Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Шайлоо алдында "дарегин алмаштыргандар" көбөйдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда президенттик шайлоодо №2 форма менен добуш берүүнү каалагандардын саны 314 миңден ашты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, мындай форма толтуруп, добуш берүү дарегин алмаштырган жарандардын басымдуу бөлүгү Ош менен Бишкек шаарларында турат.

Ал арада "Азаттыктын" колуна Ош шаарындагы мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилеринин №2 форма толтурган шайлоочулар боюнча Социал-демократтар партиясынын штабына берген отчету деген кагаз колуна тийди. Бирок штаб башчылары административдик ресурс боюнча айтылган сөздөрдү четке кагып жатат.

"Азаттыктын" колуна тийген кагазда 70тен ашык мамлекеттик мекеме-уюм жана андагы жетекчилердин, жооптуу кызматкерлердин аты-жөнү бар. Алардын фамилиясынын тушунда №2 форма толтурган адамдардын саны көрсөтүлгөн. Бул кагазга ылайык, мындай форманы жалпысынан 34 миңден ашуун адам толтурган. Маселен, Ош шаардык мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдун атынын тушуна жалпысынан 3,5 миңден ашык студент жазылган.

"Азаттык" Исаковдун өзү менен байланышып, №2 форма боюнча комментарий алды. Ал окуу жай жетекчилиги студенттерди мындай форманы мажбурлап толтурткан деген сөздөрдү жалганга чыгарды жана отчет тууралуу кабары жок экенин айтты:

- Менин ал боюнча маалыматым жок. Өзүңөр билесиңер, бизде 30 миңден ашуун студент бар. Форма толтургандар көп же аз деген нерсе болбошу керек. Бизде Чаткал, Лейлек, Баткен өңдүү алыскы аймактардан келип окугандар бар. Ошолор шайлоого катыша албай калбайын деп толтурса керек. Ал студенттердин өзүнүн иш-аракети менен болгон. Силер айтып жаткан штабдагы отчет тууралуу мен биринчи жолу угуп жатам. Мен окуу процесси, окуу жараяны менен алекмин.

Бирок "Азаттыктын" Ошто жүргөн кабарчысы Санжар Эралиев бул тизмедеги айрым аткаминерлерге чалып, алгач өзүн штабдан деп тааныштырып №2 форма боюнча сураганда бардыгы тең тизмедеги санды тактаган жана кайсы бир талапкерге добуш беришет деп ынандырышкан.

Маселен, Ош шаардык Салык кызматынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Эрмекбай Чоюнов аты-жөнүнүн тушунда 400дөн ашык адамдын саны көрсөтүлгөнүн бышыктады жана кесиптешимдин алардын баары бийликтин талапкерине добуш береби деген суроосуна "ооба" деп жооп берди. Бирок кабарчыбыз өзүн тааныштыргандан кийин ал баштапкы жоопторунан баш тартты жана шайлоодо уюштуруу гана иштерине жооптуу экенин айтып актанды:

- Мен ошол жерде жоопкерчиликти алганмын. Ошол жерде тизмени тактаганга, шайлоону уюштурганга жоопкермин. Уюштуруу иштерине Салык кызматы эмес, мен жооптуумун.

Салык кызматы өзүнүн Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчисинин шайлоону уюштуруу иштерине кандайча жооптуу болуп калганы боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек.

Айтор №2 форма толтургандардын саны Кыргызстан боюнча 314 миңден ашты жана алардын басымдуу бөлүгү Бишкек менен Ош шаарында жашайт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов добуш берүү дарегин алмаштыруу боюнча форма толтургандар үгүтчүлөрдүн айынан көбөйүп жатканын бышыктады:

- Булардын баарынын каттоосу айылда. Мисалы, Бишкекте жаңы конуштар бар. Бишкекте жашап иштеген, бирок каттоосу айылда мамлекеттик кызматкерлер деле көп. Ошон үчүн алар шайлоого катышышы үчүн айылдарга барыш керек же кошумча шайлоо участкаларына барып, №2 форманы толтуруп арыз жазышы керек. Мындай форма толтургандардын 80 пайызын үгүтчүлөр алып келген. Алар жаңы конуштарды кыдырып, биометрикадан өттүңбү, каттооң барбы, каякта деп тактап, өтпөсө колунан жетелеп алып, өзүнүн унаасына салып келип форма толтуртуп жатышты. Жүздөгөн үгүтчүлөр ушинтип иштешти. Эл өзү жазбайт, алар активдүү эмес. Аларды атайын үндөп, кызыктырып жаздырып жатышат. Ушунун натыйжасында ушундай чоң көрсөткүч болуп кетти.

Анткен менен №2 форма толтурууну административдик ресурстун бир түрү катары баалагандар бар. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин билидиришинче, бийлик өкүлдөрүнө добуш топтоо боюнча тымызын талап коюлду:

- Мен Жогорку Кеңештин депутаты катары, башка кесиптештерим, өкмөт мүчөлөрү менен күн сайын сүйлөшкөн адам катары административдик ресурс мурда болуп көрбөгөндөй абалга жетти деп айта алам. Азыр ар бир министр кеминде бирден, ашыгы үчтөн-төрттөн шайлоо тилкесин мойнуна алган. Ошол жерден бийликтин талапкерине кеминде 70 пайыз добуш топтоп берем деп сөз берген. Эгер алар жетиштүү добуш топтой албаса, анда кызматтан кетесиң дегендей талаптар бар. Мен атын айтпай эле коеюн, бирок өзгөндүк бир министр Өзгөн шаары боюнча куратор экенин билем. Эгер сиз азыр өкмөткө барып текшере турган болсоңуз, өкмөттүн аппаратынын жарымы жок, президенттик аппараттын теңи жок. Эмгек өргүүсүн алып же иш сапар деп кетип калып, бийликтин талапкерине иштеп жүрүшөт.

Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековдун штаб башчысы Фарид Ниязов "Азаттыктагы" маегинде административдик ресурс боюнча дооматтарды четке какты. Анын пикиринде, добуш сатып алуунун кесепети алда канча оор болот:

- Силер айтып жаткан кагаз, отчет - бул чагым. Мен штабдын жетекчисимин, мен андай бир дагы отчетту көргөнүм жок. Анан калса №2 форманы балким шайлоо тилкелери чогултуп жаткандыр, билбейм. Айтор андай бизде жок. Эгер кайсы бир аткаминер мүчүлүштүк кылып жатса, анда ал ишин билбегенинен кылып жаткандыр. Мисалы, ошол эле Бабановдун аткаминерлер арасында тарапкерлери аз дейсизби? Ал да бийликте болгон, фракция лидери, премьер-министр болгон. Аткаминерлер арасында анын тарапкерлери бар, алар анын пайдасына иштеши мүмкүн деген маалыматтар бизде деле бар. Эгер кайсы бир аткаминер ката кетирип жатса, ал ошол аткаминерлердин абийириндеги иш жана андан талапкерге эч кандай пайда деле жок.

Бишкекте буга чейин административдик ресурсту токтотуу боюнча акция өткөн. "Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылы дагы буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG