Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Президенттин билдирүүсү үгүт катары бааланды


Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун жергиликтүү активи менен жолугушуу учурунда тартылган сүрөт.
Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун жергиликтүү активи менен жолугушуу учурунда тартылган сүрөт.

Президент Алмазбек Атамбаев 4-октябрда президенттикке талапкерлердин бирин сындаган билдирүү таратты.

Анда "кайсы бир талапкердин шайлоочулардын 65 пайызы ага добуш берүүгө даяр дегени эч нерсе менен ырасталган эмес, бул маалыматты коомго таңуулоо аракети" деп айтылган.

Буга чейин президенттикке ат салышып жаткан Өмүрбек Бабанов өзүнүн рейтинги жогору болгондуктан биринчи турда эле утуп чыкканга мүмкүнчүлүгү бардыгын, мындан улам бийлик аны каралоого өткөнүн жарыялаган.

Коомчулукта "президент калыстыктан тайды, бир талапкерди ачык колдогонун көрсөттү" деген доомат айтыла баштады. Бирок айрым саясатчылар мындай сынды негизсиз дешет.

Президент Алмазбек Атамбаев соңку чукул билдирүүсүн "мамлекет башчы катары жарандардын өз эрки менен эркин добуш берүүсү үчүн шарт түзүү, тыштан кандайдыр бир кысым көрсөтүүдөн коргоо милдети" менен түшүндүрдү. Кайсы бир талапкер шайлоочуларга жалган маалыматты таңуулоого аракет кылып жатат деп айыптады:

- Президенттик шайлоонун жыйынтыгынын маанисин жана алардын өлкөнүн тагдырына таасирин эске алуу менен, коомдук пикирди манипуляциялоо Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясый кырдаалдын туруктуулугуна жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши ыктымал. Тилекке каршы, талапкерлердин биринин эч нерсе менен ырасталбаган “калктын 65 пайызы биринчи турда эле ага “добуш берүүгө даяр” имиш тууралуу маалыматын коомго таңуулоо аракети мына ушуга мисал болуп саналат. Жарандарды деструктивдүү аракеттерге тартуудан коргоо максатында коомчулукка реалдуу маалыматты жеткирип коюуну маанилүү деп эсептейм.

Президенттик аппарат бул билдирүүсү менен кошо бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдогондор көбөйүп, ал эми дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановдуку тескерисинче ылдыйлап баратканы көрсөтүлгөн "СИАР" жана "Эл пикир" уюмдарынын сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады.

Президенттик шайлоодо кимге добуш берери боюнча сурамжылоолор ушул жылдын март айынан азыркыга чейин жүргүзүлгөн. Маселен, "Эл пикир" уюмунун соңку сурамжылоосу боюнча Сооронбай Жээнбеков 40,4 пайыз менен алдыда баратат. Ал эми анын саясий атаандашы Өмүрбек Бабанов 21,68 пайыз алган. Март айында болсо ушул эле уюмдун сурамжылоосуна ылайык, Жээнбековду элдин 4,8, ал эми Бабановду 37,9 пайызы колдогон экен.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Коомдук ишмер Эдил Байсалов президенттин билдирүүсүн сындап чыкты. Анын пикиринде, Алмазбек Атамбаев кайсы бир талапкерди колдой турганын ырастады жана шайлоого ачык кийлигишкенин көрсөттү:

- Президент шайлоого кийлигишпейт, бир талапкерди колдобойт дегенин өзү толугу менен төгүндөп жатат. Расмий билдирүү, социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыгын таратып шайлоого кийлигишип жатат. Атамбаев бул таймашта кимди колдоп, кимди сүрөп жана кимге каршы экенин ачык көрсөтүп койду. Ошол оппозициялык талапкердин рейтинги чындап эле 20 пайыз болуп түшүп кетсе эмнеге сүйүнгөнүн жашыра албай баарыбызга жарыялап жатат? Жайдан бери, акыркы жумалардын ичинде шайлоодо административдик ресурс пайдаланып, криминал, бийлик бутактары мыйзамсыз аралашып жатат деп келатпайбызбы. Анан мына азыр өздөрү биздин талапкердин рейтинги жогорулады деп мактанып жазып жатышат. Дүйшөнбек Зилалиевдин Баткенге барып алып бир талапкерге үгүттөгөнү менен Атамбаевдин бүгүнкү билдирүүсү барабар.

Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековдун штабынын башчысы Фарид Ниязов "Азаттыкка" берген комментарийинде "бийлик административдик ресурсту колдонуп жатат" деген доомат негизсиз деп билдирди. Президенттин билдирүүсүн өлкө башчынын башаламандыкка жол берилбей турганын эскерткени деп чечмеледи:

- Билдирүүдө "жалган маалыматты таңуулоого жол берилбеши керек" деп жазылып турат. Эгер башаламандык болот деген коркунуч болбосо мындай билдирүү да болмок эмес. Эгер 20 пайыз рейтинги бар адам өз рейтингин 60 пайыз деп жатса, кийин ал добуштар бурмаланды деп айтып чыгат да. Ал алдын ала эле "добуштарды бурмалоо болот, добуштарым уурдалат" дегенге даярданып жатат. Бул эски ыкма. Ал утулуп каларын билип жатат. Бул алсыз адамдын позициясы. Мамлекеттин башчысы бул жерде "ойнобош" керектигин белгиледи. Ал элди башаламандыкка түртпөсүн десе керек. Эгер 65 пайыз добуш тууралуу билдирүү болбогондо, президенттин дагы мындай билдирүүсү болмок эмес.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков президент Алмазбек Атамбаев калыстыктан тайды деген дооматка кошулбайт. Бирок ал талапкерлердин рейтингин аныктаган сурамжылоордун жыйынтыгынан күмөн санай турганын билдирди:

- Мен президентти ушул жагынан жакшы эле билем, ал киши эч качан айткан сөзүнөн кайтпайт. Калыстыкты аягына чейин кармайт. Мамлекетти таза боюнча өткөрүп берейин, таза шайлоо өткөрүп берейин деген ниети бар. Бирок мен Кыргызстандагы рейтинг аныктоого, сурамжылоого ишенбейм. Алар эч качан өзүн актаган эмес. Реалдуулук менен жасалма рейтингдер эч качан дал келген эмес. Көбүнчөсү эле пиар. Эми кимдин рейтинги кандай экенин шайлоо көрсөтөт.

Анткен менен Алмазбек Атамбаевдин шайлоо боюнча билдирүүсү орунсуз болду деген пикирлер да бар. Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев президенттин кайсы бир талапкерди жана анын билдирүүсүн баалаганы таза шайлоо өткөрүү аракетине каршы келет:

- Атамбаев шайлоо боюнча, ар бир талапкер боюнча комментарий бербей эле койсо болмок. Ошондой кылганы туура болмок. Эгер кайсы бир талапкердин ой-пикирине комментарий берсең анда анын жакшы жагын айтасың же жаман жагын айтасың. Ошондуктан президент ушуга барбай эле койсо болмок. Калганын эл өзү эле көрүп жатат. Президент "шайлоону таза өткөрөлү, укук коргоо органдары, БШК, мындай иштегиле, эл, силер андай болгула" дегени эле жетиштүү болмок. Анан кайсы бир талапкерге комментарий бергени туура эмес. Чындыгында шайлоо кызып турат да. Шайлоо 10 күндөн кийин болот, дебаттар да башталды. Президент калыс сөзүн айтып, тигил же бул жакка тартпай эле турса болмок.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага он күндөй убакыт калды. Президенттикке талапкерлер ушул күндөрү үгүт иштерин катуу жүргүзүп жатышкан чагы.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев да соңку күндөрү Чүй облусунун шаар-айылдарын кыдырып, жергиликтүү актив менен бир канча жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле 3-октябрда Бишкекте Башкы прокуратуранын кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйлөрдү пайдаланууга берүү аземине катышты. 26-сентябрда болсо Токмок шаарында милиционерлерге жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG