Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Зилалиев: Биздин талапкерди колдоп бериңиздер


Дүйшөнбек Зилалиевдин катышуусунда өткөн Баткен облусундагы жыйын.
Дүйшөнбек Зилалиевдин катышуусунда өткөн Баткен облусундагы жыйын.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 19-20-сентябрда Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырды. Зилалиев президенттик шайлоону уюштуруунун алкагында аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу иштеринин абалы менен таанышуу максатында барган.

Вице-премьер-министр, өкмөттүн шайлоону уюштуруп өткөрүү боюнча штабынын башчысы Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдорун айтып, чогулгандарга жеке сураныч келтирди:

- Мен сиздерден бөлүп суранганым: бизди, биздин талапкерибизди колдоп бериңиз. Президенттин саясатын уланта турган бул - Сооронбай Шарипович. Мен өзүм ошол кишиге берем. Ал эми араңыздарда ар кандай ой болушу мүмкүн. Жок, сиздики туура эмес деп айта албайм. Биз демократиялык өлкөдө жашайбыз. Өзүңөрдүн эркиңер кимге бересиңер. Бирок мен өзүмдүн оюмду ачык айтып койдум. Бардыгыңыздар ушул мамлекеттен, ушул бюджеттен айлык маяна алып иштеп жатасыздар, суу ичкен кудукка, мен суранам, түкүрбөгүлө.

Зилалиев Баткенде бийликтин талапкерин колдоорун айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:41 0:00
Түз линк

Дүйшөнбек Зилалиевдин катышуусунда өткөн Баткен облусундагы жыйындын катышуучулары.
Дүйшөнбек Зилалиевдин катышуусунда өткөн Баткен облусундагы жыйындын катышуучулары.

Вице-премьер-министр жолугушууда айткандары тууралуу "Азаттык" үналгысына комментарий берип жатып, анын сөздөрүн үгүт катары кабыл алууга болбой турганын билдирди:

- Ал жерде менден сурашканынан мен айттым кимге береримди. Үгүт катары кабыл албаңыздар деп алдын ала айттым.

Зилалиев президенттик шайлоону уюштуруунун алкагында аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруунун жана керектүү шаймандар менен камсыздоонун абалы менен таанышуу максатында 19-20-сентябрда Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарына барган.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүмүнө ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү үгүт жүргүзүүгө укугу жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов мамлекеттик кызматкердин кайсы бир талапкерге үгүттөөсү туура эмес экенин, эгер ага аралашкан болсо, мыйзамда чара көрүү жагы каралганын белгиледи.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши президенттик шайлоого даярдыктарды 11-сентябрда атайын талкуулаган. Анда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кыргыз өкмөтү шайлоону таза уюштуруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтып баяндама жасаган болчу.

Коопсуздук кеңеши шайлоо маселесин талкуулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

Экс-депутат Равшан Жээнбеков мамлекеттик кызматкердин үгүт ишине аралашуусун кооптуу мисал деп баалады. Анын айтымында, тажрыйбалуу саясатчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлерден түзүлгөн “Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы бул маселени жакында талкуулашы мүмкүн:

- Мамлекеттик кызматчылардын, өзгөчө шайлоого тиешеси бар адамдардын жабык, жашыруун кеңешмелерди өткөрүп, кайсы бир талапкерге үндөшү мамлекеттеги таза шайлоонун өтүшүнө тескери салым кошот. Бул биз үчүн абдан коркунучтуу мисал.

Шайлоо демекчи, президент Алмазбек Атамбаев бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясында мамлекет башчы катары алгачкы ирет сүйлөп, президенттик шайлоого да токтолду. Шайлоону таза өткөрүүгө саясий эрк бар деп ырастады ал:

- Биз үчүн жаңы президентти шайлоону адилет жана ачык-айкын өткөрүү – Кыргызстандагы мындан аркы стабилдүүлүктүн кепили жана бул үчүн бизде бекем саясий эрк бар.

Алмазбек Атамбаев БУУнун жыйынында сүйлөп жатат. 20-сентябрь, 2017-жыл
Алмазбек Атамбаев БУУнун жыйынында сүйлөп жатат. 20-сентябрь, 2017-жыл

Алмазбек Атамбаев шайлоо маселесине БУУдагы сөзүнүн соңку, кыргызча бөлүгүндө да токтолуп, кыргызстандыктарды шайлоодо "башка элдин башчыларына алданып калбоого” да чакырды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG