Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Шайлоо: Биометрика 800 миң кишинин жолун тосту


Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча биометрикалык каттоодон өтпөгөн 800 миң адам президенттик шайлоого катыша албайт.

Бул маселе “Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылынын форумунда кызуу талкууга жем таштады.

Жарандык активисттер менен саясатчылар бул санды шайлоо учурунда чоң чырга алып келчү маселе, бийликтин аракетсиздиги катары баалашса, шайлоону уюштуруучулар менен айрым укук коргоочулар мыйзамдагы алешемдик деп жатышат.

"Саясий чечим болгон"

“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылынын шайлоону уюштуруу маселесин талкуулаган форумга жарандык жана саясий активисттер менен кошо бийлик өкүлдөрү да катышып, талкуу суроо-жооп формасында өттү. Негизги көңүл шайлоочулардын тизмесинин айланасындагы маселелерге бурулду.

Жыйынга чакырылган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда шайлоочулардын саны 2 млн. 914 миң 588 деп саналууда. Бул тизме 21-сентябрда дагы бир ирет жаңыланмакчы.

Анткен менен биометрика тапшырбаганы үчүн мыйзам боюнча 800 миңге жакын добуш берүүчү шайлоого катыша албай калышы ыктымал деди Догоев:

Дастан Догоев
Дастан Догоев

- Мыйзам боюнча өлкөдө 16 жаштан улуу ар бир жаран каттоодон өтүшү керек. Учурда өлкө боюнча жана чет мамлекеттеги биздин жарандарды алганда, 3 млн. 55 миң жаран биометрикалык каттоодон өткөн. Бирок Статистикалык комитет өлкөдө 18 жаштан жогору 3 млн 800 миң жаран бар деп маалымат берип жатышат. Ошондуктан 800 миңге жакын адам биометрикалык каттоодон өтө элек.

Мындай маалымат форумда кызуу талкуу жаратып, жетиштүү аракеттерди көрбөгөнү үчүн шайлоону уюштуруучулар сынга кабылды. Легендарлуу парламенттин төрагасы, “Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылынын мүчөсү Медеткан Шеримкулов муну бийликтин саясий чечими катары баалады:

- Бир миллионго жакын кишини шайлоого катыштырбай коюу Конституцияга каршы келет. Себеби Баш мыйзамда "өлкөнүн ар бир жараны добуш берүүгө укуктуу" деп жазылып турат. Ушул укугун алып таштоонун башында президент баш болуп турду. Себеби биометриканы киргизе баштаганда президент "биометриканы тапшырбагандарды шайлоого киргизбейбиз" деп катуу айтты. Бул саясий чечим болуп калды жана бул туура эмес.

Дастан Догоев өз кезегинде биометрикалык маалыматтарды тапшырбагандар добуш бере албайт деген жобо мыйзамда бар экенин айтып, ал үчүн Мамкаттоо кызматын күнөөлөө туура эмес болоорун билдирди.

Мигранттар биометрика тапшырууга ашыккан жок

Борбордук шайлоо комиссиясы биометриканы тапшырбаган 800 миң жарандын көпчүлүгү чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар деп эсептейт. Ошондуктан БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев муну мыйзамга толуктоолорду киргизүү менен гана оңдоого болорун айтты:

Кайрат Осмоналиев
Кайрат Осмоналиев

- Москваны алсак, ал жактагы жарандар үчүн консулдук каттоого туруу өзүнчө эле түйшүк экен. Ошондуктан миллион мекендешибиз чет өлкөлөрдө жүрсө, анын канчасы консулдук каттоодо турат деген суроо бар. Албетте Тышкы иштер министрлиги мигранттарды санакка алыш үчүн консулдук каттоо керек деп жатат. Бирок экинчи жагынан биздин жарандардын добуш берүү үчүн конституциялык укугу бар. Ошондуктан биз мыйзамдагы карама-каршылыктардын үстүндө дагы иш алып барышыбыз керек. Анткени система бышып жетиле элек.

Ал эми акыйкатчы Кубат Оторбаев миллионго чукул кыргыз жаранынын шайлоо укугунан четтеп калышы кейиштүү деп, келерки шайлоодо мындайга жол бербей турган мыйзамдык базаны иштеп чыгууну сунуштады:

- Конституциялык палата биометрика тапшырбагандар шайлоого катыша албайт деген чечимди чыгарган жана биз мыйзамды сыйлаган мамлекет болсок ал чечимди сыйлашыбыз керек. Бирок 2015-жылдан бери эки жыл өттү, мамлекет жана өкмөт бул аралыкта биометрикадан өтпөй жаткандарга жакшы шарттарды түзбөй, жетиштүү иш жүргүзүлгөн жок. Бул шайлоодо бир нерсени өзгөртүү кыйын болуп калды, бирок келаткан шайлоолордо бул маселелерди бийлик ойлонуп көрүшү керек.

"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын мүчөлөрү
"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын мүчөлөрү

Экс-президент Роза Отунбаева “Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы бүгүнкү күндө бийлик менен жарандык коомду бетме-бет кеңештирген жалгыз аянтча экенин белгилейт. Ушундан улам келаткан аптада кыймыл кайра эле шайлоо маселелери боюнча өкмөттүн аткарып жаткан ишинен маалымат алуу планын айтты.

“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы бир апта мурда түзүлүп, ага экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер мүчө болушкан.

19-сентябрдагы алгачкы жыйынында кыймыл президенттик шайлоону уюштуруунун жүрүшүн жана мыйзамдардын аткарылышын талкуулашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG