Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:16

Шайлдабекова: Бабановдун Назарбаевге жолукканы жоопкерсиздик


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу жоопкерсиздик. Мындай оюн “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

- Президенттикке талапкерлер мыйзамдагы кичи пункттарга жашынса да эл алдындагы жоопкерчиликти унутпашы керек. Бабановдун Назарбаев менен жолукканы - жоопкерсиздик. БШК бул факты боюнча өз баасын берет.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолукканы тууралуу маалымат Казакстан президентинин расмий сайтына 19-сентябрда жарыяланган. Ал жолугушууда "эки тараптуу кызматташуу жана бир тууган мамилени бекемдөө маселеси" талкууланганы жазылган. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга жолугушууну айыптаган нааразылык нота жөнөткөн. Казак тарап болсо жолугушуу эл аралык нормаларга каршы келбестигин жүйө кылган.

Бул жолугушууга баа берүү өтүнүчү менен укук коргоочу Турсунбек Акун БШКга расмий арыз жазган. Арызды караган БШКнын жумушчу тобу Назарбаев - Бабанов жолугушуусу талапкердин үгүт материалы катары жарыяланбаганын жүйө кылып, арызды четке каккан. Мындан сырткары Акун арызды жолугушуудан үч күндөн кийин жазган. Шайлоо мыйзамы боюнча жарандар мыйзам бузуу тууралуу арызды окуядан кийин эки күн ичинде жазышы керек. (UEz)

XS
SM
MD
LG