Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Жээнбековдун штабы Оштогу мажбурлоо тууралуу кабарды чагым деп атады


Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

№2 форма менен шайлоочулардын добушун чогултуу бизде жок деп билдирди президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов бүгүн "Азаттыкка" курган маегинде:

- Мен андай маалыматты билбейм. Мен штаб башчысы болуп туруп, андай отчет кагаз тууралуу таптакыр маалыматым жок экен. Көргөн жокмун. Бул чагым деп ойлойм. Мен алардын бирине да ишенбейм.

4-октябрда "Азаттыктын" кабарчысынын колуна президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Оштогу штабынын отчету деген кагаздар тийген. Андагы тизмеде 73 мамлекеттик мекеме жана алардын башчыларынын аты-жөнү жазылган. Алар Форма-2 аркылуу кайсыл шайлоо участогуна канча адам алып барарын жазышкан.

Жээнбековдун Оштогу штабын Ош шаар кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов жетектейт.

Мурдараак президенттикке КСДП партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасына №2 үлгүдөгү форма менен Бишкектеги студенттерди добуш берүүгө мажбурлап жатышканы да айтылган. (EBM/SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG