Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:24

"Коммерсантъ" басылмасы орусиялык ишкер Муса Бажаев Таластагы Жерүй алтын кенин кытайлык Chine Gold мамлекеттик компаниясы менен бирге иштетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жарыялады.

Анткен менен Жерүйдү иштеткен "Альянс-Алтын" компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмү бул алтын кен долбоору сатылбаганын жана учурда алтын чайкоочу фабриканы кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте куруу боюнча гана сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

"Коммерсантъ": ​Бажаевдин долбоорлоруна Кытайдын ишканасы кызыгууда

Орусиялык "Коммерсантъ" басылмасы Муса Бажаевге таандык "Орус платинасы" компаниясынын Орусиядагы жана Кыргызстандагы долбоорлоруна Кытайдын China Gold деген ири мамлекеттик ишканасы кызыгып жатканын жазып чыкты.

Анда Муса Бажаевдин "Орус платинасы" корпорациясы Кытай тарап менен Орусиянын Таймырындагы Норильск, Черногорск ири платина кендерин жана Кыргызстандагы Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча кызматташа турганы көрсөтүлгөн. Кытайдын China Gold компаниясынын бул долбоорлорго салчу инвестициясынын жалпы көлөмү 4,6 миллиард АКШ долларын түзө турганы белгиленген. Мына ошондон улам жергиликтүү интернет сайттарда аталган алтын кени кайрадан үчүнчү бир тарапка кымбатка сатылганы тууралуу маалыматтар чыкты.

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын мурдагы төрага орун басары Сагынбек Абдрахманов анын Жерүйдү иштетүү укугун жеңип алган компания боюнча баштапкы күмөн саноолору учурда ырастала баштаганын белгиледи:

- Мен андан шек санаганым үчүн ал компания кен казуу фабрикасын кура албай турганын айтып чыккамын. Анын лицензиясынын кайра эле башка компанияга сатыла турганы мурда эле белгилүү болчу. Буга кызыкдар кишилер болгон. Анын иштетүүнү мамлекетке берүүнүн ордуна чет элдик жеке компанияга берип салганы өкүнүчтүү. Аны "Кыргызалтынга" бергенде эмне иштете албай калат беле? Иштетет болчу. Кендин 50 пайыз үлүшү Кыргызстанда калат эле. Азыр эми мамлекеттин бир пайыз дагы үлүшү жок. Аны улам-улам колдон-колго өткөрүп, пайда тапкысы келгендер сата беришет. "Восток геолодобычага" караганда биздин "Кыргызалтындын" 30 жылдык тажрыйбасы бар болчу. Албетте бизде каражат маселеси тартыш болчу. Бирок биз тиешелүү өнөктөштөрдү таап, алар тендерде 10 миллион долларды төгүп беришкен. Бирок мына ошого карабастан коррупциялык жолдор аркылуу аталган компанияга берип салышты. Жыйынтыгы ушул...

Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

Кытай менен кызматташуу

Жерүйдү иштеткен "Альянс-Алтын" компаниясы аталган алтын кен долбоору үчүнчү бир тарапка сатылбаганын жарыялап, анын айланасындагы маалыматтар атайылап бурмаланып таратылып жатканы боюнча билдирүү таратты.

"Альянс-Алтын" компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов учурда Кытай тарап менен Жерүй алтын кениндеги объектилердин курулуш иштери боюнча гана сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтып, бул жерде алды-сатты тууралуу маселе жоктугун билдирди:

- Бул жерде Жерүй алтын кени кайра башка бирөөгө сатылган жок. Мына ошол эле кытайлык China Gold сыяктуу 4-5 компания менен алтын чайкай турган фабриканын жана калдыктарды сактоочу жайдын курулушун жүргүзүү боюнча гана сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. China Gold компаниясынын өкүлдөрү дагы өткөндө келип, бул жерди көрүп кетишкен. Анан эми тендерде кимиси сапаттуу жана тез бүтүрө турган сунушту берсе, мына ошол компания утуп чыгат да. Бул жерде алды-сатты тууралуу сөз жок. Бул жерде буюрса, быйыл октябрь айында фабриканын курулушун башталат. Макулдашуу боюнча эмдиги жылы ошол маалда ал ишке кириши керек.

Жерүй.
Жерүй.

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун 2015-жылы май айында орусиялык ишкер Муса Бажаевдин "Орус платинасы" корпорациясынын курамына кирген "Восток геолодобыча" компаниясы утуп алган болчу. Кийин ал кенди иштетүү үчүн "Альянс-Алтын" ишканасын уюштурган. Бул алтын кен долбоорунун 40 пайыздык үлүшү казакстандык ERG корпорациясынын кожоюндарынын бири Алижан Ибрагимовго таандык экени көрсөтүлгөн. "Коммерсантъ" басылмасы "Орус платинасы" компаниясындагы маалымат булагына шилтеме берип, учурда Кыргызстандын Жерүй алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр жанданганын жазып, аны иштетүүнүн техникалык долбоору жакында кыргыз өкмөтүндө бекитиле турганын жарыялаган.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Азис Сапаралиев орусиялык компания долбоорго сырттан кошумча инвестиция тартууну өз алдынча чече турганына токтолду:

- Ал компания өзүнүн каржылык муктаждыгына жараша кайсы инвестор менен кандай багыттар боюнча кызматташа турганын өзү чечет. Ал өзү тендер жарыялап, кызматташуунун жолдору жана ыкмалары боюнча маселени өзү гана чечет. Бул анын өзүнүн ички иши. Биз менен болсо иштелип чыккан долбоорлорду гана макулдашат. Ал долбоорлор лицензиялык келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөрү боюнча ишке ашып жатат. Бекитилген талаптарга ылайык, техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча экспертизалар дайындалып, мына ошолордун негизинде долбоор бекитилет.

Бабановдун түшүндүрмөсү

Буга чейин айрым жергиликтүү интернет сайттар Жерүй алтын кенин иштетүү укугун 100 миллион АКШ долларына сатып алган Муса Бажаев менен Алижан Ибргаимовго таандык компания аны кайра үчүнчү жакка кымбат баага сатканы тууралуу жазып чыгышкан.

Жерүй.
Жерүй.

Буга "Республика-Ата-Журт" фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабановдун катышы болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн болчу. Өмүрбек Бабанов инвестиция чакыргандан башка бул долбоорго тиешеси жоктугун айтып, аны ысымы курулай караланып жатканын белгилеген болчу:

- Мындай нерсени эми далилдеп туруп анан жазыш керек да. Чынын айтканда бул менин намысыма катуу тийди. Биз инвестор алып келип жатсак. Кыргызстанга 100 миллион доллар акча түштү. "Альянс" мурдагы казак компаниясы менен сүйлөшүп, ал доомат койгон соттун дагы маселесин чечти. Мына ошонун эмнеси туура эмес? Ушул күнгө карата эле ал 190 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат жумшады. Анан дагы 200 миллион доллар жумшап, фабрикасын курууну пландап жатышат. Мына ошонун эмнеси жаман? Мурда ушундай инвестиция болду беле? Бул жерде эмнени мен туура эмес жасадым?

Кыргызстандагы Жерүй алтын кени жалпы көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки экинчи орунда турат. Анын изилденген алтын запасынын көлөмү 105 тоннага барабар экени жарыяланган болчу. Талдоочулар бийлик алмашкан сайын аны иштеткен компаниялар дагы бир нече курдай алмашып келгенин белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG