Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Камчыбек Ташиев чоң жарыштан чыкты


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Кыргызстанда президенттик шайлоо айланасында саясий жүрүштөр кызып жатат. Буга чейин оппозицияда жүргөн Камчыбек Ташиев бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековдун пайдасына талапкерлигин алып, президенттик жарыштан чыкты.

"Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин президенттик жарыштан баш тартканы боюнча маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы расмий ырастады. Комиссия төрайым орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, Ташиевден талапкерликти алуу боюнча арыз 25-сентябрда түшкөн:

- Камчыбек Ташиевдин аты-жөнү шайлоо бюллетенине кирип калган. Эми анын аты-жөнүн шайлоого үч күн калганда аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетенден кол менен чийип чыгышат.

"Биригүүлөр эми башталды"

Акыркы жети жылда оппозицияда жүргөн Камчыбек Ташиевдин бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековду колдой турганы өткөн аптада жарыяланган. Жалал-Абадда өткөн жолугушууда Ташиев мындай чечимди өлкөдөгү биримдикти сактоо максатында кабыл алганы менен түшүндүргөн эле.

Камчыбек Ташиев Жээнбеков менен бириккенге чейин Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев менен саясий альянс түзүп, шайлоого бир талапкер менен чыгарын жарыялашкан. Бирок бул келишим өз максатына жетпей Ташиев Жээнбеков менен биригерин, ал эми Төрөбаев Өмүрбек Бабановго кошуларын ачыкка чыгарды.

Саясат таануучу Марс Сариевдин баамында, шайлоого чейин бир катар биригүүлөр болушу мүмкүн:

- Бакыт Төрөбаев жакын арада Бабановдун пайдасына талапкерлигин алып салат деп ойлойм. Мадумаровду байкасаңар, кайсы жакка барарын ойлонуп жатат. Ал кайсы тараптан ыңгайлуу сунуш болот деп күтүп жаткандай. Ал эми Темир Сариев да арсар абалда турат. Ал шайлоонун аягына чейин барууга аракет кылат. Бирок финансылык маселелер жаралып жатат. Ошондуктан жаңы альянсты издеп жаткандай ага Бабанов да, Жээнбеков да кошулууга сунуштар менен кайрылып жатат окшойт.

Өмүрбек Бабанов менен тандем түзүп, премьер-министрлик кызматты ээлөөгө макул болгон Бакыт Төрөбаев качан талапкерлигин алары белгисиз. Төрөбаевдин штабынан бул боюнча комментарий беришкен жок. Бирок Бакыт Төрөбаев Коомдук канал бир тараптуу каралаган маалыматтарды таратып жатат деп, аталган каналдан акысыз берилчү эфирге чыгуудан баш тартып, башка талапкерлерди да ушундай кадамга барууга үндөдү. Саясий эксперттер Бакыт Төрөбаевдин бул кадамын шайлоодон баш тартуу ниети менен түшүндүрүшүүдө.

Мындан сырткары президенттикке талапкер Темир Сариев да бир катар саясий күчтөр менен биригүү боюнча консультациялар жүрүп жатканын билдирип келет. Буга чейин Сариевге Өмүрбек Бабанов жана Сооронбай Жээнбековдон сунуштар түшүп, бирок акыркы чечим кабыл алына электиги маалымдалган.

Штаб ичиндеги интригалар

Ал ортодо Сариевдин шайлоо штабын башкарып келген саясатчы Элмира Ибраимова бул кызматтан кеткенин жарыялады. Ибраимова өз билдирүүсүндө Сариев менен саясий позициясы дал келбей калгандыктан иштешүүдөн баш тартканын жазган.

Ибраимова мындан тышкары Сариевдин штабынан Аликбек Жекшенкулов, Бейшен Болотбеков, Шамшыбек Медетбеков, Рысбек Мирзаматов өңдүү саясатчылар да кеткенин кошумчалаган.

БШК буга чейин бюллетен даярдаганга чейин чечимиңерди айтып койгула деген чакырыгына көңүл бурбаганы талапкерлердин жоопкерчиликсиз мамилесинен кабар берет.

Темир Сариев болсо Ибраимованын чечимине Фейсбук аркылуу түшүндүрмө берип, "ал шайлоо алдындагы саясий кырдаалды башкача кабыл алганына байланыштуу кетти" деди. Ошондой эле Ибраимованын айтканын төгүндөп, ал атаган саясатчылар штабда иштебегенин билдирди.

Өмүрбек Бабановго ыктайт делген Элмира Ибраимованын Сариев менен позициясы дал келбей калышын "Ак Шумкардын" лидери бийлик талапкерине оодубу деген суроолорду жаратты. Бирок Темир Сариевдин штабынан кеңешүүлөр жүргөнү менен, кайсы бир талапкерге кошулуу боюнча азырынча сөз жок экенин билдиришти.

Бюллетен убарасы

Шайлоо мыйзамына ылайык, 10-сентябрда президенттикке талапкерлердин расмий тизмеси бекитилип, бюллетендер даярдала баштаган. Ага 13 талапкердин аты-жөнү киргизилген. Эми шайлоодон четтеген талапкерлердин аты-жөнү шайлоого үч күн калганда бюллетенден кол менен сызылат.

БШК бюллетен даярдалганга чейин талапкерлерге кайрылып, жарыштан баш тартуу ниети болсо ал тууралуу эртерээк кабарлоону өтүнгөн эле. Ал учурда талапкерлер бул тууралуу билдирген эмес.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

"Демократия жана жарандык коом" үчүн коалициясынын мүчөсү Динара Ошурахунова талапкерлер бул маселеге жоопкерчиликтүү мамиле жасашы зарыл болчу деген пикирде:

- Бул президенттикке талапкерлердин этикасы, мамлекети жөнүндө ойлонуп жатабы деген суроого жооп болот. Себеби БШК буга чейин бюллетен даярдап жатабыз, ага чейин өз чечимиңерди айтып койгула деген чакырыгына көңүл бурбаганы талапкерлердин деңгээлинен жана жоопкерчиликсиз мамилесинен кабар берет. Эми бюллетенди кайра деле жасаса болот. Бирок ага канча каражат кетет! Экинчиден, ишенимге доо кетет. Эми аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү отуруп алып, шайлоодон четтеген талапкерлердин аты-жөнүн чийип чыгат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Шайлоого 50дөн ашык адам талапкерлигин коюп, мыйзам талаптарына жооп берди делген 13 жаранды БШК расмий каттаган. Учурда өлкө аймагында үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG