Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Шайлоо алдында иштен алынган кадрлар


Иллюстрация (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Иллюстрация (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусу боюнча координаторунун саясий жарыш алдында кызматтан алынышы ар кандай талкууга жем таштады. БШК кайсы бир талапкерди колдоп, тост айткандан кийин иштен алынды делген Замира Жороева өз арызы менен иштен кеткенин билдирүүдө. Жергиликтүү шайлоо комиссиялары административдик ресурстан көз каранды болуп жатабы?

Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткендеги өкүлү, аймактык комиссиянын мүчөсү Замира Жороеванын иштен алынганын алгач БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева айтып чыккан. Буга Жороеванын тойлордун биринде шайлоого аттанган талапкерди колдоп, сүйлөгөнү себеп болгону белгиленген.

- Баткенге командировкага барганда ал өзү мага келип ыйлап айтты. Угушума караганда, анын тост айтканы боюнча маалыматты өкмөттөн бирөөлөр жеткириптир. Мен төрайымга кирип сурасам, Жороева өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазыптыр. Мен сураганда ал "Тост айткан эмесмин, ал талапкерди тааныбайм. Эгер арыз жазбасам башка маселе менен иштен кетиришет эле да",- дейт. Ал киши өзү жалгыз бой экен, эки бала менен жумушсуз калды.

Замира Жороева учурда тренер катары ишин улантып жатканы белгилүү болду. Бирок ал "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты.

БШК үгүт ишин эрте баштабоону эскертти

БШК үгүт ишин эрте баштабоону эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышканы жаткан саясатчыларга, саясий күчтөргө үгүт иштерин эрте баштабай турууну эскертти жана мыйзамды сыйлоого чакырды.

БШКнын аппарат башчысы Бакыт Жумагулов Жороева өз каалоосу менен иштен кетүү тууралуу арыз жазганын белгиледи. Арызда иштен кетүү себеби ачык айтылган эмес.

- Мен анын арызын окудум, өз каалоом менен деп жазыптыр. БШКда окуу борбору бар. Анын тажрыйбасын, билимин баалап, окуу борбор менен бирге аймактык шайлоо комиссия мүчөлөрүн окутуп жатыптыр.

Анткен менен БШКнын дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова БШКнын бир катар аймактардагы өкүлдөрү негизисиз кызматтан алынганын белгилөөдө.

Арасында Чүй облусунун Жайыл, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондорундагы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү же атайын өкүлдөрү бар. Алардын айрымдары өз укуктарын сот аркылуу коргоого аракет кылып жатышат.

БШКнын Жайыл району боюнча атайын өкүлү Гүлмира Көпөсбаева кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып Биринчи Май райондук сотуна арыз жазган. Бирок сот БШКнын пайдасына чечим чыгарып берген. Эми Көпөсбаеванын арызы шаардык сотто каралат.

- Жумушчу топтун чечимине таянып эле кетирип салды. Мыйзам чегинде аймактык комиссиянын ишине кийлигише албайбыз да. Ошону көзөмөлдөш керек болчу деп жатышат, бул эми шылтоо да. Бир эле биз эмес, Кыргызстан боюнча бир убакта 27 атайын өкүлдү алып таштады да.

Атыр Абдрахматова болсо буйрукту аткарбагандарды тазалоо аракети болуп жатат деген оюн ортого салды:

- Ушундай фактылар тилекке каршы абдан көп болгон. Алардын беш-алтоо бизди мыйзамсыз иштен кетирди деп сотко кайрылган. Бирок сот процесстери кандай жүрүп жатканы белгисиз, жашыруун. Чындап эле бирөөлөр одоно катачылык кетиргендир, бирок көп учурда өйдө жактан түшкөн буйрутмаларды аткарбайбыз, мыйзам чегинде иштейбиз дегендерди тазалагандай болуп жатабыз. Азыр аймактык шайлоо комиссиясынын ичинен абдан көп кишилерди чыгарып, кайра киргизүү болуп жатат.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

Ири саясий жарыш алдында БШКнын аймактагы өкүлүнүн кызматтан алынышы социалдык тармактарда кызуу талкууланып, түрдүү пикирлерге жем таштады. Айрымдары бул орун өз кишини алып келүү үчүн керек болгонун жазса, кээ бирлери бул шайлоо алдындагы алгачкы көрүнүш эмес экенин белгилешкен.

Ал ортодо БШК кошумча шайлоо тилкелерин ачып, аймактык комиссия мүчөлөрүн окуудан өткөрүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, ушул тапта Бишкекте 33 кошумча шайлоо тилкелери ачылды.

- Жалпысынан бардык деңгээлде, БШК, аймактык, участкалык болуп 25 миңге жакын шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Тирүү организм экен дегендей, шайлоо комиссияларындагы туруксуздук, саясий компанияда, жергиликтүү кеңештин шайлоолорун өткөрүүдө туугандары же өздөрү талапкер болуп кеткен мүчөлөр болду. Кээде комиссия мүчөсүнүн кызмат ордуна шайкеш келбей калган жагдайлар болот. Ошого жараша алмашуулар болуп жатат. Шайлоо комиссиялары бейтарап, көз карандысыз мамлекеттик орган.

Бекматов шайлоо комиссиялары бейтарап жана көз карандысыз мамлекеттик орган экенин белгилеп, саясий көз карашы же пикири үчүн эч ким куугунтукка кабылбашы керектигин айтып жатат.

Ушундай сөздөр болбош үчүн БШК сестенип, алдын алып турушу керек. Адилеттүү, баарына тең карап, тең шарт түзүлбөй жатат дегенге көз карандысыздыкты көрсөтө албаганы себеп болуп жатат.
Динара Ошурахунова

Анткен менен серепчилер мына ушундай жагдайлар шайлоонун таза өтүшүнө шектенүү жаратарын белгилеп жатышат. Жарандык активист Динара Ошурахунова БШКнын көз карандысыз болбой, кош стандарттуу саясатты карманып жатканына арыздангандар көп болуп жатканын айтты:

- БШК төрайымынын дарегине абдан көп нааразычылык айтылды. Көз карандысыз боло албай жатат, калыс чечим чыгара албай жатат деген сөздөр болгон. Баткендеги окуя буга дагы кошумча болууда. Элдин баары тең имиш менен эле алып салып, өзүнүн адамын, чогуу көз каранды иштерди иштей турган адамды алып келет деген сөз пайда болууда. Мына ушундай сөздөр болбош үчүн БШК сестенип, алдын алып турушу керек. Адилеттүү, баарына тең карап, тең шарт түзүлбөй жатат дегенге көз карандысыздыкты көрсөтө албаганы себеп болуп жатат.

Боршайком өлкө боюнча 2300, чет мамлекеттерде 36 добуш берүүчү шайлоо участкасын ачарын буга чейин билдирген. Мындан сырткары ички миграцияны эске алып Ош жана Бишкек шаарларына кошумча шайлоо участокторун ачуу чечимин чыгарган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG