Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Зилалиев Жээнбековго үгүттөгөнү үчүн катуу сөгүш алды


Дүйшөнбек Зилалиевдин катышуусунда өткөн Баткен облусундагы жыйын
Дүйшөнбек Зилалиевдин катышуусунда өткөн Баткен облусундагы жыйын

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев катуу сөгүш алды. Мындай буйрукка бүгүн премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

19-сентябрда Зилалиев Баткендеги сапары учурунда Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөгөн:

- Мен сиздерден бөлүп суранганым: бизди, биздин талапкерибизди колдоп бериңиз. Президенттин саясатын уланта турган бул - Сооронбай Шарипович. Мен өзүм ошол кишиге берем. Ал эми араңыздарда ар кандай ой болушу мүмкүн. Жок, сиздики туура эмес деп айта албайм. Биз демократиялык өлкөдө жашайбыз. Өзүңөрдүн эркиңер кимге бересиңер. Бирок мен өзүмдүн оюмду ачык айтып койдум. Бардыгыңыздар ушул мамлекеттен, ушул бюджеттен айлык маяна алып иштеп жатасыздар, суу ичкен кудукка, мен суранам, түкүрбөгүлө.

Бул үчүн өкмөт башчы Сапар Исаков ага эскертүү берип, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошоткон.

Бирок 24-сентябрда бул маселени караган БШК Зилалиевге мурдагыдан да катаалыраак чара көрүлүшү керек деген чечим кабыл алып, өкмөт башчыга сунуштаган.

Жарандык активист Адил Турдукулов ага карата кылмыш иш козгош керек деген талап койгон, бирок Башкы прокуратура буга негиз жок экенин билдирген.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.

Мамлекеттик кызматкердин тигил же бул талапкерге үгүттөөгө укугу жок.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова административдик ресурска байланыштуу арыздар бар экенин, териштирүү жүрүп жатканын айтууда.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-сентябрда Токмок шаарында эл менен жолугушууда сүйлөп жатып “шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, өкмөт менен БШК административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууларга жол бербей турганын” белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG