Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:55

“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы бийликке кайрылды


“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы Бишкекте өткөргөн жыйындарынын бири

“Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоо боюнча президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, БШК төрайымына, баш прокурорго, премьер-министрге жана өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду. Жума күнү кеч менен таратылган бул кайрылууда соңку 20 күндө бийликтин административдик ресурсту колдонууга, “кара пиарга” жана шайлоочуларга акча таратууга жол бербөө убадалары ишке ашпай жатканы айтылган.

Ошондой эле мамлекеттик телеканалдарда президенттикке талапкерлер тууралуу каралоо материалдары кетип жатканы, КТРКнын жетекчиси кызматтан кетиши керектиги белгиленген. Мындан тышкары шайлоодо кимге добуш берерин ачык айткан өкмөт өкүлү жана диний ишмердин үгүт ишине аралашканы боюнча Башкы прокуратура чара көрбөй жатканы сынга алынган. Ошондой эле Улуттук коопсуздук комитети жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана социалдык тармактардагы улуттар аралык мамилеге доо кетире турган чакырыктарды көз жаздымда калтырганы жазылган.

Кайрылууга экс-президент Роза Отунбаева, коомдук ишмерлер жана саясатчылар Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов, Эмил Каптагаев сыяктуу баш-аягы 13 адам кол койгон. Алар кайрылуунун акырында президентке өзүнчө кайрылышып, аны мыйзам бузуулар боюнча кескин чара көрүүгө, керек болсо жетекчилерди алмаштырууга чакырышкан.

“Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылынын соңку кайрылуусуна бийлик өкүлдөрү азырынча жооп бере элек. Бирок буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмундагы кайрылуусунда "таза жана ачык шайлоо өткөрүү туруктуулуктун кепилдиги экенин, аны үчүн бекем саясий эрк бар экенин" айткан.

Өкмөттүн шайлоону тескеген өкүлү вице-премьер-министр Темир Жумакадыров шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча убагында чара көрүлүп жатканын “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасына катышып жатып билдирген.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков коомдук канал мыйзам чегинде гана иштеп жатканын айткан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG