талапкерлер өзүнүн шайлоо фондун ачкан, бардык үгүт иштери ошол фонддогу акча аркылуу жүрүп жатат. БШКда атайын үгүт иштерин жүргүзүүнү көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Биз ар бир талапкердин атайын өкүлү менен иштешип жатабыз. Ошондой эле ар бир жарнак материалдар, видео, аудио, баннер, гезиттеги үгүт материалдар биз тарабынан көзөмөлдөнүп, бир нускасын сөзсүз алабыз. Бүгүнкү күнгө талапкерлер арасында бири-бирине арыз даттануулар жок.

БШК кайсы талапкер канча баннерин кайсы жакка жайгаштырганын билсе да, айтканга акыбыз жок дешүүдө. Бирок талапкерлердин шайлоо фондунан сарпталып жаткан сандарга карасак, 11-сентябрдагы маалымат боюнча алдыңкы үчтүктө Бабанов 110 млн. сом, Жээнбеков 36 млн, Сариев 24 млн. сом коротуп жибергенин байкоого болот.

Менталитет эске алынса...

Саясий технолог Светлана Молдогазиева жыл сайын Кыргызстанда үгүт технологияларына жаңычылдык кирип, көп чыгашаны талап кылып жатканын айтат. Бирок ал азыркы талапкерлердин үгүт кампаниясы чоң ката кетирип жатканын байкады.

- Алдыңкы талапкерлерди байкасаңар чет өлкөдөн саясий технологдорду чакырган экен. Мен билгенден Украинадан жана Орусиядан атайын компаниялар бир нече талапкерлерге иштеп жатат. Бирок чет элдик компаниялар биздин аймактагы элдин өзгөчөлүктөрүн биле бербейт. Тескерисинче аны жергиликтүү политтехнологдор жакшы билет. Ошондуктан бизде айыл-айыл, керек болсо ар бир көчө, ар бир жаранга таасир бере турган үгүт керек. Бир үгүт жарнакты Кыргызстан боюнча илгенден көрө, облустарга өзүнө жакын ураан менен чыкканы жакшы болмок.

Бишкек шаары
Бишкек шаары

Светлана Молдогазиева үгүт кампаниясынын ажырагыс бөлүгүнө кирген компоненттердин бири бул кара пиар, компроматтар экенин айтып, алдыда талапкерлер бул баскычка жетээринен кам санабай турат. Дал ушул бөлүктө талапкерлердин жүзү ачылып, шайлоочулардын тандоосу өзгөрүүчү учур экенин айтууда.

Боршайком болсо талапкерлер арасында бири-бирине дооматтар түшсө, арыздарга дароо чара көрөөрүн эскертүүдө.

Президенттик жарышка катышуу ниетин билдирип БШКга башында 59 адам кайрылган. Айрымдары өз арызын кайтарып алса, кээ бирлери тийиштүү шарттардан өтпөй, талапкер болбой калган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттап, талапкер макамын берген. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Эрнис Зарлыков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Арстанбек Абдылдаев.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG