Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Эркебаев: Биригүүлөр шайлоого жакын кызыйт


Абдыганы Эркебаев
Абдыганы Эркебаев

Президенттик шайлоо чукулдаган сайын айрым талапкерлер жарыштан четтей баштады.

25-сентябрда мындай арызды талапкер Камчыбек Ташиев БШКга тапшырды. Шайлоого чейин жарыштан башка да талапкерлер чыгары тууралуу божомолдор айтыла баштады. "Азаттык" бул боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылынын мүчөсү Абдыганы Эркебаевге бир нече суроо узатты.

"Азаттык": Камчыбек Ташиев президенттик жарыштан четтеп жатканын билдиргенден кийин мындай билдирүүлөр башка талапкерлерден да чыгышы мүмкүнбү? Бул көрүнүшкө кандай баа бересиз, бул дагы бир тактикалык жүрүшпү?

Негизги күрөш төрт талапкердин ичинде жүрө турганы мурда эле айтылып келген. Менимче, 10-октябрга чейин чыныгы абал айкын болуп калат.

Абдыганы Эркебаев: Бардык нерсе абдан тез өзгөрүп жаткан азыркы учурда айрыкча шайлоолорду так болжоо албетте кыйын.

Адамдын табияты тез өзгөрүп турат экен. Бул өңүттөн караганда Кыргызстанда ойго келбеген иштер болду. Бирок саясат өзү күтүлбөгөн жүрүштөрдөн, өз ара соодалашуудан, келишимден турат да. Ага мен көп деле таң калган жокмун.

Анын үстүнө негизги күрөш төрт талапкердин ичинде жүрө турганы мурда эле айтылып келген. Буларды эске алганда мара жакындаган сайын ресурсу күчтүү, мүмкүнчүлүгү бар, өзүнүн социалдык базасы чың адамдардын тегерегинде топтолуулар боло берет. Менимче, 10-октябрга чейин чыныгы абал айкын болуп калат.

"Азаттык": Талапкерлердин теледебаттары дагы башталганы турат. Буга чейин кээ бир талапкерлер башкалар менен биригип жатканын айтышкан. Эмне үчүн Ташиевге окшоп расмий талапкерлигин албай жатышат же башка дагы жолу барбы?

Темир Сариевден бир катар саясатчылар анын башында Элмира Ибраимова кетип калды. Мындай аракеттер Темир Сариевдин мүмкүнчүлүктөрүн, анын эл арасындагы колдоосун кандайдыр бир деңгээлде чектеп, азайтат.

Абдыганы Эркебаев: Албетте алдын ала эле өзүн кайсы бир кызматта көргүсү келген же соодалашкысы келгендер болгон. Аны саясатчылар байкаган, ММК да жазып жатты.

Менимче кээде атын чыгаруу үчүн эле президенттик жарышка кошулгандар бар, кээ бирөөлөр өзүн сыноо үчүн шайлоого аттанат. Нукура жөндөмү, базасы жана мүмкүнчүлүгү барлар акырына чейин барат.

Бул жагынан алганда мени кечээ болгон окуя кичине өкүндүрдү. Темир Сариевден бир катар саясатчылар анын башында Элмира Ибраимова кетип калды. Биз маалында алар менен чогуу болгонбуз. Экинчи жагынан бул ар кимдин жеке тандоосу дечи. Бирок мындай аракеттер Темир Сариевдин мүмкүнчүлүктөрүн, анын эл арасындагы колдоосун кандайдыр бир деңгээлде чектеп, азайтат.

"Азаттык": Ишемби күнү “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы БШК мүчөлөрү менен жолугуп, шайлоо технологияларын да сындан өткөрдүңөр. Бюллетендеги фамилиялардын жайгашуусу боюнча дагы суроолорду берсеңиздер керек. Эгер талапкердин фамилиясы чийилген болсо бул автоматтык урнанын эсептөөсүнө таасир этпейт бекен?

Абдыганы Эркебаев: Тилекке каршы БШК менен жолукканда бул суроолорду бербей калыптырбыз. Бирок биз келе жаткан шайлоону калыс жана так өткөрүү боюнча сөзсүз көз карандысыз чет өлкөлүк уюмдарды катыштырабыз деп келиштик. Айрыкча серверди көзөмөлдөө жана анын кылдаттыгы жагына баа берели деп жатабыз. Эгер шайлоодон баш тарткан талапкерлердин аты-жөнү бюллетенден чийиле турган болсо, ал жагын дагы көзөмөлгө алышыбыз керек.

Биз БШК мүчөлөрү менен бир нече ирет жолугууну пландап жатабыз. Ошондуктан берчү суроолорбуз алдыда.

"Акыйкат шайлоо үчүн кыймылынын" БШК мүчөлөрү менен жолгушуусу. 23-сентябрь.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG