Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Дубнов: Атамбаев Сочиге мураскер үчүн барды


Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин Сочиде жолуккан учур. 14-сентябрь, 2017-жыл.
Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин Сочиде жолуккан учур. 14-сентябрь, 2017-жыл.

Кыргызстан жана Орусия президенттери 14-сентябрда Сочиде жолукту. Алмазбек Атамбаевдин Владимир Путин менен бул жолку сүйлөшүүлөрү Кыргызстанда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталган учурга туш келди. Расмий айтылбаганы менен кыргыз-орус президенттеринин кездешүүсүндө шайлоо маселеси көтөрүлүшү мүмкүнбү? “Азаттык” бул суроону Борбор Азияга адистешкен москвалык журналист жана саясат талдоочу Аркадий Дубновго жолдоду.

“Азаттык”: Аркадий мырза, президент Атамбаевдин Путин менен Сочидеги жолугушуусу тууралуу расмий Бишкек 12-сентябрда жарыялаган эле. Буга чейин Атамбаев июнь айында Орусияда мамлекеттик сапар менен болуп, муну байкоочулар кыргыз президентинин Кремль менен “коштошуусу” катары мүнөздөгөн. Путин менен Атамбаевдин кечээги кездешүүсүнөн кийин алар эки тараптуу кызматташтыктын ар кыл маселелерин талкуулаганы гана кабарлады. Бирок, кандай дейсиз, бир ай ичи Кыргызстанда шайлоо өтөрүн эске алганда, жолугушууда бул тема көтөрүлдүбү?

Атамбаев үчүн Бабанов менен Сариевге караганда Жээнбеков Москвага жана анын саясатына көбүрөөк лоялдуу болорун Путинге түшүндүрүү абдан маанилүү болуп турат.

Дубнов: Албетте Атамбаев менен Путин кездешүүсүнүн башкы темаларынын бири шайлоо болгонуна ишенем. Расмий Бишкек бул жолугушууга жетишүү үчүн абдан көп аракет жасады. Себеби бул күндөрү Путиндин графиги абдан тар.

Менимче, жолугушууда сөз тикелей шайлоо тууралуу эмес, Атамбаевдин Путиндин дарегине белгилүү бир насааттары же кыргыз президентинин орусиялык кесиптешине кепилдиктери жөнүндө жүрдү. Бул - Атамбаевдин мураскери жана ал чыгарган адам алдыдагы президенттик шайлоодо жеңсе Кыргызстандын Орусияга карай курсу, лоялдуулугу, ЖККУ жана ЕАЭБ алкагында алган милдеттенмелерин аткаруусу уланат, тигил же бул жакка олку-солкулук болбойт деген өңдүү кепилдиктер.

Андыктан, менимче, Атамбаевдин Путин менен дагы бир жолу көрүшүүгө умтулуп, Москва менен Бишкектин эки тараптуу кызыкчылыктары зыян тартпай турганын, Москва мураскерден тынчсызданбоосу керектигин дагы бир жолу түшүндүрүү Атамбаевдин Сочиге сапарынын башкы максаты болду. Анткени Москва азыркыга чейин тандоо жасап, талапкерлердин кайсы бирине карата симпатиясын билдире элек да. Бул жагдай расмий Бишкекти жана Атамбаевдин жеке өзүн камтамага салбай койбойт.

Дубнов: Атамбаев Путинге мураскерин түшүндүрүү аракетинде
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:42 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Сиз президент Алмазбек Атамбаевдин мураскери деп атаган мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандаштары катары Кыргызстанда кайра эле мурдагы эки өкмөт башчынын ысымдары аталып жатат. Алар да бийликте турганда Орусия менен тыгыз иштешкен, биринин Орусияда ири бизнеси да бардыгы айтылып келет. Быйылкы президенттик шайлоодо негизги талапкерлердин фамилиясы Орусия үчүн кандайдыр бир мааниге ээби?

Дубнов: Сиз азыр суроону туура койдуңуз. Атамбаевди тынчсыздандырган нерсе - Москва Сооронбай Жээнбековду башкаларынан көбүрөөк жакшы көрө албаганы жана Өмүрбек Бабановдон же Тамир Сариевден көбүрөөк чочубаганы. Алардын баары эле Москва үчүн бирдей лоялдуу. Дал ушул себептен улам Атамбаев үчүн Бабанов менен Сариевге караганда Жээнбеков Москвага жана анын саясатына көбүрөөк лоялдуу болорун Путинге түшүндүрүү абдан маанилүү болуп турат.

Атамбаевдин көйгөйү - анын мураскери башкалардан мыкты экенин түшүндүрүү. Анан, албетте, менимче дагы бир маселе – президенттик шайлоодон кийин бейформал лидер катары ролу күмөн саноого кириптер болбой турганына ишеним алуу.

“Азаттык”: Кыргызстандын 2010-жылкы ыңкылаптан кийинки алгачкы парламенттик шайлоосунда Москва ошол кездеги шайлоого катышкан партиялардын бирине лидерин ошол учурдагы президент Дмитрий Медведев кабыл алып, бул окуяны федералдык телеканалдар жапырт көрсөтүүсү менен жардам берген эле.

2011-жылкы президенттик шайлоодо жеңген Алмазбек Атамбаев ага чейин эки жолку премьер-министр катары Орусия менен иштешип, таанышып калган болчу. Сиз кыргыз президенти Кремлге мураскеринин мыктылыгын түшүндүрүүгө аракеттенип жатат деп жатпайсызбы, Москва азыркы шайлоодо талапкерлердин бирине ачык колдоо көргөзбөйбү?

Дубнов: Жок, менимче, азыр мурдагыдай ачык колдоо болбойт. Бүгүн Москвада Атамбаевдин жана анын мураскерин ачык ставка жасагыдай жакшы көрүшөт деп ойлобойм. Бул бир жагынан Москванын анча ийгиликтүү эмес демөөрчү катары реномесинен да күмөн санатып коюшу мүмкүн. 2004-жылы Москва Украинада Виктор Януковичке туура эмес ставка жасап алып, ал эмне менен аяктаганы биздин эсибизде.

“Азаттык”: Москва үчүн жалпысынан алганда кыргыз шайлоосунун кандай жыйынтыгы негизги орунда турат?

Дубнов: Москва үчүн Кыргызстан туруксуздуктун очогу болбошу маанилүү. Бул биринчи кезектеги маселе. Экинчиси - албетте Кыргызстан Орусиянын ЖККУ, ЕАЭБ боюнча өнөктөшү экенине карабай стратегиялык оппоненттер тарапка, биринчи кезекте мен Батышты айтып жатам, күтүүсүздөн ыктап, Москваны камтамага түшүүгө мажбурлабаганы.

“Азаттык”: Бир айлык шайлоо өнөктүгү алдыдагы күндөрү кызыйт деп күтүлөт. Орусиянын медиасы да кырдаалга көңүл бурушу мүмкүнбү?

Дубнов: Чагылдырат, бирок анчалык активдүү эмес. 2018-жылкы президенттик шайлоо алдында азыр Орусиянын өзүнүн ички саясаты чыңалып турат. Андыктан орус прессасы Кыргызстандын шайлоосу тууралуу материалдарга толуп кетет деп күтпөй эле койгула. Анткен менен Москвага тигил же бул талапкерге симпатиясын же тескерисинче антипатиясын белгилөө зарыл болгон учурда Кремлге жакын деп саналган гезиттерде Орусиянын турумун көргөзгөн макалалар пайда болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG