Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Ош: Биометрика жабдуусу штабдан чыкты


Ошто президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында жарандардын биометрикалык маалыматы чогултулуп жатканы айтылууда.

“Азаттык” радиосунун Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков шаар жакасындагы Шейит-Төбө участогунун Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан штабда биометрикалык маалымат чогултулуп жатканына өзү күбө болгонун билдирди.

Интервью үчүн штабга барып ал ондогон адамдар кезекте турганын байкаган. Имараттын ичине кирген учурда Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү биометрикалык жабдуу турганын көргөн.

Бул боюнча комментарий алууга аракеттенгенде жабдууну иштетип жаткан адамдар эч кандай түшүндүрмө бербей, иш орундарын таштап кетип калышкан.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Ринат Алиев биометрикалык маалымат чогултуучу жабдуу аймактык кеңештердин имаратында иштөө үчүн гана берилгенин, эмне үчүн Жээнбековдун штабына берилип кеткенинен кабары жоктугун айтты.

Талапкердин штабы жайгашкан Ош шаарынын №3 кварталдык комитетинин башчысы Нажип Эрбабаев башка имарат жок болгондуктан Жээнбековдун штабында биометрикалык маалымат чогултуу жүрүп жатканын билдирди.

Жээнбековдун Ош шаары боюнча штаб башчысы Жапар Ормонов бул маселе боюнча комментарий берген жок. “Азаттыктын” кабарчылары чалган учурда ал жыйында экенин айтып, сүйлөшүүдөн баш тартты.

Мамлекеттик каттоо кызматы буга чейин биометрикалык каттоодон өтө элек 800 миңдей адам президенттик шайлоодо добуш бербей каларын айткан. Ушундан улам аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарандардан биометрикалык маалымат чогултуу иштерин күчөткөнү кабарланган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Эки жылдан бери Кыргызстанда шайлоо жараяндары биометрикалык каттоонун негизинде жүрүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG