Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Атамбаев казак бийлигин сындады


Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда.
Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда шайлоо өнөктүгү тууралуу да сүйлөп, ага катышып жаткан талапкерлерди жана казак бийлигин катуу сындады. Президенттин сынына Казакстандын Тышкы иштер министрлиги дароо жооп кайтарды.

7-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

150 чамалуу адамга жана ондой уюмга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган салтанатта Алмазбек Атамбаев буларга токтолду:

- Бул менин президент катары акыркы иш-чараларымдын бири. Сиздердин ишенимди актадым деп ойлойм, сиздер президент Алмазбек Атамбаев бир кезде сыйлык тапшырганын эстейсиздер деп ишенем.

Сыйлык ээлерине наамдардан тышкары 10 миң сомдон акча берилди. Бул иш-чара 15-октярдагы президенттик шайлоого бир жума калган учурга туш келди.

Шайлоо демекчи, Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрдагы салтанаттагы негизги сөзү алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу болду. Ал айрым талапкерлерди жана казак бийлигин катуу сындап өттү. Өлкө башчысы кошуна мамлекеттин жогорку жетекчилиги жана олигархтары Кыргызстандагы президенттик шайлоого кийлигишип жатканын айтып, Казакстандын бийлигиндеги айрым адамдар Бакиевдерди колдойт деп да айыптады:

- Алар Бакиевдерди жакшы көрүшөт. Бакиевдер азыркыга чейин Алматыда майрамдарын өткөрүп жатышат. Мен Казакстандын эң жогорку адамдарынан Бакиев элди атып туура кылган дегендерин бир канча жолу уккам. Алардын фамилияларын айтпай эле коёюн. Анткени биз казак элине жаман үлгү көрсөтүп жатабыз. Анткени Атамбаев Казакстанга таза бийлик кандай болорун көрсөтүп жатат. Нурсултан Назарбаев Алматынын ИДПсы Кыргызстандан беш эсе көп деп туура айтып жатат. Казакстандын ИДПсы Кыргызстандыкынан 20 эсе көп. Бирок эмне үчүн Казакстандын пенсиясы Кыргызстандан 20 эсе эмес, болгону бир жарым эсе эле көп? Ал эми тарифтер болсо беш эсе көп. Анткени Казакстандын байлыгын өздөрү уурдап жатышат. Атамбаев аларга жаман мисал көрсөтүп жатат. Ал адилеттүү бийликтин үлгүсүн көрсөтүүдө. Бизде Талас облусунда жашагандар Казакстандын элине караганда жакшы жашашат. Эгерде биз ар бир адамга он эсе көп киреше алганыбызда пенсия дагы он эсе көбөймөк. Анткени менде Утемуратов (Булат Утемуратов) өңдүү олигархтар байымак эмес. Аларга биздин Бабанов, Сариев өңдүү саясатчыларбыз чөгөлөп барып жатат.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге биринчи даражадагы “Достык” орденин тапшырып жаткан учуру. 7-ноябрь, 2014-жыл
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге биринчи даражадагы “Достык” орденин тапшырып жаткан учуру. 7-ноябрь, 2014-жыл

Атамбаев буга чейин казак президенти Нурсултан Назарбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканда “Кыргызстанга жаш президенттин келүүсүн колдойм” деген сөзүн сындап, Казакстандын өзүнө жаш президент керек деп билдирди:

- Мен Назарбаевдин Бабанов менен жолуккандагы “Кыргызстанда жаш адам президент болсо жакшы болот” деп айткан сөзүн колдойм. Бирок бизде президенттикке эң улуу талапкер Назарбаевдин 20 жашка кичүү. А мен андан 15 жашка кичүүмүн. Ошондо жаш президент кимге керек? Бизгеби же Казакстангабы?

Президент Атамбаев казак бийлигин сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги ушул эле күнү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүн айыптаган билдирүү таратты.

“Кыргызстандын президентинин айтканы жоопкерчиликсиз, чагым жана шайлоо алдындагы максаттарды ишке ашыруу үчүн жалган сөздөрдөн куралды. Бул айтылгандар эки өлкөнүн кылымдардан бери келаткан достугуна доо кетире албайт” деп жазылган расмий Астананын билдирүүсүндө.

Казакстандын ТИМи казак тарап кырыз эли менен тууганчыл мамилени жана өнүгүүгө карай багытты улантуудан тайбай турганын кошумчалаган.

Шайлоого катышып, бийликтин талапкерине негизги атаандаш катары каралып жаткан талапкер Өмүрбек Бабанов президент Нурсултан Назарбаев менен жолукканы тууралуу маалымат Казакстан мамлекет башчысынын расмий сайтына 19-сентябрда жарыяланган. Буга расмий Бишкек кескин нааразылыгын билдирген жана Тышкы иштер министрлиги 20-сентябрда Казакстанга протест нотасын жөнөттү. Талапкер Бабанов өзү Казакстандын президенти менен жолугушуусунда эч кандай жаман нерсе жок экенин жана мыйзамды бузбаганын билдирип келе жатат.

Ал эми 6-октябрда Youtube видеопорталына президенттикке талапкер Темир Сариевге жана Казакстандын бизнесмени Булат Утемуратовго үндөрү окшош адамдардын телефон сүйлөшүүлөрү жарыяланган. Анда Сариевге үнү окшош адам казак бизнесмени менен жолугууну демилгелеп, тийиштүү жардам көрсөтпөй жатканын айткан. Видеодо сүйлөшүүлөр сентябрь айынын аягында болгону жазылган.

Сариевдин штабы бул аудио талапкерге карата жасалган "кара пиар" деген билдирүү таратты. Сариевдин маалымат катчысы Назира Ахмедова “Азаттыкка” билдиргендей, Сариев менен Утемуратовдун сүйлөшүүсү качан жана ким тарабынан интернетке жайгаштырылганы белгисиз.

- Бул сүйлөшүүлөр Кыргызстандын саясатына же шайлоого эч кандай тиешеси жок. Тараптар жеке жана саясатка тиешеси жок маселелерди талкуулап жатат. Ушундан улам ар кандай жоромолдорго комментарий берүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейбиз, - деди Назира Ахмедова.

Булат Утемуратов Казакстандын теннис федерациясынын президенти. Ал буга чейин Казакстандын президентинин администрациясында бир катар жогорку кызматтарда иштеп, президенттин кеңешчиси да болгон. 2016-жылы Казакстандын 50 бай бизнесменинин көч башында турган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 13 талапкер катталган, алардын экөө шайлоодон талапкерлигин алып салды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG