Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Жанар Акаев: "Акыйкат шайлоо үчүн" тынч жыйыныбыз сөзсүз өтөт


Жанар Акаев
Жанар Акаев

Бишкекте 30-сентябрда «Акыйкат шайлоо үчүн” тынчтык жыйыны өтөт. Анын уюштуруучуларынын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен бул күнү жөө жүрүш уюштурууга тыюу салынды, бирок акцияга уруксат берилди.

“24-март” сейил багын, анын жанындагы Ботаникалык бактан сураган жерлерибизге сот дагы, милиция, шаар бийлиги да уруксат берди” дейт Акаев.

Акция Ахунбаев жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт. Ага Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер катышканы жатат.

Уюштуруучулар өлкө келечегине кайдыгер карабай, президенттик шайлоо акыйкат өтүшүн каалап, административдик ресурс колдонулушуна караманча каршы экенин билдирип жатышат. Алардын белгилешинче, “бийликтин элдин эркин бурмалап, зордук, күч менен добуштарды топтоосу мыйзамсыз”.

Депутат Акаев бул маселени бүгүн парламенттин БШК жана өкмөт өкүлдөрү катышкан жалпы жыйынында да көтөрүп:

- Биз элди көп кыдырабыз. Шайлоодо административдик ресурс колдонулган жок деп айткан адам жалганчы. Элде кыжырдануу күндөн күнгө өсүп жатат, - деп белгиледи.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова административдик ресурска байланыштуу арыздар бар экенин, териштирүү жүрүп жатканын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-сентябрда Токмок шаарында эл менен жолугушууда сүйлөп жатып “шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, өкмөт менен БШК административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууларга жол бербей турганын” белгилеген.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG