Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

БШК: Зилалиев менен Жалиловдун үгүтү мыйзамсыз болгон


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловду мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн деп чечим кабыл алды.

Буга байланыштуу БШК өкмөт башчысына Зилалиевге карата катаал жаза чарасын колдонуу жагын сунуштаса, аалым Чубак ажы Жалиловго жана диний уюмдарга үгүт иштерине аралашпоо боюнча эскертүү берилди.

Зилалиевдин талаш жараткан үгүтү

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрь күнү кечинде вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Уламалар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун мыйзамсыз үгүт ишине аралашканы боюнча жарандык коом өкүлдөрүнүн арызын карады.

Буга чейин вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткенде президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоого көрсөтмө берген учуру катталган. Ошондой эле Чубак ажы Жалиловдун аталган талапкерге үгүт жүргүзгөн видео тасмасы интернетке тараган болчу. Бул боюнча БШКга үч тараптан арыз түшкөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт ишин көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Назарали Арипов БШКнын 24-сентябрдагы жыйынында буга укуктук баа берүүнү сунуштап чыкты:

- Дүйшөнбек Текшербекович өзү мына ошондой сөз тар чөйрөдө айтылып кеткен экен, мен ошого жол берип коюптурмун деп жарым-жартылай моюнуна алып жатат. Бирок мына ошонун баары тар чөйрөдө айтылганбы же активдин жыйынында айтылганбы, биз бул жерде бизге берген түшүндүрмөсүн айтып жатабыз. Башкы прокуратура ошонун баарын тактап, укуктук баа берип, анан бизге кайра маалымат берсин деп жатабыз. Бул боюнча башкалар болсо, ал облустук активде болгон дешсе, айрымдары андан кийин түштөнүү учурунда болгон деп түшүндүрмө беришкен. Биз мына ошол материалдардын баарын Башкы прокуратурага өткөрүп беришибиз зарыл. Ошонун баарын Башкы прокуратура териштирип, укуктук баа бериши кажет.

Кысым көрсөтүү аракетине баа берилбеди

БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова Баткендеги активде мамлекеттик кызматкерлерге мыйзамсыз көрсөтмө берилгенин шайлоочулардын саясий эркин билдирүүсүнө карата кысым катары кабыл алды. Анткени Кылмыш-жаза кодексинде шайлоочулардын саясий эркине басым көрсөтүүгө карата кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мына ошондуктан Атыр Абдырахматова бул жерде мыйзамсыз үгүттөн башка, жогорку кызмат адамынын кол астындагыларга кысым көргөзүү аракетине байланыштуу дагы маселе бар экенин кошумчалады:

- Биз бул жерде видео тасмадан баарын эле көрүп жатпайбызбы. Мында адамдар расмий залда отурушат. Түштөнүү учурунда, расмий эмес шартта ошентип айтып жаткан болсо бир жөн. Бул жерде анын айткандары расмий шартта, расмий мекеменин ичиндеги жыйын учурунда жүрүп жаткан иш-аракет экени көрүнүп эле турбайбы. Анан дагы анын мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, "силер кайсы кудуктан суу ичип жатканыңарды унутпагыла, ичкен кудугуңарга түкүрбөгүлө" дегени коркутуу болуп жатпайбы. Мына ошого дагы баа берилиши керек. Сиздер мына ошого карата кандайча баа бердиңиздер?

Өкмөткө жөнөтүлгөн өтүнүч

Өкмөт башчысы Сапар Исаков буга чейин вице-премьер-министрге эскертүү берип, аны шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчылыгынан алган. Муну жаза чарасы катары караган БШКнын бир катар мүчөлөрү бир кемчилик үчүн эки жолу жазалоого болбой турганын айтып чыгышты. Буга байланыштуу жумушчу топтун токтом долбоорундагы укуктук баа берүү маселеси алынып салынды. Ошондой эле БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү Зилалиевдин ишин Башкы прокуратурага жөнөтүү зарыл эмес деп табышты. БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бегматов мындай деди:

- Өкмөт башчысы буга карата дисциплинардык тартипте чара көрдү. Бирок азыр бул жерде мына ошол жаза чарасы өтө эле жумшак болуп калган деп айтып жатпайсыздарбы. Бул боюнча биз бир пикирге келдик.

Абдыжапар Бегматов.
Абдыжапар Бегматов.

Бир катар талаш-тартыштан кийин өкмөт башчыга вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди кызматынан алууга чейинки жаза чарасын кароо боюнча сунуш айтылып, ал токтомго киргизилди. ​

Чубак ажынын чуу жараткан үгүтү

Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясында Уламалар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун жолугушууда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөгөнү каралды. Бул маселе боюнча БШКнын эки жумушчу тобу жагдайды териштирип карап чыгып, экөө тең диний аалымдын сүйлөгөн сөзүндө мыйзамсыз үгүт жүргүзүлгөн деп аныктаган чечим кабыл алды.

БШКнын арыз-даттануулар боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Алмаз Асаналиев ал жетектеген топ Чубак ажы менен президенттикке талапкер Ташиевдин жоопкерчилиги боюнча тыянакка келгенин билдирди:

- Мыйзамда диний уюмдардын өкүлдөрүнө жана мүчөлөрүнө дагы шайлоодо үгүт жүргүзүүгө тыйуу салынат деп турат. Бул жерде Чубак ажы Жалилов диний уюмдун өкүлү. Демек, ага үгүт жүргүзүүгө мыйзам жол бермек эмес. Бирок Чубак ажы Жалилов өзү аны бул жолугушууга Камчыбек Ташиев чакыртканын айтып жатат. Анан мына ошол жерде ал кимге добуш бере турганын айтып, шайлоочуларды дагы мына ошого багыттап жатат. Бирок ал жерде Чубак ажы Жалилов Аалымдар кеңешинин мүчөсү же болбосо Дүйнөлүк аалымдар кеңешинин мүчөсү катары эмес, жөн эле карапайым жаран катары келип, өзүнүн ой-пикирин айтканын билдирген.

Өзгөрүлмө чечимдер

БШКнын үгүт ишин көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Назарали Арипов ал өзү жетектеген жумушчу топ мыйзамсыз үгүт иши боюнча жоопкерчилик кайсы тарапта болушу керек деген маселени козгогонун айтты. Назарали Арипов Чубак ажы талапкер Камчыбек Ташиевдин чакыруусу менен келгендиги үчүн эле Ташиевге жоопкерчиликти оодара салуу туура эместигин белгиледи:

- Сиздер эртең менен арызды канааттандыруудан баш тартуу боюнча чечим кабыл алган элеңиздер. Мен болсо кечээ сизге жолукканда "Эгерде 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" партиясына үгүттөгөн Чубак ажы Жалилов боюнча сиздер аны мыйзамсыз деп таап, эскертүү бергенсиздер, азыр эми башкача чечим кабыл алып жатканыңыздар кандай" деп маселе көтөргөмүн. Сиз болсо анда шарт-жагдай башка болчу деп жооп бердиңиз. Бул туура эмес. Мыйзам баарыбыз үчүн бардык учурда эле бирдей болууга тийиш. Анан эми бүгүн түштөн кийин чечимиңиздерди өзгөртүп, Чубак ажыга акчалай жазана салуу жана талапкер Ташиевге эскертүү берүү сыяктуу сунушту киргизип жатасыздар. Макул. Бирок ал жерде Ташиевдин кандай тиешеси бар. Аталган жолугушуу Ташиевдин шайлоочулар менен жолугушуусу беле же талапкер Жээнбековдун жолугушуусу беле? Биз видео тасмадан байкагандай, ал жерде Жээнбековдун баннерлери илинип турат. Анан алып баруучу элге кайрылып, "Президенттикке талапкер Жээнбеков менен жолугушууга куш келиңиздер" деп айтып жатат. Ошондо биз бул жерде кимдин жоопкерчилигин карашыбыз зарыл?

Назарали Арипов.
Назарали Арипов.

Мына ошентип бир топ талаш-тартыштан соң, Борбордук шайлоо комиссиясы Чубак ажы Жалиловго жана диний уюмдарга үгүт ишине аралашпоо боюнча эскертүү берүү менен чектелген чечим кабыл алды. Ошондой эле Чубак ажынын президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасы үчүн үгүт ишин уюштурганы үчүн аны жандап жүргөн талапкер Ташиевге эскертүү берилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG