Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Акаев: администрациялык ресурс колдонулуп жатат


Бишкектеги акция. 30-сентябрь, 2017-жыл.
Бишкектеги акция. 30-сентябрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу парламент депутаты Жанар Акаев “Акыйкат шайлоо үчүн” деп аталган Бишкектеги акция учурунда билдирди. Ал соңку кезде добуш сатып алуу, администрациялык ресурс колдонуу учурлары болуп жатканын белгиледи. Шайлоочуларды ар кандай басым-кысымдан коркпоого чакырды:

- Мына азыр карасаңар, ак үй, көк үйдө министрлер калбай калды. Бардыгы региондорунда, айылдарында тууган-уругуна кой, жылкы союп, бийликтин талапкерине добуш берип койгула, болбосо мени иштен алат деп жүрөт. Биз добуштарды сатып алууга да каршыбыз. Таза, акыйкат шайлоо өтсүн деген ой. Биздин бүгүнкү чогулган миссиябыз ушул. Президент таза шайлоо өткөрөбүз деди. Өкмөт президентти укпайбы? Бардыгын жөнөтүп атат, мугалимлерди, дарыгерлерди. Алар айткан талапкерге добуш бербей койсок, булар экинчи администрациялык ресурс колдонгондон коркуп калышат.

Бүгүнкү акцияны бир нече жарандык лидерлер жана коомдук уюмдардын демилгеси менен уюштурулган.

Уюштуруучулар алгач «Акыйкат шайлоо үчүн” деген тынчтык жүрүш өткөрүп, Түштүк дарбазадан "24-март" скверине чейин жөө басууну максат кылышкан. Өткөн аптада Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен бул күнү жөө жүрүш уюштурууга тыюу салынып, акцияны Ботаникалык бакта өткөрүүгө уруксат берилгендигине байланыштуу иш-чара ошол жерде өттү. Акцияга Болот Шер, Эмилбек Каптагаев, Нарын Айып, Эдил Байсалов, Жанар Акаев, Мавлян Аскарбеков, Ренат Самудинов сыяктуу Кыргызстандагы бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер келишти.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова административдик ресурска байланыштуу арыздар бар экенин, териштирүү жүрүп жатканын маалымдаган.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-сентябрда Токмок шаарында эл менен жолугушуу маалында “шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, өкмөт менен БШК административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууларга жол бербей турганын” белгилеген. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG