Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Жарандык коом шайлоодогу басымга каршы


Акыйкат шайлоону талап кылган акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

Акыйкат шайлоону талап кылган акция өттү

Бишкекте жаш саясатчылар, жарандык активисттер демилгелеген  “Акыйкат шайлоо үчүн!” аттуу митинг өттү.

Бишкектин Шабдан баатыр-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 24-март гүлбагында өткөн митингдин катышуучулары шайлоочуларды административдик ресурстарга, добуш сатып алууларга каршы турууга, көз карандысыз добуш берүүгө чакырышты.

Миңге чукул адамдын катышуусунда өткөн бул акцияга Октябрь райондук милициясы көз салды.

"Акыйкат шайлоо үчүн!” деп аталган митинг эки саатка созулду. Уюштуруучулар мурда ушул ураан алдында Түштүк дарбазадан "24-март" скверине чейин жөө басууну максат кылышкан. Өткөн аптада Бишкектин Октябрь райондук соту жөө жүрүш уюштурууга тыюу салып, акцияны Ботаникалык бакта өткөрүүгө уруксат берген.

Акцияга келгендердин катарында Болот Шер, Эмилбек Каптагаев, Наталья Никитенко, Канат Исаев, Азиза Абдирасулова, Нарын Айып, Эдил Байсалов баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер болушту.

Уюштуруучулардын бири, парламент депутаты Жанар Акаев митингдин башкы максаты тууралуу буларды айтты:

- Үгүт өнөктүгүбүз кайсы бир талапкерге эмес акыйкат шайлоо өтсүн, добуштарыбызды уурдабагыла, добуштарыбызды сатып алууга жол жок деген мааниде өтөт. Ошондуктан баарыбыз туура түшүнүп, бизди колдогон жүздөгөн жаштар, силерди да чакырам. Биз милиция кызматкерлеринин коштоосунда жүрүшүбүздү баштайбыз.

Митингде сүйлөгөндөр өлкө келечегине кайдыгер карабай, президенттик шайлоо акыйкат өтсүн деген талап коюп, административдик ресурс колдонулушуна караманча каршы экенин билдиришти.

Алгачкылардан болуп сүйлөгөн БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоочунун купуя добуш берүү укугун эске салып, эч ким шайлоочунун кимге добуш бергенин аныктай албайт деп билдирди:

- Силер урнага барганда ал жерде шайлоо участкасынын мүчөлөрү отурбашы керек. Милиция кызматкерлери да оолак болушу керек. Урна кайсы бюллетень кайсы адамга таандык экенин көрбөйт. Урнада эч кандай камера жок. Урнага түшкөндөн кийин ага башка бюллетендер менен аралашат. Ошондуктан аким, губернатор же директор болобу, силердин добушуңарды текшерип алабыз десе, бул калп. Эч ким силердин добушуңарды билбейт, кийин аркаңардан барып коркута да албайт.

"Акыйкат шайлоо үчүн!" акциясына Ош шаарынан келген жаш активисттердин бири, Ош шаарынын жаштар коомунун төрайымы Орозайым Нарматова административдик ресурс көп болуп жатат деп билдирди:

- Административдик ресурсту колдонуу түштүктө, айрыкча Ош шаарында басымдуу болуп жатат. Аны биз интернет булактардан, социалдык тармактардан көрүп жатабыз. Менталитетке байланыштуу студенттер улууларга каршы сөз айта албай корккон учурлар аябай көп.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-сентябрда Токмок шаарында эл менен жолугушуп жатып шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, өкмөт менен БШК административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууларга жол бербей турганын белгилеген.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова соттун мындай чечимин мыйзамсыз деп атады:

- Бул туура эмес. Мен саясатчы эмесмин. Мен укук коргоочумун. Биз Аксы окуясынан кийин митинг өткөрүүнү уруксат алуу жолу менен эмес жөн гана маалымдоо аркылуу өткөрүүгө болот деген мыйзам кабыл алганбыз. Ал мыйзамды бүгүнкү соттор жокко чыгарып олтурат.

Акциянын катышуучуларынын бири Эмилбек Каптагаев сөз сүйлөп жатып, шайлоо өтө турган күн бийлик элдин колунда экенин ырастоочу күн экенин белгиледи.

- Бүгүн бул жерге Роза Исаковна өзү келип, сөз сүйлөйм деди эле, бирок ооруп калганына байланыштуу чыга албай калып, сиздерден кечирим сурады. Ал силерди колдорун, силердин талап менен тилектеш экенин билдирип коюуну менден суранды. Урматтуу жаштар, бул шайлоо элдин бийлигин көрсөтүүчү, эл бийлей турган күн. Ушул күндү уурдатуу – элдин бийлигин уурдатуу.

Биринчи Май райондук соту мурдараак ИИМдин демилгеси менен 1-августтан 20-октябрга чейин соттордун, министрликтердин, мекемелердин, БШКнын, Жогорку Кеңештин имараттарынын алдында акцияларды уюштурууга убактылуу чектөө киргизген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG